Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Швецияда өткөн Klippan Lady Open эл аралык турниринде экинчи орунду алды. Мелдештин расмий сайтындагы кабарга ылайык, Тыныбекова 58 кг салмакта финалда орусиялык Валерия Коблова менен беттешмек, бирок алган жараатынан улам беттешке чыгуудан баш тарткан.
Клиппан шаарында 17-19-февраль күндөрү өткөн турнирде кыздар 48, 53, 55, 58, 60, 63, 69 жана 75 кг салмакта күч сынашышты.
Айсулуудан тышкары, кыргызстандыктардан Айпери Медет кызы (75 кг) бешинчи, Мээрим Жуманазарова (63 кг) жетинчи, Нураида Анаркулова (56 кг) тогузунчу, Айсалкын Кожомкул кызы (48 кг) он төртүнчү, Назира Марсбек кызы (53 кг) он алтынчы орунду ээлешти.