Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

Пакистан президенти НАТО саммитине чакырууну кабыл алды


Президент Асиф Али Зардари 20-21-майдагы саммитке катышууну мерчемдеп жатканын Пакистандын АКШдагы элчилигинин басма сөз өкүлү Надим Хотиана кечээ билдирди.

Мунун алдында НАТО Пакистанды ушул апта соңунда Чикагодо өтүүчү саммитке чакырганын ырастап, альянс менен алакасы бузулган Исламабад бул жогорку деңгээлдеги жыйындан сыртта калуусу мүмкүн деген ушак айыңдарга чекит койгон эле.

НАТО менен Пакистандын мамилеси былтыр ноябрда, НАТОнун согушкерлерге каршы делген аба соккусу пакистандык 24 жоокерди мерт кылгандан кийин бузулган.

Пакистан президенти НАТО саммитине барары жөнүндөгү маалымат өлкө бийликтери Исламабадда альянстын Ооганстанга багытталган жүктөрү үчүн чек араларды кайра ачуу керекпи деген маселени талкуулаган учурга туш келди.

Пакистан өз чек арасын НАТОнун жүктөрү үчүн ноябрдагы кандуу окуядан кийин жаап койгон.

НАТО аскерлеринин Ооганстандан баскыч-баскыч менен чыгуусу жана коопсуздук үчүн жоопкерчиликти оогандардын өзүнө өткөрүп берүү Чикаго саммитинин башкы маселеси болору күтүлүүдө.

Буга чейин жарыялангандай, НАТО аскерлери Ооганстандан 2014-жылдын аягына чейин кетүүсү керек. (UE)

XS
SM
MD
LG