Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Пакистанда 14 жаштагы блоггер кызга кол салынды


Малала Юсафзай азыр оор абалда ооруканада
Малала Юсафзай азыр оор абалда ооруканада

Пакистандын Сват өрөөнүндө талип жоочуларынан башына ок жеген 14 жаштагы кызга операция ийгиликтүү жасалды.

Анткен менен дарыгерлер кыздардын укугун коргоочу жана блоггер катары таанылган Малала Юсафзайдын абалы оор бойдон калып жатканын билдирүүдө.

Кыздардын укугун коргойм деп башына ок жеди

14-жаштагы активист кыз Малала күндөгүдөй эле достору менен бейкапар мектептен чыгып автобуска отурганда, күтүүсүз эле сакалчан бирөө келип «араңарда Малала Юсафзай деген кыз ким?»,-деп сурайт.

Малаланы досу сөөмөйү менен көргөзөөр замат сакалчан киши аны башына аткан. Заматта ооруканага жеткирилген өспүрүмдүн өмүрүн дарыгерлер сактап калышты. Малалага кол салуу болоор замат окуяга пакистандыктардын көпчүлүгү нааразы болуп, жүздөгөн адамдар көчөгө чыгышты.

Эр-жүрөк блогчу

Малала Юсафзай 2009-жылы талиптердин башкаруусу алдындагы жашоону Би-Би-Си радиосунун сайтына урду тилинде жазып чыккандан кийин белгилүү боло баштаган. Ал убакта Пакистандын Сват өрөөнүн талиптер көзөмөлдөчү, кийин армия аймакты өкмөттүн карамагына өткөргөн.

Ал өзүнүн биринчи блогун 11 жашында жазган. Андан соң Сватты талиптер басып алгандан кийин кыздар үчүн мектептерди таптакыр жаап салышкан. Малала муну талиптер караңгылыкка алып баратат деп каймана ат менен дагы блог жазган болчу. Ашынган исламчылар өрөөндөн кууп чыгарылгандан кийин гана анын аты ачыкка чыккан. Юсафзайга эр жүрөктүгү үчүн улуттук сыйлык ыйгарылып, 2011-жылы Эл аралык балдар сыйлыгын да алган.

Ал өзү окуган мектепти талиптер жаап салгандан кийин блогунда минтип жазган эле: «Бүгүн биздин мектептеги акыркы күнүбүз, бирок мен кийин мектеп кайра иштеп баштайт деп ишенем. Анткен менен мектептин имаратына биротоло кош айтышкандай карадым»,- деп эскерген.

Малала Юсафзай адвокат же саясатчы болгусу келгенин көп айтчу. Ага болгон кол салуудан кийин Пакистандын үлкөн саясатчылары жана коомдук ишмерлер бул окуяны катуу айыпташты. Президент Асиф Али Зардари бул окуядан кийин да исламчы-жоочулар менен күрөш дагы күчөй турганын билдирди.

Өлкөнүн премьер-министри Раджа Первез Ашраф болсо, «Малала баарыбыз үчүн өзүбүздүн эле кызыбыздай сезилет», - деди өз кайрылуусунда. Пакистандагы адам укугун коргоочу уюмдун жетекчиси Камила Хайят «Бул кол салуу талиптерге каяша айтпагыла дегендей маанини туюндурат. Муну уюштургандар бизди караңгылыкта жашаткысы келет»,- деп билдирүү таратты.

Шариятта аямай жок!

Кол салууну дароо эле "Техрик-и Талибан" уюму мойнуна алып, 14 жаштагы кыз исламды жана шариятты жаманатты кылган маалымат таратканы үчүн өлтүрүүнү чечтик деп билдиришти. Талиптер можахеддерге каршы иш жасагандар аял же жаш кыз экенине карабай өлтүрүлүшү керектиги шариятта айтылганын белгилешкен.

2009-жылы Сват өрөөнүн таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон талиптер, бул аймакта чанда гана террор уюштурчу, - деп жазды "Вашингтон пост" гезити. Андан кийин Сватка өкмөт бир топ каражат жумшап, туристтик аймакка айлантууну көздөгөн. Аймакта ар жыл сайын фестиваль, көргөзмөлөр уюштурулуп турат. Бирок талиптер бул өрөөндү өз көзөмөлүнө алууга дале кызыкдар.

Исламабаддагы илим жана технология университетинин профессору Хуссейн Надим 2010-жылы колго түшкөн үч талип менен сүйлөшүп чыккандан кийин, аларга таптакыр билим жетишпейт экен деп айткан. Профессор өзгөчө Пакистан менен Ооганстан чектешкен аймактарда төрөлгөн балдар талиптердин гана тарбиясын алып, мектептерге барганга мүмкүнчүлүгү жок экенин айткан.

- Мечиттердин алдындагы медреселерде гана билим алгандар, керек болсо телевизор, радиону өмүрү угуп-көрбөй, талиптердин гана маалыматына сугарылгандар түз эле курал кармап, жоочу болуп кетишет. Алар дүйнөнү башкача элестетип да көргөн эмес, - деди профессор Надим.

Эми дал ошондой талиптердин кезектеги курмандыгы билим алууга ынтызарлыгын билдирип, блог жазган 14 жаштагы активист кыз Малала Юсафзай болду.
Шаршембиде Пешавар шаарында 14 жаштагы кызды колдогон митинг өттү:

Пакистан: 14 жаштагы кызды коргоо митинги
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:37 0:00
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG