Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Орусия: авиакырсыктар тизмеси узарууда


Аэропорттон алыс узабай кулап түшкөн Як-42 учагы. Ярославл, 7-сентябрь.

Аэропорттон алыс узабай кулап түшкөн Як-42 учагы. Ярославл, 7-сентябрь.

Як-42 учагынын кырсыкка кабылышы Орусия менен постсоветтик өлкөлөрдөгү учактардын абалы тууралуу ойлонууга даги бир ирээт түрткү болду.

Алар оюнга учуп баратышкан...

Шаршемби күнү (7-сентябрь) Ярославлда Як-42 учагы “Туношна” аэропортунан эми асманга учканда кулап түштү. Анын ичинде Орусиянын белгилүү “Локомотив” хоккей клубунун мүчөлөрү бар болчу. Хоккейчилер Беларуска минскилик “Динамо” менен ойногону бараткан...

Учак кырсыгынан каза тапкан хоккейчилердин жакындары, 8-сентябрь.
Азыр набыт болгон 43 адамдын денеси табылганы кабарланууда. Баары болуп учактын бортунда 45 адам бар эле: 37 хоккейчи жана 8 экипаж мүчөсү.

2 адам тирүү калды: бортинженер Александр Сизов жана хоккейчи Александр Галимов. Учурда дарыгерлер спортчунун өмүрүн сактоо арекетин көрүшүүдө, абалы өтө оор.

Расмий маалымат боюнча, ушул жыл башынан бери эле Орусияда 15 учак кырсыкка учурап, кеминде 120 адам каза тапкан. Бул статистика кырсыкка учураган аскер учактарын жана тик учактарды камтыбайт.
3 жума мурун Орусиянын вице-премьер-министри Сергей Иванов транспорт боюнча комиссиянын иши учурунда 11-августка карата жарандык авиациядагы кырсыктар 2010-жылга салыштырмалуу 55 пайыза өскөнүн кабарлаган. Андан бери эле 3 авиакырсык катталды.

Жыйынтык бербеген божомолдор


Кулап түшкөн учак, 7-сентябрь.

Азырынча эки “кара жащик” тең табылганы кабарланды. Кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Учурда 3 себеп божомол катары айтылууда: техниканын иштебей калышы, учакты башкаруудагы жаңылыштык жана учактын сапатсыз күйүүчү май менен камсыздалышы.

Орусиянын башкы прокуратурасынын өкүлү Марина Гриднева, башкыр прокурор Юрий Чайка кырсыкка кабылган учактын ээси “Як Сервис” компаниясын текшерүүгө буйрук бергенин айтты.

Эскилиги жеткен авиапарк

Кооптуу учактар көйгөйү бир гана Орусияга эмес, жалпы постсоветтик өлкөлөргө тиешелүү.

Кыргызстандагы авиа ишканалары ассоциациясынын төрагасы Таалайбек Окенов "Азаттыктагы" маегинде кырсыктардын көп болушунун себептерин чечмелеп берди.

- Орусиядагы паркты өтө эски деп айта албайм, бирок акыркы убакта Совет доорунда чыккан учактар менен каргашалуу окуялар абдан көп болуп атат. Жаңы учактар көптөн бери чыгарылбай жатат, анын бөлүкчөлөрү жок. Эскирип, кырсыктар көп болуп жатат.

Кыргызстандагы жарандык авиация департаментинин атын атагысы келбеген кызматкери болсо Як-42нин кулашы – бул учактардын техникалык жактан жаман акыбалда экенинин чоң көрсөткүчү экенин жашырбайт.

- Эскилиги жеткен учактардын баары бир учуп жатышы - бул паракорлук. Акча табыш үчүн көздү жумуп учура беришет.

Кыргызстанда абал кандай?

Жарандык авиация тармагындагы адис Кыргызстанда да абал өтө оор экенин, бирок акыркы үч жыл ичинде жакшы жылыштар бардыгын билдирди. Буга Европа Биримдигинин кара тизмеси түрткү болгон. Ошондон бери өкмөттүн токтому менен 25-30 жылдан бери иштеп келаткан учактар Кыргызстанда каттоодон өтө алышпайт.

Кыргызстанда да 2008-жылдын 24-августунда "Итек-Эйр" компаниясына тиешелүү Боинг учагы "Манас" аба майданынан көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулап түшкөн эле.


Бул маалыматты Таалайбек Окенов да тастыктап берди.
Кыргызстанда катталган Як-42 учагы жок, бирок Як-40 дагы деле учат. Як-40тын айырмасы, ал Як-42 учагына салыштырмалуу кичинекей.

Коопсуздук кимге жана эмнеге көз каранды, Кыргызстанда коопсуздук эрежелери сакталуудабы? Бул тууралуу Кыргызстандагы авиа ишканаларынын ассоциациясынын төрагасы Таалайбек Океновдон кененирээк уксак.

- Акыркы 2 жылда Кыргызстанга 5-6 жаңы учак келди. Бул абдан жакшы. Бирок биздин парктын көпчүлүк бөлүгүн ошол совет доорунда даярдалган эски учактар ээлейт. Жүк ташуучу Ил-18, Кыргызстандын ичинде учкан Ан-24.

- Канча эски самолет бар?

- Ан-24төн 4-5 учак бар, Ил-18ден да ошончо болуш керек, так билбейм. Ан-24 учактарын Кыргызстанда 2012-жылга чейин колдонууга уруксат бар, андан ары узартабы же жокпу, белгисиз.

- Учактардын коопсуздук абалы кантип өлчөнөт?

- Коопсуздукту сактоо жагынан эл аралык стандарттар бар, ошол стандарттар сакталбай жатат. Аткарылбай жатышынын негизги себеби барып эле мамлекеттин алсыздыгына такалат.

- Күнөө көбүрөөк учкучтабы, же техниканын эскилигиндеби? Суроону ушундайча койсо болобу?

- Жок. Адам баласы баары бир жаңылат. Анын жаңылышы кырсыкка алып келбеши керек. Калган системалар иштеп, ошого жеткирбеш керек. Мисалы, бизде мына учкучтарды түрмөгө камап коюшту, күнөөнүн баарын жүктөп, башка ким жазаланды?

Ярославлдин жашоочулары болсо жергиликтүү “Локомотив” стадионуна гүл, шам, хоккейчилердин сүрөттөрүн алып келишүүдө.
“Локмотивдин” күйөрмандары Ярославлдин борбордук көчөлөрүндө кечээ түнү “Локо, Ярославль” деген ураандарды айтып, кыдырып жүрүштү.

Тасмада: Кыйраган Як-42 учагы

  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG