Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:54

Талиптер таасирдүү саясатчыны өлтүрүштү


22-декабрда Пакистанда орун алган жардыруудан набыт болгондордун саны 9 кишиге жетти.

Жанкечти бомбасын Хибер Паштунква чөлкөмүн башкарган "Авами" улуттук партиясынын курултайы өтүп жаткан кезде жардырган.

Өлгөндөрдүн арасында аймактык өкмөттүн министри Башир Билур да бар. Айрым маалыматтарга караганда, кол салуунун бутасы дал ошол саясатчы болчу.

"Башир Билурду алып келишкенде, абалы өтө оор болчу. Дем ала албай калыптыр. Жүрөгү сокпой токтоп калды, кан басымын өлчөө мүмкүн эмес эле. Аябай оор абалда болчу. Жардыруудан Билур менен кошо 9 киши өлдү, 17 киши жараат алды. Үчөөнүн абалы оор", - деп айтып берди жергиликтүү оорукананын доктуру Аршад Жавед "Машал" үналгысына.

Башир Билур
Башир Билур
Жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө Пакистандагы "Талибан" кыймылы алды. Алардын өкүлү билдиргендей, жанкечтилерден турган топ “секулярчыл жана анти-исламчыл” саясатчыларды жок кылууну көздөйт.

Пакистан премьер-министри Ража Первез Ашраф маркум министрдин эрдигин жана ишин жогору баалады:

- Билурдун эрдигине, ишке берилгендигине сыймыктанабыз. Хибер Паштунква чөлкөмүнүн башкы министрине телефон чалып, бүтүндөй элдин атынан тилектештигибизди билдирдим. Чөлкөм өкмөтүнүн терроризмге каршы күрөшү сыймыктандырат. Федералдык бийлик ар дайым аларга эмне керек болсо, жардам берүүгө даяр.

Ашрафтын буйругу менен жекшембиде Пакистанда аза күтү күнү жарыяланды.
Президент Асиф Али Зардари да министрдин өлүмүн “улут үчүн чоң жоготуу” деп сыпаттады.

69 жаштагы министр "Авами" партиясынын лидери болчу. Секулярдык көз карашты карманган партия аймакты бир жылдан бери жетектеп келаткан жана исламчыл согушкерлерге каршы туруму менен таанылган.

XS
SM
MD
LG