Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54
Биздин тарых

Бухенвальддагы элестер

Германиядагы Бухенвальд концентрациялык лагери 1937-жылы нацисстик бийлик тарабынан курулуп, алгачкы жылдары оппозиция, жөөттөр жана сексуалдык азчылыктар отурган түрмө болгон.

Экинчи Дүйнөлүк согуштун башталышы менен абакка туткунга түшкөн жоокерлер алынып келинип, адам чыдагыс шарттарда күн көрүп, көпчүлүгү ырайымсыз кыйноо менен өлтүрүлгөн.

Германиядагы эң чоң концлагерде 250 миңдей туткун кармалып, 60 миңдей киши жарыкчылык менен кош айтышкан.

1945-жылдан кийин бул жер Советтер Союзу тарабынан атайын түрмө катары колдонулуп, жети миңдей киши өлтүрүлгөн. 1950-жылдардан тарта "Бухенвальд" мемориалдык комплекси коомчулукка ачык.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG