Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Апта:М.Бакиевдин сапары, И.Исаковдун камалышы, Павлюктун өлүмү...


Kyrgyzstan -- Ismail Isakov, former Defense Minister and Security Council Secretary, 05Jun2007
Kyrgyzstan -- Ismail Isakov, former Defense Minister and Security Council Secretary, 05Jun2007

И. Исаков сегиз жылга эркинен ажыратылды. М.Бакиев Кытайга жумуш сапар менен барды. Г. Павлюктун өлтүрүлүшү боюнча Кыргызстан менен Казакстан тергөөчүлөрү биргелешип иштей турган болушту.

Максимди маашырланткан сапары

Кыргызстанда мамлекеттик кызматтардын рангасы тууралуу расмий тизимде алтынчы, ал эми иш жүзүндө өлкөдөгү экинчи адам Максим Бакиев узап бараткан жумада Кытайда жумуш сапар менен болду.

Президенттин кенже уулу, Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси Максим Бакиевди Кытайга сапарда мамлекеттик тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев, каржы министри Марат Султанов, энергетика министри Ильяс Давыдов жана башка расмий адамдар коштоп жүрдү.

Расмий маалыматтарга караганда, Максим Бакиев сапары учурунда Кытайдын темир жол министри Лю Чжицзюн, коммерция

министринин орун басары Чэнь Цзян, тышкы иштер министринин орун басары Ван Гуаннья жана башка расмий адамдар менен жолугушкан.

Максим Бакиев тарап сапардын жыйынтыктоочу документи катары “Датка-Кемин” долбоору боюнча кол коюлган протоколду атап жатат. Ал долбоорду ишке ашыруу 2011-жылы башталат деп белгиленген.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Кытай сапарында жетишилген келишимдер азырынча практикалык мүнөзгө ээ эместигин белгиледи:

- Бул баргандагы макулдашуулардын бардыгы “протокол-ниеттенүү” дегенге окшогон документтер. Бул кызматташууларды ушул багытта өнүктүрөлү деп багытын белгилеген документтер. Анан эми, Кытай тарап дагы, биз тарап дагы ошону изилдип, үйрөнүп, ким канча каржылайт, ал канчага турат дегенди жумушчу топтор чечип бүткөндөн кийин документке кол коюлат.

Молдалиев ошондой эле бийликте өтө таасирлүү Максим Бакиевдин тышка алгачкы сапары Кытайга болушуна карата мындай пикирин айтты:

- Мурда биздин президенттер, премьер-министрлер биринчи иш сапарларын Россиядан башташчу. Ал ийгиликтүү сапар болдубу, ийгиликсиз болдубу, ал маселенин экинчи жагы боло турган. Азыр биздин Өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси Кытайдан баштаганы, бул артыкчылык ошол жакка берилет деген сөз болуп атат. Россия, себеби дегенде Камбар-Атага берилет деген 1 млрд. 700 млн. доллар чечилбей, татаалданып турат. Базанын маселеси ноябрда чечилмек. Бул маселе да турат.

Айрым саясат таануучулар Кытай менен Кыргызстандын кызматташуусунун келечеги бардыгын белгилеп, ошол эле учурда улуттук кызыкчылыктарды унутпоого үндөөдө. Саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев:

- Кытай-кыргыз мамилесинин келечеги жакшы. Биринчиден, Кытай биздин жакынкы кошунабыз. Экинчиден, алар абдан тездик менен өнүгүп аткан мамлекет. Келишсин, иштешсин, өздөрү да пайда тапсын. Бирок чет элдиктерге жер сатуу, жарандык берүү жактарына чек коюш керек. Антпесе миллиарддан ашкан эли бар өлкө бизди жөн эле сиңирип алышы мүмкүн.

Ошентип, Кыргызстан менен Россиянын мамилеси салкындап турган чакта Максим Бакиев тышкы сапарын Кытайдан баштады. "Ата-бала" бийлиги өкүм сүргөн Кыргызстан сыяктуу мамлекеттин өкүлүнүн Европага жакын Россияга сапарынын болушу күмөндүү эле. Ал эми Кытайда болсо “мышык кандай түстө болсо да чычкан кармаса болду” деген философия үстөмдүк кылып турат. Ошондуктан алар мындай “майда-чүйдө” нерсеге көңүл бура беришпейт сыягы.

Торго салынган И.Исаков

Максим Бакиев Кытайга сапарын баштаган күнү Бишкек гарнизондук соту оппозиция лидерлеринин бири,мурунку коргоо министри Исмаил Исаковду сегиз жылга эркинен, генерал-лейтенант аскердик наамынан ажыраткан чечим чыгарды.

Өкүмдү судья Серик Абиев окуду:



- Исаков Исмаилди Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 304 беренесинин 4чү бөлүгү боюнча айыптуу деп таап, 8 жылга эркинен ажыратылсын. Үй-мүлкү конфискацияланбай, күчөтүлгөн режимде абакта кармалсын. Исаков сот залынан камакка алынсын. Өкүм күчүнө киргенге чейин Исмаил Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын абагында кармалсын. Кылмыш кодексинин 51 беренесине ылайык Исаков генерал-лейтенант наамынан ажыратылсын.

Исмаил Исаков президенттин ички, тышкы жана кадрдык саясатына макул эместигин билдирип, 2008-жылы 10-октябрда Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан бошотуу арызын жазган. Мына ошондон кийин ага каршы бир катар кылмыш иштери ачылган. Ал Балыкчыдагы аскердик бөлүктө техникалардын жоголушу, аскердик майрамдарга каражат бөлүү жана Исаковдун уулу, Куралдуу күчтөрдүн капитаны Руслан Исаковго эки бөлмөлүү квартиранын берилиши боюнча ачылган кылмыш иштер.

Соттук жараянда прокурор Тимур Карабаев Исмаил Исаковго Балыкчы боюнча коюлган айыпты алууга аргасыз болду. Судья Серик Абиев болсо аскердик майрамдарга каражаттын бөлүнүшү боюнча айыпты жокко чыгарды. Бирок судья мамлекетке алда качан кайтарылган квартира боюнча айыпты калтырып, анын негизинде Исмаил Исаковду сегиз жылга эркинен, генерал-лейтенанттык наамынан ажыратты.
Исаков соттун өкүмүн сабырдуулук менен кабыл алды. Ага чейин сүйлөгөн акыркы сөзүндө коюлган айыптардын бири да мойнуна албасын айтып, бийликти үй-бүлөлүк башкаруу, криминал, коррупция боюнча кескин сынга алган эле.

11-январдагы соттун чечиминен кийин Исмаил Исаковдун тарапкерлери, анын боштондугун талап кылып ачкачылык акциясын башташты. Бишкекте Топчубек Тургуналиев башында турган Исаковду коргоо комитети түзүлдү.

Алайда каршылык акциялар башталып, ал 14-январда Ош-Эркечтам жолун тосуу менен коштолду. Тосулган жол эки сааттан кийин милициянын атайын кызматтагы жоокерлеринин күчү менен ачылды.

Адвокат Азимбек Бекназаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын абагында камалып турган Исмаил Исаков менен 15-январда жолугушуп чыкты. Исаковдун абалы тууралуу буларды билдирди:

- Ден-соолугу абдан жакшы. Мурдагыдай эле күнөөлүү эмесмин деп жатат. Колдоочулардын баарына ыраазычылык айтты. Мыйзамды бузушпасын. Мыйзамдын чегинде талаптарды кое беришсин деген өтүнүчүн айтты мен аркылуу.

Бекназаровдун айтымында, учурда ондон ашуун райондордо, шаарларда Исмаи Исаковду коргоо комитеттери түзүлдү. Алар өздөрүнүн аракеттерин көрөт. Ал эми Бекназаров өзү Бишкек гарнизондук соттун өкүмүн жокко чыгаруу үчүн 18-январда аскердик сотко апелляциялык арыз жолдомокчу.

Исмаил Исаковдун узак жылга кесилишин өлкөдөгү укук коргоочу уюмдар, саясатчылар кескин айыпташты. Социал-демократиялык фракциянын лидери Роза Отунбаева муну жеке өч алуу катары баалады. Ал эми “Ата Мекен” партиясы Исмаил Исаковдун энергомафияга каршы чыгуусунун аягы ушундай болуп жатканын белгиледи. Ал эми бийликтин өкүлдөрү ар ким өзүнүн жасаганына мыйзам чегинде жооп бериш керек деген пикирди айтууда.

Акыйкатчы Турсунбек Акун болсо мындай пикирин айтты:



- Исмаил Исаковго мен дагы жакында кирип чыгайын деп жатам. Мен ойлоймун, албетте, биз соттун ишине, тергөө ишине кийлигише албайбыз. Бирок мен Акыйкатчы катары айтайын, соттун өкүмү көп адамдарды аябай нааразы кылып жатат. Ошонун ичинен Акыйкатчы катары мени дагы. Өкүм кабыл алаардан мурда көп фактылар менен ойлонуш керек эле. Саясат жыттанган ишти эле саясатка айландырып, чечип койгону көп адамдардын нааразылыгын жаратып жатат.

Казакстан айтат. Кыргызстан баш катат

Исмаил Исаковдун соттолуп, камалышы менен кошо журналист Геннадий Павлюктун өлтүрүлүшү боюнча жаңжал ырбап келатат. Узап бараткан жуманын башында Казакстандын полициясынын делегациясы Кыргызстанга келип, Павлюктун өлтүрүлүшүн биргелешип иликтөө боюнча сүйлөшүп кетишти. Кыргызстандын башкы прокуратурасынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Тилек Мурзаевдин айтымында, азыркы мезгилде эки тарап биргелешип иликтөө ишин жүргүзүүнү макулдашты. Бирок кылмышка тиешеси бар шектелгендер, кармалгандар жок.

Бирок Казакстандын маалымат каражаттары Геннадий Павлюктун өлүмүнө Кыргызстандын атайын кызматынын тиешеси бар экенин байма-бай жазууга өтүштү. 14-январда Казакстандын “Время” аттуу газетасы Павлюкту өлтүрүүгө Кыргызстандын атайын кызматынын тиешеси бар экенин, алар бул максатта Алматага атайын келишкенин, бирок тергөө иши Кыргызстан менен Казакстандын жогорку органдары тарабынан тоскоолдуктарга кабылып жатканын жазып чыкты.

Бирок Казакстандын Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмуна төрагалыкка киришүүсү Астананы өз кезегинде айрым ыңгайсыздыктарга кабылтып жаткандай. Дал ошол себептен ЕККУнун төрагасынын жеке өкүлү Адиль Ахметов 14-январда Венада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Геннадий Павлюктун өлүмү саясий өлүм экенин билдирди:

- Бул саясий өлтүрүү. Ал кимдир-бирөөлөргө жолтоо болгон. Туурабы? Журналист өзүнүн ишин жасап жаткан. Таза журналистик ишти жүргүзүп жүргөн. Эмне кылабыз? Кылмыш иши жасалган. Азыр эми күнөөлүүлөр кармалган. Албетте, тийиштүү чаралар көрүлөт.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу жаңжал тууралуу буларды билдирди:

- “Времяга” чыгып жатат. Башка интернет сайттарга атайын (Кыргызстандан) кызматтардын адамдары келген экен, телекамерадан тартылып калган экен деген сөздөр жүрүп жатат. Албетте, массалык маалымат каражаттары кээ бир маселелерди күчөтүп жазып коюшу мүмкүн. Саясий коньюктура, кызыкчылыгы бар болушу мүмкүн. Ошолордун баарынын негизинде караганда деле жок жерден эле ал басылмалар Кыргызстандын атайын кызматынын адамдары деп айтпайт эле. Бир негиз болбосо. Эмне болгон күндө деле бул биздин мамлекетке коюлган өтө олуттуу айып болуп жатат. Ошого биздин тарап жооп бербей жатат. Аны төгүндөш керек же Казакстан тарап менен бирге изилдеп, бул маселени аягына чыгарыш керек. Бул тыйып кое турган маселе болбой калды. Мамлекеттик террор болот. Мамлекет ушинтип коркутат , эгерде мамлекетке каршы иш болсо калгандарын да ушундай тагдыр күтүп турат деген сөз болот. Бул мамлекеттик террор деп коет.

Белгилеп кете турган нерсе, КМШ алкагында Геннадий Павлюк сымал табышмактуу өлүмгө украин журналистти Георгий Гонгадзе дуушар болгон. Ал Кучманын президенттиги учурунда 2000-жылы 16-сентябрда уурдалып, ноябрь айында сөөгү табылган. Бул жаңжалдуу өлүмдүн аягына ушул кезге чейин чекит коюла элек.


  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG