Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

Кыргыз өкмөтү министрликтерге Бажы биримдигинин шартында иштөөгө даярдык көрүүнү тапшырды.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча жол картасы 29-майда Астанада кабыл алынган. Анда Кыргызстан 2015-жылы Бажы биримдигине кирери, ал эле эмес Орусия, Беларус жана Казакстан түзгөн Евразия экономикалык биримдигине кирүүгө даяр болуп калары айтылды. 3-июнда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев жол картасынын талаптарын аткаруу боюнча иштерди ыкчам жүргүзүүнү министрлерге тапшырды. Өкмөт башчы орус тарап 1 млрд. доллар убада кылган кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун уставын, документтерин даярдоону да тездетүүнү буйруду.

Премьер-министрдин Бажы биримдиги боюнча кеңешчиси Олег Панкратовдун айтымында, жол картасын кабыл алуу Бажы биримдигине кирүүнү билдирбейт. Кыргызстан Бажы биримдиги боюнча келишимди ратификациялагандан кийин биримдикке кирди деп эсептелет. Ага чейин өлкө өз мыйзамдарын Бажы биримдигинин талаптарына ылайык келтирүү иштерин жүргүзөт дейт Панкратов:

- Мисалы, өзүбүздүн кайсы бир мыйзамды Бажы биримдигинин талаптарына ылайык келтиребиз. Ал үчүн мыйзам долбоору парламентке сунушталат. Парламент кабыл алганда анын күчкө кирер мөөнөтү белгиленет. Бул мыйзам Бажы биримдиги боюнча келишим ишке киргенден кийин күчүнө кирет деп айтылат.

Азыркы кезде Кыргызстан 2015-жылдан баштап Бажы биримдигине кирери белгиленди.

Экономика министри Темир Сариев мыйзамдарды өзгөртүү үчүн Кыргызстанга убакыт керек дейт:
- Бажы биримдигинде кабыл алынган 110го жакын документ бар. Биз ошолордун баарын кабыл алып, ратификациядан өткөрүшүбүз керек. Евразия экономикалык биримдикке кириш үчүн 1200 барактан турган документ бар. Биз алардын баарын макулдашып, алардын талабына өзүбүздүн жоболорду өзгөртүшүбүз керек.

2015-жылдан тарта Кыргызстан Бажы биримдигинде кирсе, демек, ошол мезгилден тарта бажы төлөмдөрү өзгөртүлөт. Же Кыргызстандагы Бажы төлөмдөрү Бажы биримдигиндеги өлкөлөр менен бирдей болуп калат.

Эксперттер жана экономисттер бажы төлөмдөрүнүн өзгөрүүсү Кыргызстан экономикасына түрдүү таасирин тийгизерин айтып жатат. Кыргызстанда жаман эмес өнүккөн автоунаа сатуу бизнесинин мисалында ала турган болсок, бул тармактагы ишкерлер чочулап жатканы жашыруун эмес. Анткени Бажы биримдигинин аймагында импорттук автоунааларга бажы төлөмдөрү Кыргызстанга караганда бир топ жогору.

Маселен, Бажы биримдигинин аймагында кыймылдаткычтын күчүнө жараша 3 евродон 5.8 еврого чейин бажы төлөмү алынат. Ал эми Кыргызстанда бажы төлөмү доллар менен эсептелет. Бул дагы арзан болот. Анткени доллардын курсу еврого караганда төмөн. Ошентип, Кыргызстанда автоунаа үчүн бажы төлөмү кыймылдаткычтын кубатына, автоунаанын чыгарылган жылына жараша 30 центтен 1.5 долларга чейин төлөнөт.

Ошондуктан Кыргызстан Бажы биримдигине кирери менен бажы төлөмдөрү көтөрүлүп, автоунаалардын кымбатташы турган иш дейт автонунаа сатып ишкерлик кылган Малик аттуу жигит:

- Бажы биримдигине кирсек мен жумушсуз калам. Анткени бардык автоунаа кымбаттайт. Ал эми Кыргызстанга мурдараак арзан сатылып келинген автоунааларды кошуна казакстандыктар сатып алып кетет. Үстүрт эсептегенде автоунаага баа 50% көтөрүлөт.

Кыргызстандагы тигүү тармагынын өкүлдөрү да кездеме жана фурнитурага бажы төлөмдөрү көтөрүлсө кантебиз деп бушайманга түшүп турат.

Кыргызстандын экономика министринин орун басары Данил Ибраев Бажы биримдиги боюнча 4-июнда өткөрүлгөн тегерек стол жыйында Кыргызстан экономикасы өзүнүн багыттарын өзгөртүшү мүмкүндүгүн, ал үчүн жеңилдетилген насыялар бөлүнөрүн белгиледи. Ал ошондой эле Бажы биримдигинин техникалык регламентин Кыргызстанда ишке кечирээк киргизүүнү өтүнөрүн да кошумчалаган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG