Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Путиндин согушу жалпы Орусиянын согушуна кантип айланды? 


Украинадагы согушка каршы демонстрация. Германия, 9-апрель, 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт
Украинадагы согушка каршы демонстрация. Германия, 9-апрель, 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт

Кытай Казакстандын негизги соода өнөктөшү болуп калды. Путиндин согушу кантип Орусиянын согушуна айланып калды? Аялдарга каршы зомбулук Германияда чоң көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Кытайдын башкы пропагандачысы борборазиялык аткаминерлер менен кездешти. Анда кандай маселелер талкууланды?

Eurasianet Бээжин менен Борбор Азиянын алака-катнашын талдаган кезектеги бюллетенин чыгарды. “Синхуа” агенттигинин маалыматына таянып жазылгандай, 12-июнда Коммунистик партиянын пропаганда бөлүмүнүн башчысы Кытай жана Борбор Азиянын саясий партияларынын диалогуна катышкан жогорку аткаминерлер менен жолукту.

Кытай-Борбор Азия саммити. Сиань шаары. 19-май, 2023-жыл
Кытай-Борбор Азия саммити. Сиань шаары. 19-май, 2023-жыл

Ли Шулэй партия Сиандагы саммитте жетишилген маанилүү консенсусту ишке ашырууга даярдыгын айтты. Агенттик борборазиялык катышуучулар “партиялык жана мамлекеттик башкаруу тармагында тажрыйба алмашууга дилгирлигин” билдиришкенин жазды. Жыйын катышуучуларынын так тизмеси келтирилген эмес. Eurasianet жазганына караганда, сыягы ага жогорку кызматтарды аркалаган көп эле киши катышты. Мисалы “Синхуанын” макаласында кыргыз парламентинин вице-спикери, Казакстан мажлисинин төрага орун басарынын ысымдары аталган. Кызыгы, Бээжиндин башкы пропагандачысы майдын этегинде эле аймактын беш өлкөсүнүн маалымат агенттиктеринин жетекчилери менен кездешкен. Ошондо да аткаминер консенсус жана “Кытай-Борбор Азия орток тагдыр жамаатын” түзүү, региондогу медианын ошол максаттарды алдыга жылдыруу керектиги жөнүндө сөз кылган.

Андан ары бюллетенде Астана менен Бээжиндин соода алакалары тууралуу кеп болот. Кытайдын Бажы кызматынын статистикасына ылайык, эки тараптын соода жүгүртүүсү 31 миллиард доллардан ашты.

"Орусия СССР ыдырагандан бери кошуна өлкөнүн негизги соода өнөктөшү болуп келсе, эми биринчилик Кытайга өттү", - деп жазылган.

Материалда көптөгөн жаңы келишимдер, түрдүү тармактардагы кызматташтык тизмектелип чыккан. Алсак, июндун башында кытайлык аскерлер Казакстанга келгенде ракеталык жана артиллериялык күчтөрдү машыктыруу жаатында тажрыйба алмашуу талкууланган.

Андан ары Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов орусиялык премьер Михаил Мишустин менен жолукканда Евразия экономикалык биримдигин “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” жана “Өзбекстан-Ооганстан-Пакистан” темир жол долбоорлоруна кошулууга чакырганы айтылат. Spot.uz жазгандай, Ариповдун пикиринде, бул “Түндүк-Түштүк” глобалдык маршруттун мүмкүнчүлүгүн арттырууга” жардам бермекчи.

Путиндин согушун колдогон элита жана орус коому

Foreign Affairs журналы Путиндин согушу кантип Орусиянын согушуна айланганын талдап чыкты. “Карнеги” фондунун Орусия жана Евразия программаларынын директору Южин Румердин көз карашында, орус президенти түбөлүккө согуш кылмышкери бойдон калат, бирок ал кеткенден кийин да уруш орус коомунун жана саясатынын жүзүндө дагы көпкө так калтырмакчы.

“Путин ондогон жылдар бою жүргүзгөн саясат Орусиянын бир заматта өзгөрө калбасын кепилдейт”, - деп улантат автор. Атап айтканда, ал элитанын да, элдин кайдыгерлигин жана империялык тарыхты эңсеген сезимдерин пайдаланып, жалпы коомдун да колдоосун алууга жетишкен.

"Андан тышкары Батыш менен мамилелерди ушунчалык начарлаткандыктан, анын ордун баскан саясатчыга аларды оңдоо оңой эмес болмокчу", - деп эсептейт Румер.

Путин жана Борбордук банктын төрайымы Элвира Набиуллина. Кремль, 24-сентябрь 2019-жыл
Путин жана Борбордук банктын төрайымы Элвира Набиуллина. Кремль, 24-сентябрь 2019-жыл

Орус элитасы тууралуу сөз кылып, ал “системдүү либералдар” тобуна киргендердин көбү карьерасын 1990-жылдары экономикалык реформалар учурунда баштаганын белгилейт. Кесипкөй менежерлер Путин түзгөн системанын табиятын жакшы түшүнгөнү менен, ага каяша айтпайт же сындабайт. Кесиптик жөндөмүн экономиканы, демек режимди, анын кыйратуучу багытын кармап туруу аракетине жумшагандардын мисалы катары Борбордук банктын төрайымы Элвира Набиуллинанын ысымы аталат. 1990-жылдардагы менчиктештирүү жараянынын башында тургандардын бири Анатолий Чубайс чет өлкөгө кетип кутулса, көбү мекенинде, кызмат ордунда калганы баяндалат. Башкаруудагы элитанын дагы бир тобу экономикалык маселелердин алкагынан чыгып, Путиндин империялык көз караштарынын жактоочуларына, жайылтуучуларына айланган. Андай саячатчылардын бири – Кремль администрациясынын жетекчи орун басары Сергей Кириенко бир кездери оппозиция лидери, маркум Борис Немцовдун жакын шериги да болгон.

"Орус элитасы президенттин кылгандарына ишенбесе да, эмне себептен андан кол үзбөйт?" деген собол узатат макаланын автору. Анын көз карашында, жогорку билимдүү, кесипкөй, эки жакка көп чыгып жүргөн адистер, сыягы тагдырын чөгүп бараткан кемеге байлаганын түшүнүп, бирок андан секирип кете алышпайт.

"Алардын бардыгы Путиндин кылмыштарына тиешеси бар адамдар бойдон каларын билүүгө тийиш", - деп эсептейт Румер.

Ал эми Орусиянын жалпы коомунун жоопкерчилиги тууралуу ой жүгүртүп, ал “Левада” борборунун май айындагы сурамжылоосуна токтолот. Ага ылайык, респонденттердин 43%Украинадагы согушту колдорун, 48% аны улантуу керектигин айткан. 45% Киев менен сүйлөшүүнү жактай турганын билдирген. Путинди колдогондор 82% түзгөн. Автор Путин башкарган Орусияда жүргүзүлгөн коомдук пикирди билүү изилдөөлөрүнө канчалык ишенсе болот деген суроо да жараларын белгилегени менен, мындай көрсөткүчтөр уруштун жүрүшүндө дээрлик өзгөрбөгөнүн айтат. Бул - орус коомундагы империялык аң-сезим кала бергенин чагылдырат деген автор, жетекчилер менен саясатчылар карапайым элди ошол неоимпериялык ураандарга кантип сугарганын кеңири баяндаган.

Германиядагы сурамжылоо зомбулук темасын козгоду

Германияда жакында жүргүзүлгөн сурамжылоого тартылган эркектердин 33% аялдарга зомбулук көргөзүүнү “кабыл алынарлык” деп эсептейт деген маалымат дүйнөлүк басма сөздө кеңири тарады. Deutsche welle чыгарган материалда нес кылган мындай көрсөткүч изилдөөнүн туура эмес жүргүзүлгөнүнө барып такалары айтылат.

Аялдарга көргөзүлгөн зомбулукка каршы акция. Берлин, 5-ноябрь, 2021-жыл
Аялдарга көргөзүлгөн зомбулукка каршы акция. Берлин, 5-ноябрь, 2021-жыл

Элдин пикирин сурап-билүүнү Plan International Germany көз каранды эмес эл аралык уюм ишке ашырган. Март айындагы онлайн сурамжылоого Германиянын жер-жеринен 18-35 жаштагы бир миң эркек менен аял катышкан. Эркектердин үчтөн бир бөлүгүнүн кээде талашып-тартышканда аялдарга кол көтөрсө болот деген жообу эксперттерди нес абалында калтырды. Мындан тышкары 34% зомбулук көргөзгөн учурлар болгонун моюнга алган. Гомофобиянын деңгээли да жогору болуп чыккан. Эркек респонденттердин 52% өз ролун акча табуу деп аныктаса, аялдар үй оокаты, балдар менен алектенүүгө тийиш деп эсептейт.

Deutsche welle жазганына караганда, бул өңдүү сурамжылоолорго адистешкен эксперттер анын методикасы туура эмес болгон, ага тартылган адамдар коомдун бардык катмарларын чагылдырбайт деген ойду карманат. Кандай болгон күндө да, аялдарга каршы зомбулук Германияда чоң көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Полициянын маалыматы боюнча 2021-жылы өлкөдө түгөйүнүн зомбулугуна кабылган 140 миң учур катталса, жапа чеккендердин 80% ялдар болгон. Кылмышкерлердин 79% эркектер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG