Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:08

Азамат Сыдыков музыка сүйүүчүлөргө белгилүү пианист. Эл аралык конкурстардын лауреаты.

Азыр Нью-Йорктогу Mannes College of Music консерваториясында окуйт. Ал Москвадагы П. И. Чайковский атындагы консерваторияны “артыкчылык диплому” менен бүткөн. Музыкант “Азаттык” менен АКШдагы окуусу, саясый окуяларга болгон мамилеси, Ата журтундагы маданияттын абалы жана башка маселелер боюнча ой бөлүштү.

Пианино менен Кыргызстанды сүрөгөндө

“Азаттык”:
Азамат, Нью-Йоркто жүргөгүңө бир жыл болуп калды. Бул аз мөөнөт эмес. Айта турган кандай ийгиликтериң бар?

Азамат Сыдыков: Нью-Йоркко жазында келип, Mannes College of Music деп аталган консерваторияга өтөм деп 150 ар кайсы өлкөлөрдөн келген пианист-абитуриенттер менен сынакка түшүп, толук стипендия жеңдим. Мындай стипендия болгону эки-үч пианистке гана берилди. Өзүңүз билесиз, АКШда билимдин баасы “астрономиялык суммалар” менен өлчөнөт. А стипендия мага бекер окууга мүмкүндүк берет.

Бул мезгилде жыйырмадай концертте ойнодум. Ноябрда белгилүү Стэйнвей Хол концерттик залында “Franz Liszt: Life in Music” аттуу фестивалда дебютум ийгиликтүү болду жана мага Натали Рисбек атындагы сыйлык ыйгарылды. Бириккен улуттар уюмунун штаб квартирасында Кыргызстандын Коопсуздук кеңешине талапкерлигин колдоп, 60 элчинин астында жеке концерт бердим. Скенектеди шаарында жана Түштүк Каролина штатындагы Kiawah Island деген шаарда жеке концерттерим болду.

Мындан тышкары көптөгөн концерттерге жана фестивалдарга катыштым. Бул жакшылыктын бардыгы тең мени апамдай жакшы көргөн адам - Американын эң белгилүү профессорлорунун бири Павлина Доковсканын ишеними жана сыйкырдуу сабактарынын арты менен болду.

“Азаттык”: Азамат, сен Москвадагы П. И. Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы музыкалык мектепти, анан консерваторияны бүттүң. Анан АКШга кеттиң. Экс-советтик элдер менен америкалыктардын классикалык музыкага болгон мамилеси кандай экенин жакшы эле байкасаң керек?

Азамат Сыдыков: Тактай кетейин. Мен 7- класска чейин Бишктеги Мукаш Абдраев атындагы мектепте окудум. Анан Москвада музыкалык орто мектепти бүтүп, Чайковский атындагы консерваторияда жогорку билим алдым, аспирантурага өттүм. Быйыл, буйруса, аспирантураны да бүтөм.

Америкада жана Орусияда музыка сүйүүчүлөр абдан көп. Орусияда көптөгөн социалдык-экономикалык кыйынчылыктарга карабастан чоң жылыштар болуп жатат. Менин оюмча, жакынкы болочокто, бул мамлекет дүйнөлүк музыканын базарына айланат. Региндорунда дүйнөлүк стандарттарга жооп берүүчү концерт залдары, опера-балет театрлары курулуп жатат. Мындай процесстер жөн эле боло бербейт. Залкар адамдардын ролу мындай учурларда өтө зор. Мисалы, дүйнөгө белгилүү дирижер Валерий Гергиев, атактуу Мариинский атындагы опера жана балет театрынын симфониялык оркестри менен Орусиянын кайсы шаарында концерт коюп кетсе, ошол жерде укмуштуудай концерттик комплекстер жаралып жатат.

Азыр Альберт Холл, Карнеги Холлдо ойноп жүргөн чет элдик жана орусиялык артисттер ошол эле Новосибирск, Тюмень, Казань, Екатеринбург шаарларын гастролдоп жүрүшөт. Себеби көптөгөн шаарларда өз оркестрлери түзүлүп, жаңы ысымдар үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр пайда болууда. Ошентип бүгүн Орусиянын провинциялары эл аралык борборлорго музыка магистралы менен байланышууда. Тарыхты карасак, Николай менен Антон Рубинштейндер Москва менен Петербург консерваторияларын уюштурушкан. Андан кийин орус музыка искусствосу бир кылымдан ашык убакытта жүздөгөн жылдар калыптанган Европанын музыкалык маданиятына теңелди.

Азамат Сыдыков Нью-Йорктогу Стэнвей концерттик залында, 2011-жыл

Азамат Сыдыков Нью-Йорктогу Стэнвей концерттик залында, 2011-жыл

Америка жөнүндө таң аткыча айта берсе түгөнгүс укмуштар көп. Кээ бир нерселер мени биринчи убакытта таң калтырды. Мисалы, дүйнөгө белгилүү Жуллиард консерваториясын бир нече жыл мурун реконструкциялоо үчүн бир миллиард доллар кетиптир. Ал акча карапайым элдин, корпорациялардын жана жеке демөөрчүлөрдүн күчү менен чогулуптур. Бул жалгыз эле мисал эмес. Атактуу жана дүйнөгө таанымал оркестрлер: Бостон, Чикаго, Нью-Йорк, Филадельфия, Сан-Франциско, Лос-Анжелестин симфония оркестрлери элдин сүйүүсү жана жардамы менен жашап келет. Ал эми мамлекеттин катышуусу символикалык гана. Айткылачы, мындай мыкты калкты, мындай өлкөнү ким жеңе алат?

Жаңылбай ийгиликке жетпейсиң...

“Азаттык”: Америкалыктар аты белгилүү, көп рекламаланган композиторлор менен аткаруучуларга көп көңүл бурушса керек, орустарчы?

Азамат Сыдыков: Азыр бул тенденция ар бир жерде бар. Биз базар экономикасыда жашап жатпайбызбы. Искусство да базар принциптери менен өнүгүүдө. Концерт уюштуруучу агенттиктер атактуу аткаруучулар менен көбүрөөк иштегиси келет. Алардын концерттерине билеттер да оңой сатылат. Бул чоң бизнес.

Заманыбыздын мындай көрүнүштөрүнө жеңил жана философиялык мамиле жасайм. Кайсы убакта болбосун чыгармачыл адам өз жолун табыш керек жана позитивдүү жашаш керек. Накта музыканы сүйгөн артист агент, сыйлык, карьера деген сөздөрдөн көз карандысыз болот. Мисалы, мени адам буту баспаган аралга рояль менен таштап салсанар, мен жыргап сүйгөн чыгармаларды ойноп жашай берем. Музыка эркиндик жана рахат. Ошону унутпаш керек.

“Азаттык”: Азамат, классиктерге мамилең кандай?

Азамат Сыдыков: Классиктерге мамилем жакшы. Алардын аттары эч качан өчпөйт. Мен азыркы мага замандаш композиторлорго боорум ооруйт. Таланттуу жаш композиторлор бүгүн кино жана популярдуу жанрлар менен иштешет. Анткени аларга адегенде театрлардан, оркестрлерден сунуш жок. Балким арабызда Моцартка окшогон залкар адамдар жүргөндүр…

“Азаттык”: Сен көптөгөн эл аралык сынактарга катышыптырсың жана дагы көп катышасың. Кээ бир белгилүү аткаруучулардын интервьюларын окусам сынактарга карата мамилелери анча жакшы эмес экен. Бул жөнүндө сенин пикириң кандай?

Азамат Сыдыков: Дүйнөдө жүздөгөн эл аралык сынактар бар. Сынактын жакшы да, жаман да жери бар. Жакшысы: өзүңдү көрсөткөнгө жана башкаларды көргөнгө жакшы мүмкүнчүлүк болот. Андан тышкары, белгилүү сахналарда ойногонго, атактуу профессорлор жана менеджерлер менен таанышканга жакшы. Бирок сынак-фестивалдардын жаман да жагы бар. Менин көптөгөн досторум байге утпай калып, моралдык травмага учурап, музыканы таштайм дегенге чейин барышкан. Рух-мүдөөсү сынгандар канча? Бул туура эмес. Ар бир артист өз баасын билиш керек. Мага америкалыктардын позициясы абдан жакын. Алар ар бир жасалган катага бактылуу, анткени катасыз ийгиликке жетпейсиң. Албетте сынактарга катышыш керек. Бирок эң коркунучтуу нерсе - бул сынактан-сынакка көчүп жүргөн музыкант болуп калуу мүмкүн. Канча музыканттар бир репертуар менен сынактарда жүрүшөт. Алар музыкант катары өсүшпөйт.

“Азаттык”: Эгер орто мектепти аяктаган жаштардын музыкалык сабатын салыштырып көрсөк, кыргыз жаштарынынын билимин кандай сыпаттамаксың?

Азамат Сыдыков: Негизи биздин мектеп жана университеттерибиздин билим сапаты төмөн. Менин миндеген ини-карындаштарым окубай, жайы-кышы базарда иштеп, башкалары алыста гастарбайтер болуп жүрүшөт. Ошон үчүн мен кантип аларды сыпаттай алам? Андан көрө аларга Кудайдан жакшылык тилейин. Бир убакыт келер: мамлекетибиз кемелине келип, маданиятка көңүл бурар.



Нью-Йорк менен Москванын айырмасы

“Азаттык”: Студентке талап Нью-Йорк, Москвада Бишкектегиден эмнеси менен айырмаланат?

Азамат Сыдыков: Менин ойумча, Бишкек жашоо үчүн сонун жер. Жогорку деңгээлдеги музыкалык окуу жайлары болсо, балким мен кетпейт элем. Москвада музыка билими дүйнө жүзү боюнча аябай күчтүү. Нью-Йорк дүйнөнүн борбору болгондон кийин, албетте, бул жерде жаш таланттар үчүн мүмкүнчүлүк миң эсе чоң. Бирок студент кезди бактылуу өткөрөм десеңер, албетте Нью-Йоркко эч бир шаар жетпейт.

“Азаттык”: Орусияда 12 жыл окуптурсуң. Азыр Америкада билим алуудасың. Москва консерваториясынын азыркы абалы кандай деп ойлойсуң? АКШ менен Орусиянын музыка билиминин айырмасы кандай экен?

Азамат Сыдыков: Менин байкашымча, Москва консерваториясы дүйнөдөгү фундаменталдуу музыкалык билим берүүчү эң мыкты окуу жайлардын бири. Бир ай мурун Москвага барып консерваторияда концерт койуп келдим. Досторум менен жолугуп, абалын сурадым. Чынын айтсам, жагдай оор. Мен дайыма биздин профессорлорубуздун энтузиазмине таң калам. Америкада профессорлордун жылдык айлыгы бийик. А биздин агайларыбыз сары чака алышса да лауреаттарды өстүрүп жатышат. Бул деген эрдик. Менин оюмча, Орусияда фортепиано, скрипка жана виолончель искусстволордун салты күчтүү.

Азамат Сыдыков профессор Павлина Доковска менен

Азамат Сыдыков профессор Павлина Доковска менен

Эми экинчи суроого өтсөм, Америкада гана эмес, жалпы дүйнөдө фортепиано искусствосу орус тилинде сүйлөйт. Мени окутуп жаткан профессор Павлина Доковскаянын мугалими улуу Генрих Нейгауздун студенти болгон. Мен бүгүн ошол эле улуу орус фортепиано искусствосунун канондору менен окуумду улантып жатам. Балтимор, Бостон, Нью Йорк жана башка шаарларды алсак, эң мыкты профессорлордун бардыгы Санкт-Петербург же Москва консерваториясынын бүтүрүүчүлөрү. Айырмасы геолокацияда эле окшойт.

Азаттык”: Кыргызстанда маданиятты көтөрүш үчүн эмне кылыш керек деп ойлойсуң?

Азамат Сыдыков: Абдан оор суроо. Улуу инсандарыбыздын интервьюларын окуп, ар кандай пикирлерди угам. Биздин өлкө маданият тармагын радикалдуу түрдө реформалаш керек. Реформа кылуу үчүн эл аралык мыкты илимпоздорду чакырып, терең изилдөө жүргүзүш зарыл. Ошонун негизинде гана айтсак болот, эмне кылыш экенин. Азырынча бул жыл сайын 700 миллион сом жеген суроо.

“Азаттык”: Эстрадалык музыка классикага караганда, а эстрадалык ырчылар - классиканы аткарган музыканттарга караганда бир кыйла популярдуу? Бул сени ойлонтпойбу?

Азамат Сыдыков: Мен өзүм музыка сүйүүчүмүн. Ар кандай музыка угам. Бирок сиз туура айттыңыз, эстрадалык жанрдагы ырчылар популярдуу деп. Эми ар бир адам өзүнө жаккан музыканы угат да. Мен ойлонбойм деле. Эгер кайсы бир эстрадалык ырчыга адамзат 327 жыл бою сыйынган Иоганн Себастьян Бахка окшоп сыйынса, ошондо балким ойлоном.

Саясатка искусство адамдары катышпаганда ким катышат?

“Азаттык”:
Сен бир ай мурун Москвага барып келдим деп айттың. Акыркы айларда Орусияда кызыктуу саясый жараяндар болууда. Адамдардын жарандык сезими ойгонуп, митингге чыккан эл көйбөйдү. Нааразылык кыймылынын алдыңкы катарында Орусиянын белгилүү жазуучулары, актерлору, режессерлору жана музыканттары жүрөт. Сенин оюңча, чыгармачыл адам саясатта катышыш керекпи?

Азамат Сыдыков: Албетте Орусияда болуп жаткан процесстерди кылдат карап жатам. Бүгүн Орусия коомунда тектоникалык процесстер болууда. Коомдук талкуунун температурасы укмуштай жогору. Жада калса орус чиркөөсү да дискуссияга тартылган. Саясатка белгилүү инсандар катышпаганда ким катышыш керек? Ар бир өлкөнүн атын спорт жана искусство адамдары чыгарат. Анан алар чекеде туруш керекпи? Мен демонстрацияга катышып жаткан чыгармачыл адамдардын позициясын колдойм. Алардын бири, таланттуу пианист Михаил Аркадьев бүгүн аябай активдүү. Кыргызстандын искусство адамдары да социалдык жашоодо, укук коргоо тармагында активдүү болуш керек деп ойлойм. Антпесе, бизди базарчы-соодагерлер башкара берет.

“Азаттык”: Азамат, сен июндагы калабадан кийинки Ошто соопкерчилик концертин бердиң. Элдин ой-пикирлерин уктуң. Кыргыздар менен сүйлөшкөндө көп адамдар классикалык музыканы түшүнбөйбүз дешет. А иш жүзүндө кандай экен?

Азамат Сыдыков: 2010-жыл абдан кандуу болду. Кыргызстандын канчалаган жарандары курман болду. Ош шаарындагы болгон окуя мени абдан өзгөрттү. Мен 11-июнь күнү Бишкекке 7-апрелде курман болгон туугандарыма арнап филармониянын чон залында америкалык дирижер менен концерт-реквием берип жаткам. Жай бою элибиздин биримдигине суктанып, алардын түштүккө азык-түлүк, төшөк жиберип жатканын көрүп, менде Ошко барам, концерт берем, элдин рухун көтөрөм деген ой пайда болду. Ширин Айтматова экөөбүз долбоор түзүп, АКШ элчисине жибердик. Алар эртеси күнү эле колдойбуз деп чалышты.

Ошентип 6-сентябрда Асанкан Жумахматов атындагы оркестр, баарыбыз 70 киши 2 самолет менен Ошту көздөй учтук. Бул концертти мен дайыма эстейм. Кыргыз драма театры элге жык толду. Ошол эле бири-бирине кол көтөрүшкөн кыргыз-өзбек татынакай болуп, Лист, Чайковский, Вагнердин музыкаларын угушуп, үйлөрүнө маанайы көтөрүлүп, бактылуу тарап кетишти.

Айтып кетээрим, биздин оркестрдеги музыканттардын баатырдыгы, граждандык позициясы. Мамлекеттик коопсуздук кызматы, милиция силердин коопсуздугуңарга 100 пайыз кепилдик бере албайбыз десе да, музыканттардын "жок, биз барышыбыз керек” дегени, бийик руху мени өзгөчө таң калтырды. Көптөгөн оштуктар “каран түн башыбызга түшкөндө, сиз келдиңиз эле” дешип, Фейсбук аркылуу дайыма жылуу сөздөрдү, рахматтарын жазып турушат.

“Азаттык”: Болочокто да ушундай соопкерчилик концерттерин уланта бересиңби?

Азамат Сыдыков: Ооба, албетте, мен дайыма даярмын. Пландарым абдан көп. Азыр жаңы чон репертуар даярдап жатам. Кудай ден соолук жана илхам берсе, калганы менин колумда.
Тасмада: Азамат Сыдыковдун Оштогу соопчулук концертинен. Сентябрь, 2010-жыл.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG