Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:50

Пакистан: зилзаладан жабыркагандар жардамга муктаж


Пакистандын түштүк батышындагы зилзала курмандыктарынын саны расмий эсеп боюнча 350дөн ашты, дагы 600дөй киши жаракат алды. Жаратылыш кырсыгы болгон жерден түшкөн кабарларга караганда, ач-жылаңач калган миңдеген адамдар сууга, тамак-ашка чукулунан муктаж болуп турат. Жардам жеткирүү ишин алыскы аймактын катаал географиялык шарты жана согушкерлер кыйындатууда.

Пакистандын үч күн мурдагы (24-сентябрь) зилзалага кабылган райондору менен кыштактары өлкөнүн эң ири, бирок калк аз жашаган Белучистан провинциясында жайгашкан.

Зилзаладан эң көп жабыр тарткан Аваран районунда кыштактар урандыга айланып, кыйраган турак үйлөр жерге теңелип калды. Болгону бул жакыр райондо темир бетондон салынган имараттар гана зилзалага туруштук бере алган.

“Азаттык” радиосунун Пакистан кызматы - "Машал" радиосунун кабарчылары сателлит телефон аркылуу байланыша алган Мирал - жергиликтүү бийликтин кызматкери. Анын айтымында, зилзаладан аман калып, үй-жайынан кол жуугандар түндү ачык асман алдында өткөрүшүүдө.

- Менин жээним өлдү, үйүм толугу менен талкаланды. Биз жок дегенде балдарыбыз отуруш үчүн бир үзүм пластик да табалбай жатабыз. Эч нерсе калган эмес. Караңгыда, суусуз, тамак-ашсыз, төшөнчүсүз отурабыз.

Зилзала болгон аймакта эң башкысы суу тартыш экен. Медициналык жайлар да аз. Болгон оорукана, бейтапканаларда дарыгерлер, дары-дармек жетишпейт.

Жер титирөөдөн кийинки кыйракандан бир көрүнүш.
Жер титирөөдөн кийинки кыйракандан бир көрүнүш.
Аваран районундагы Балатхи деген айылдын тургуну Мухаммад Риаздын айтымында, кыштактын 15 жашоочусун урандылар басып калган, 50 чактысы зилзалада жарадар болушту. Ал эми аман калгандар көзүнөн азыр тамак-аш өтүп турат:

- Бизде сууда, азык-түлүк да жок. Бир нерсе табыш кыйын. Үйлөр, дүкөндөр талкаланган. Адамдардын акчасы да жок.

Зилзала болгон жерден түшкөн кабарларга караганда, аман калгандар үйлөр менен дүкөндөрдүн урандылары астынан азык-түлүк жана суу издешүүдө.

Ал эми Пакистан бийликтеринин жардам жеткирүү аракети жер-шартынын татаалдыгынан жана жикчил согушкерлердин коркунучунан улам кечеңдөөдө.

26-сентябрда Аваран районуна бир миңдей куткаруучу менен жоокер жетүүгө аракеттеништи. Бирок алардын аскерий командирлер жана өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар мекемесинин жетекчиси түшкөн тик учагын согушкерлер ракета менен атышып, ал капыстан тийбей калган.

Ошол эле райондон кол салууга дарыгерлердин тобу да кабылышкан. Жергиликтүү социалдык кызматкер Захид Балоч "Машал" радиосуна курмандыктардын саны расмий эсептен көбөйүшү мүмкүндүгүн айтты:

- Мен адамдардан алып жаткан маалыматтарга караганда, курмандыктардын саны бир миңдин тегерегинде. Алардын саны мындан да көбөйүп кетиши мүмкүн. Анткени жаракат алгандар арасында абалы кыйла оорлор да бар.

Аваран районундагы жергиликтүү коллеждин директору Ахмад Хусеин зилзаланын кесепети калкы аз, бирок алыскы райондон дээрлик ар бир тургунуна тийгенин белгилейт:

- Ар кайсы кыштактарда талкалануулар көп. Ылай үйлөрдүн баары урап калган. Жергиликтүү жана мамлекеттик уюмдар куткаруу иштери менен алектенүүдө. Бирок адамдар алигиче талаптагыдай жардам алыша элек. Алар сууга, азык-түлүккө жетүү үчүн жан далбастап жатышат.

26-сентябрда Аваран районунун жүздөй тургуну райондук акимчилик алдына нааразылык билдирип келишкен.

Пакистандын чукул кырдаалдар боюнча агенттиги Белучистанга 5000 даана чатыр жөнөткөнүн, 7000 мүшөк тамак-аш даярдап жатканын маалымдады.

Зилзаладан Аваран айланасындагы Хуздар, Кич, Харан, Гуадар, Панжгур райондорунда турак жайлар кыйрап, байланыш зымдары үзүлгөн. Жалпысынан 300 миңдей киши жабыр тартса, алардын 100 миңдейи турак жайынан айрылганы айтылууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG