Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:54

Ошто Кыргызстан жана Өзбекстандын күч структуралырынын жетекчилиги жолукканы кабарланды. Президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү кызуу жолуна түштү.Кыргызстанга “Трансперенси интернешнл” уюмунун жетекчиси келип кетти.

Талылуу мезгилге жакындаган таймаш

Президенттик шайлоого эки жумадан ашыгыраак убакыт калды. Ошого жараша үгүт өнөктүгү да кызып, кара пиардын каңшаары тарай баштады. Бийлик негизги атаандаш катары оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевди көрүп, ошого жараша ага каршы чараларды көрө баштады. Өз кезегинде Атамбаев да бийликтин талапкери Курманбек Бакиевди негизги атаандашы катары атап, аны түз ободо теледебатка чакырды. Бирок ага азырынча жооп боло элек.


Өздөрүн негизги атаандаш көрүп жаткан бул эки талапкер Улуттук телеканалда 3-июлда кечинде болгон тегерек столдогу талкууга келген жок. Анын натыйжасында шайлоочулар кимдин-кимдигин билүү мүмкүнчүлүгүнөн кур калышты. Эми алардын түз эфирде бетме-бет келиши күмөндүү. Анткени Борбордук шайлоо комиссиясынын талапкерлердин теледебатка чыгуусунун тартибин аныктаган чү-чү кулагында да негизги талапкерлердин беттешүүсү дал келген эмес.

Чү-чү кулактын жыйынтыгына жараша 13-июлда Нурлан Мотуев менен Жеңишбек Назаралиев, 14-июлда Курманбек Бакиев менен Токтайым Үмөталиеванын, 15-июлда Алмазбек Атамбаев менен Темир Сариевдин теледебатка чыгуусу белгиленген. Бул жерде Атамбаев менен Сариевдин беттешүүсүндө гана таймаштын учкундары байкалышы ыктымал. Эгерде ал болсо. Анткени азыркы мезгилде айрым теледебаттардын болбой турганы айкын болууда. Маселен, Жеңишбек Назаралиев Нурлан Мотуев менен теледебатка чыгуудан баш тартып жатат.

Үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүнө келсек, оппозиция негизги басымды гезит жана жолугушууларга коюп жатат. Анткени алардын телеканалдарга чыгуусу катуу чектелген. Президенттик шайлоого байкоо жүргүзүү максатында түзүлгөн өкмөттүк эмес уюмдардын ”Менин тандоомдун мезгили” бирикмесинин өкүлү Төлөкан Исмаилова талапкерлерге тең шарт түзүлбөгөнүн белгилейт:

-Эң кейиштүү нерсе талапкерлерге Конституциялык ченемде жана Шайлоо кодексине жараша тең укук болбой жатат. Сиздерге белгилүү болгондой башка талапкерлерден айырмаланып, башка ресурстар менен бир гана талапкер аябай белгилүү болуп жатат. Ошон үчүн биз талапкерлер тең укуктуу болушун талап кылып жатабыз. Аларга Улуттук телекөрсөтүү, радиодо да теңдик болуш керек. Шайлоо кодексинин 34 беренесине жараша талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушууларына милиция жана жергиликтүү бийлик тоскоолдук кылбаш керек.

Борбордук шайлоо комиссиясы болсо телеканал, көчөдөгү үгүт материалдарын жайгаштыруудагы тең эместиктин себебин талапкерлердин шайлоо фондуна салган акчасынын бирдей эместигинен көрөт. Белгилүү болгондой талапкерлер ичинен Курманбек Бакиевдин шайлоо фонду 35 миллион сомдон ашык экени маалым. Ал эми андан кийинки орунда 4.5 миллион сомдук фонду менен Атамбаев турат. Калган талапкерлердики андан да аз.

Оппозиция өз кезегинде бийлик административдик ресурсту аесуз пайдаланып жатканын белгилеп жатат. БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров:

- Бүгүн Бакиевдерге үгүт иштерин кимдер уюштуруп жатат. Бардыгы мамлекеттик кызматкерлер. Губернаторлорунан баштап, акимдер, салыкчы, милиция, соту жада калса прокурорлору үгүт иштерине катышып жатышат. Ошолорго урук-туугандарыңан беш-алтыдан киши алып келесиң деп план салып койгон. Мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик ресурсун пайдаланып жатат. Катчыларын кошуп, машинелерди, имараттарынан бери пайдаланып жатышат.

Албетте бийлик жана БШКа мындай айыптоолорду четке кагып жатат.

Бирок талапкер Курманбек Бакиевдин президент бойдон турушу анын мүмкүнчүлүгүн эбегейсиз арттырып, анын президент катары аткарган иши менен, талапкер катары жүргүзгөн үгүт ишинин айкалыша жүрүүсүнө, ошого жараша маалымат каражаттарында, эл менен жолугушууда артыкчылыктарга ээ болушуна алып келүүдө.

Мааранын жакындашы менен соттошмой, каттоодон алып салуу коркунучтары күчөй баштады. Маселен, Алмазбек Атамбаевге БШКа
эскертүү берди. Андан сырткары Нурлан Мотуев Атамбаевдин каттоосун жокко чыгаруу талабы менен сотко кайрылды. Ошондуктан шайлоо өнөктүгү кызып, бийлик реалдуу коркунучту сезе баштаса, ар кандай кадамдарга баруунун айласын да жасап койгон чагы. Атамбаевдин штабы өз кезегинде Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссиясын түзүүдо мыйзам бузууларга жол берилгенин белгилеп, Биринчи май райондук сотуна кайрылды. Сот арызды канааттандырган жок. Бирок оппозиция Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылууну көздөп жатат.

Эки өлкөнүн ортосунда “ойноктогон” жоочулар

Президенттик шайлоо өнөктүгү башталган мезгилге кыргыз-өзбек мамилесинин курчуусу туш келип калды. Чек айылындагы окуя, андан кийин май айынын соңундагы Өзбекстандын Анжиян жана Ханабад шаарларындагы аткылашуу, жарылуулар кырдаалды бир топ чыңап жиберди. Мыйзамсыз куралдуу топтор Кыргызстан аймагынан келди деген өзбек тарап кыргыз-өзбек чек арасында аңдарды казууга киришти. Чек арадан өтүү тартиби катаалдады.

Президенттер Курманбек Бакиев менен Ислам Каримовдун 15-июнда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммитинин алкагында Москвада көзмө-көз жолугушуусу бир топ маселелерди жеңилдеткендей болду. Коопсуздук кеңештинк атчысы Адахан Мадумаровдун айтымында, президенттер жолугушууда ар кандай окуяларды, биринчи кезекте, саясатташтырбоону макулдашкан.Президенттердин макулдашуусуна ылайык 26-июнда Ошто эки өлкөнүн күч структураларынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, тараптар жолугушууда улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка, диний экстремизм, баңгизаттарын ташууга, кылмышкерлерге каршы күрөшүүнү сүйлөшкөн жана чек арадан өтүү проблемаларына байланыштуу маселелерди талкуулашкан.

Бул жолугушууларга чейин жана андан кийин Кыргызстан өз аймагында Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрүнө каршы операцияларды өткөрдү. Андай операциянын акыркысы өткөн жекшемби күнү Өзгөн районунда болуп, ал жерде үч жоочу өлтүрүлдү. Жок кылынган жоочулардын бирөөсүнүн аялы Өзбекстандын Ханабад шаарынан келишкенин “Азаттыктын” кабарчысы Жанар Акаевге билдирген эле:

Азаттык: - Сиздер Кош-Коргон айылына качан келдиниздер эле?
-20-июнда келгенбиз.
Азаттык: -Жалпы канча адам келгенсиздер?
-Күйөөм экөөбүз эле келгенбиз. Дагы үч-төрт адам кийин келишти. Жума күнү.
Азаттык: -Алар эмне үчүн келгенбиз дешти сиздерге?
-Күйөөм меймандар келди деди. Башка эч нерсе айтпады.
Азаттык: -А сиздер эмне үчүн бул айылга келдиңиздер эле?
-Биз ушинтип ижарадан ижарага көчүп жашайбыз.
Азаттык: -Негизи кайсыл жактан болосуздар?
-Ханабаддан.
Азаттык: -Ханабаддан Кыргызстанга эмне үчүн келгенсиздер?
- Күйөөм Орусияга кетебиз деген эле.
Азаттык: -Курал кармап жүрүшкөнүн билчү белеңиз?
-Жок. Куралдарды азыр үйдөн алып чыгып баратканда көрдүм.
Азаттык: -Сиздер буга чейин Жалалабатта да жүргөнсүздөрбү?
-Ооба, Жалалабатта ижара турдук, бир ай. Күйөөм ар күн сайын барып турчу.

Улуттук коопсуздук комитети июнь айында Жалал-Абад жана Ош облусунун аймагында жок кылынган жоочулар ким экенин, кайсы өлкөнүн жараны экени тууралуу расмий маалымат бере элек. УКМКнын маалымат кызматы алар иликтенип жатканын гана билдирүүдө:

- Жалал-Абад боюнча, ким экендигин аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. Бизде азыр маалымат жок. Баары азыр текшерилип жатат.

Түштүк региондо куралдуу топторго каршы операциялар дагы уланабы, жоочулардын саны канча болушу мүмкүн деген суроолор азырынча жоопсуз калууда.

Коррупцияга каршы күрөшкө “Трансперенси интернешнл” жардам береби?

Мына ушундай бир жагынан кооптуу жана бир жагынан шайлоо өнөктүгү кызуу жүрүп жаткан жумада Кыргызстанда “Трансперенси
интернешнл” уюмунун жетекчиси Угет Лаббель айым болуп кетти. Ал Кыргызстанга Коопсуздук кеңештин катчысы Адахан Мадумаровдун чакыруусу менен келип, Бишкекте президент Курманбек Бакиев менен да жолугушуу өткөрдү.

“Трансперенси интернешнл” уюму дүйнөлүк алкакта коррупцияга каршы күрөшүп, дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээли боюнча өзүнүн рейтингин жарыялап турат. Ал рейтинг боюнча Кыргызстан өткөн жылы 166 орунда калып, эң коррупциялашкан мамлекеттердин катарына киргизилген.

Коопсуздук кеңештин катчысы Адахан Мадумаровдун айтымында, жолугушууда “Трансперенси интернешнл” уюмунун лидерине Кыргызстанда коррупцияга каршы көрүлүп жаткан чаралар жана түзүлгөн мамлекеттик органдар, кабыл алынган мыйзамдар тууралуу маалымат берилди. Бишкекте кабыл алынган мындай чечимдер эл аралык уюмдун көз жаздымында калып, Кыргызстандын эң эле коррупциялашкан мамлекеттер катарына кошуу адилетсиз дейт Мадумаров:

-Мына Кыргызстан өткөн жыл боюнча 166чы орунда калганы өтө адилетсиз. Себеп, бизден алдыңкы орундарда биз жасап жаткан аракеттердин жыты жок мамлекеттердин туруп жатканы өзүңөрдүн араңардагы коррупция эмеспи деген суроону да түздөн-түз бердим. Баарын түшүндү. Көрдү. Президент да айтты, мени менен жолугушууда да айтылды. Миң жолу уккандан, бир жолу көрүп, бизде кандай мыйзамдар бар экенине ынаныңыз дедик. Ошондуктан ал киши жолугушуудан кийин айтты, бизге келген маалыматтар башка экен, нукура турмуш башка экен. Ошондуктан биздин уюм тарабынан кеткен катачылыктарды, Кыргызстанга болгон мамилелерди жылдын аягына чейин өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин өз сөзү менен айтып кетти.

Коррупцияга каршы жергиликтүү уюмдар да каршы күрөшүп келет. Алардын бири Төлөкан Исмаилова жетектеген “Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюму. Төлөкан айым Угет Лаббелдин сапары Кыргызстан үчүн пайдалуу деп, бирок коррупцияга каршы күрөш үчүн кандай шарт жана чечимдер керектигин мындайча билдирди:

- Басма сөз эркин болуш керек. Журналисттер коррупцияга чалышкан түйүндөрдү ачып, коомчулукка жеткириш керек. Өкмөттүк эмес уюмдар да административдик коррупцияны ачууга жардам берсек болот. Тилекке каршы бизде өкмөттүк эмес уюмдардын катышуусу төмөн. Ал эмес акыркы жылдары Конституцияга каршы келген мыйзамдар кабыл алынып, биздин өкмөт менен тыгыз байланышып иштей албай жатабыз. “Трансперенси интернешнл” уюму дүйнөдөгү аябай белгилүү, профессионалдуу уюм.Ошон үчүн Курманбек Бакиев менен жолугушканда дагы, башка адамдар менен жолугушууда коррупцияга каршы күрөшүүнүн системасы, талаптары менен жакшылап таануушу болсо пайдалуу болот. Кыргызстан коррупция боюнча эл аралык деңгээлде эң жаман жерде турат. Көп структуралар коррупцияга чырмалышкан. Саясат ачык эмес. Ошондуктан Бишкектеги жолугушуулар Кыргызстан келечегине салым кошот деген оюм бар.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG