Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:24

Кыргызстандын саясий талаасында жаңы күчтөр түптөлүүдө. Алар азырынча электоратын иликтеп, ыңгайлуу альянстарга баруунун жолдорун караштырууда.

Парламенттик шайлоого эки жыл калганда эле башталган саясий күчтөрдүн жүрүштөрү, биригүүлөрүнүн сыры эмнеде?

Алсыраган "Ата-Журт"

Кыргызстандагы саясий күчтөр, саясатчылар партия түзүү жана партияларды ирилештирүү аракетин көрүп жатышат. Бул жараяндын тез башталышынын бир себеби - кезексиз парламенттик шайлоо болуу мүмкүнчүлүгүнө барып такалат. Анткени Кумтөр боюнча Жогорку Кеңеш менен өкмөт, президенттин ортосундагы келишпестик, өлкөдөгү саясий кырдаалдын курчушу парламенттин тароо мүмкүнчүлүгүнөн кабар берет.

Мына ошондуктан Жогорку Кеңештин тарашы менен мөөнөтүнөн мурун башталып кете турган шайлоо өнөктүгүндө четте калбаш үчүн даярдыктар эмитен көрүлүүдө. Анын үстүнө парламенттик шайлоонун мыйзамдуу мөөнөтү да жакындап келатат. Ал 2015-жылы болору белгилүү.

Мына ушул жаңы өнөктүк башталаар алдында өткөн шайлоодо жеңишке жетишкен “Ата- Журт” партиясы өтө оор абалда турат. Анткени партия лидерлери Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров шайлоого катышуу укугунан ажыратылды. “Ата-Журтту” алдыга сүйрөгөн дагы бир таасирдүү лидери Акматбек Келдибеков камакка түшүп калды.

Азыр “Ата-Журт” фракциясында негизги жүктү Мыктыбек Абдылдаев, Жылдызкан Жолдошева, Улукбек Кочкоров гана тартып калды. “Ата-Журттун” мына ошентип алсырашы менен түштүк аймактарында Мелис Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги” менен Бакыт Төрөбаевдин “Өнүгүү” партиясы биригип, олуттуу күчкө айланып баратышат.

Саясат таануучу Марат Казакпаев бул партиялардын ал-абалын мындайча сүрөттөдү:

- Менин оюмча, эки күч болуп жатат. Биринчиси - радикалдуу “Ата-Журт”. “Ата-Журт” саясий күрөшкө чыгып, бийлик менен чабыша кетти. Ошого радикалдуу болуп жатат. Экинчиси - “Бир бол” партиясы, мына азыр Мырзакматов менен Төрөбаев бирикти - “Улуттар биримдиги” менен “Өнүгүү”. Буларды кандай болсо да радикалдуу дегенге болбойт. Анткени булар эч кандай бузукулук кылган жок. Булардын электораты күчтүү, эл колдойт.

Ал эми өткөн президенттик жана парламенттик шайлоодо ат салышкан “Бүтүн Кыргызстан” партиясы кандай позицияда чыгары белгисиз. Анткени партия лидери Адахан Мадумаровдун бийлик менен кызматташууга баруусу менен, алардын позициясы түшүнүксүз абалга келди.


Мунаса табуу зарылдыгы


Кыргызстандагы эң бай адамдардын бири Аскар Салымбеков да “Эмгек” партиясын түптөп, өлкө региондорун бир катар кыдырып келгени кабарланган.

Булардан сырткары бийликтеги КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” партиялары да алдыдагы шайлоого көз салып турушат. “Республика” партиясы болсо регионалдык лидерлерден “оозу күйүп”, эми жер-жерлерде таасири бар инсандар менен жарышка түшүүгө камданып жатканы маалым.

Мына ушундай абалдагы Кыргызстан саясатында тагдыр чечүүчү бир катар чечимдерди кабыл алуу мезгили келип турат. Анын бири 23-декабрда Кумтөр боюнча өкмөткө берилген мөөнөттүн бүтүшү болсо, экинчиси - Бишкек жана Ош шаарларынын мэрин шайлоо.

23-декабрь өкмөт менен парламенттин тирешүүсүн жаратуу мүмкүнчүлүгү менен опурталдуу болсо, Ош шаарынын мэрин шайлоо борбордук бийлик менен Мырзакматовдун тарапкерлеринин ортосундагы тирешүү мүмкүнчүлүгү менен опурталдуу.

Кыргызстандын акыйкатчысы Бакыт Аманбаев мына ушундай кырдаалда саясий күчтөр ортосунда тез арада диалог уюштурулушу керек деп эсептейт.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев диалог тууралуу “Азаттыктын” суроосуна мындай жооп берген:

- Диалог болуш керек. Диалог болгондун ордуна, Мелис иним капа болбостур, кечирим да сурашым мүмкүн, бирок аны менен диалог болгондон кийин сыртка чыгып башка сөздү айтса, кандай диалог болушу мүмкүн? Эмне деген диалог болушу мүмкүн? Диалогго эки жак бирдей кадам ташташ керек. Саясат деген бул - компромисс табуу.

Мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун бийлик менен оппозиция ортосунда диалог болбосо, абал чатак жагына айланыш ыктымалдыгын эскертет:

- Диалогду президент, премьер-министр башташ керек. Президент , премьер-министр, төрага баштап, парламенттеги оппозиция менен сүйлөшүп чектелбеш керек. Көчөдө жүргөн, парламентке кирбей калган оппозиция лидерлери менен сүйлөшүш керек. Антпесе абал кыйын болот.

Белгилеп кете турган нерсе, Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургундары болуп көрбөгөн кадамга барып, айыл чөлкөмүндө "өзгөчө кырдаал" жарыялашты. Албетте, бул чечим Конституция, мыйзамдарга каршы келет. Бирок жергиликтүү калк күч органдарынан чочулап, мына ошондой кадамга барууга аргасыз болгонун билдирип жатышат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG