Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:11

Юмор катылган учкул сөздөрү азыркы тапта да орусиялыктарды ойготкон театр өнөрпозу Фаина Раневскаянын 120 жылдык мааракеси белгиленүүдө.

* * * * * * *

Даңазалуу өнөрпоз, СССР Эл артисти, ылакап сөздөрү менен атыккан айым Фаина Георгиевна (Григорьевна) Раневская (төрөлгөндөгү тегаты – Фаина Гиршевна Фельдман) дал ушул күнү 120га чыкмак. Ал 1896-жылдын 27-август күнү (юлиан жылнаамасы боюнча 15-августта) Таганрогдо туулган.

Атасы Гирш Хаимович Фельдман падышалык Орусиянын Минск губерниясына караштуу Игумен үйөзүнүн Смиловичи шаарчасынан болгон. Энеси Милька Рафаиловна Загайлова – Витебск губерниясынан чыккан. Экөө тең падышалык Орусияда «мещан» деп аталган орто социалдык катмарга таандык жөөттөрдөн болгон. Үйлөнгөн чакта атасы 26да, энеси 17де болгон.

Фаина Таганрог Мариинск кыздар гимназиясын аяктайт. 14 жашынан тартып театрга кызыгат. Гимназияны аяктаган соң, А.Ягеллонун (А.Н.Говбергдин) жеке менчик театр студиясында таалим алат.

1915-жылы Орусиянын ири шаары (ал кезде кайрадан саясий борборго айлана элек) Маскөөгө бет алат. Ал кезде бул шаарда Марина Цветаева, Осип Манделштам, Владимир Маяковский сыяктуу инсандар менен таанышат.

“Раневская” адабий ысымын алышы

Бир жолу Фая Фельдман актерлор биржасына келип, мадам Лавровскаянын труппасына жазылат да, Керчь шаарына чыгармачыл сапарга кетет. Ал жактан жергиликтүү банкка келип, апасы жиберген акчаны алып, Митридат дөңсөөсүн көздөй чыгып келатканда, капысынан шамал анын колундагы акчаны учуруп кетет.

Фаина:

- Алар учуп кетип жатканы кандай капа кылчу көрүнүш! – деп акчанын артынан карап калат.

- Ой ий, Сиз нагыз эле (чеховдук) Раневская турбайсызбы! – деп жанында коштоп жүргөн театр актеру аны Антон Чеховдун “Алчалуу бак” чыгармасындагы башкы кейипкер Любовь Андреевна Раневскаяга окшоштурат. – Минтип ошол кейипкер гана айта алмак!

Кийинчерээк, Фаина өзүнө жаңы адабий ысым издеп калганда, Керчтеги ошол окуяны эстеп “Раневская” деген тегатты адабий ысым катары тандап алган.

Театрдагы жана кинодогу өмүр

Фаина Раневская Москва алдында, Крымда, Ростов-Дондо, Бакуда, Архангелскиде, Смоленскиде жана башка шаарларда ар кыл театрларда ролдор аткарган.

Маскөө шаарында Камералык театрда (1931-35), Кызыл Армиянын Борбордук театрында (1935-39), Драма театрында (азыркы В.Маяковский атындагы Москва академиялык театры, 1943-49), А.С.Пушкин театрында (1955-63), Москеңеш атындагы театрда (1949-55, 1963-84) иштеген.

Өмүрүнүн акыркы отуз жылында кино өнөрүнө да салым кошкон. Маселен, 1934-жылы алгачкы жолу кинодо - Михаил Роммдун «Болтогой» («Пышка») деген тасмасында рол аткарат. Астрид Лингрендин чыгармасынын негизинде тартылган айтылуу «Карлсон кайтып келди» деген советтик мултфилмдин (режиссеру - Борис Степанцев) үнүн жаздырганда ал Фрекен Бок деген үй кызматчысынын үнүн окуп берет.

1947-жылы РСФСРдин Эл артисти, 1961-жылы СССР Эл артисти наамын алган. Мамлекеттик (мурдагы сталиндик) сыйлыктарга 1949- жана 1951-жылдары татыган. Эки жолу Эмгек Кызыл Туу орденин (1950, 1967), бир жолу Ленин орденин (1976) алган.

Фаина Раневскаянын талантына тен берген Сталин мындайча баасын айткан:

«Мына, Михаил Жаровду алалык, жакшы өнөрпоз. Мурут чаптап, бакенбард же сакал тагып алат. Баары бир анын Жаров экени көрүнүп турат. Ал эми Раневская болсо эч нерсе жабыштырып албайт, бирок баары бир дайыма улам башкача көрүнөт».

Фаина Раневская 1984-жылдын 19-июлунда Маскөөдө жүрөгүнөн кармап каза болгон. Сөөгү борбор шаардагы Новое Донское (Жаңы Дон) көрүстөнүнө коюлган.

* * * * * * *

Жүргөн жери – азил, такмаза айым

Кыргызда Мидин Алыбаевди, Райкан Шүкүрбековду, Салижан Жигитовду алардын өмүрү өткөн соң да “ээрчип калган” көрүнүш – маркум Фаина Раневскаяга да таандык болгон.

Ал айтса да, айтпаса да жүздөгөн анекдот анын ысымы менен байланыштырылып айтылып келет. Сөзү курч айым чынында да чукугандай таап айтылган азил кептери менен атыккан болчу.

Өзүнө башкалардын азилдерин “жамаган” учурларды ал мындайча тамашалап айткан:

“Тийешем болбосо деле мага Марк Твен, Бернард Шоу, Тристан Бернар, Константин Мелихан сыяктуу авторлорго жана ал түгүл Эзоп менен Аристотелге таандык сөздөрдү “жамай” беришет. Албетте, буга мен компоюп калам. Ошондуктан мен бул авторлорго да ыраазылык билдирем, өзгөчө Аристотел менен Эзопко ыраазымын”.

“Учурунда айтылбаса, сөз атасы өлөт” деген кеп бар эмеспи. Орус өнөрпоз айымы коммунисттик цензура менен иши болбостон, курч, терең мазмундуу, тентек, ойготкуч тамашаларын эч кандай чектөөсүз айта алган. Өз жүрүм-туруму менен ички дүйнөсү эркин инсан экенин тастыктаган.

Ал пародиялуу чыгармалар жаратканы маалым. Маселен, өзү ойлоп тапкан “элеттик А.Кафинькин” дегендин атынан пародиялуу каттарды да жазган.

* * * * * * *

Ал СССРди бийлеп турган Леонид Брежневдин өзүнө да каяша кеп айткандан тартынган эмес.

1939-жылы чыккан “Таштанды бала” (“Подкидыш”) тасмасында Лялянын ролун аткарып жатып, Ф.Раневская сценарийдин түп нускасында жок “Муля, нервимди козгобой турсаңчы!” (“Муля, не нервируй меня!”, б.а. “Муля, менин жиниме тийбечи!”) деген сөздү тасмага киргизген.

Кийинчерээк бул сөз аны өмүр бою “ээрчип жүргөн”. Ал түгүл 1976-жылы өнөрпоз айымдын 80 жылдык мааракесине байланыштуу ага Ленин ордени тапшырылып жаткан чакта Леонид Брежнев: “Мына, эми биздин “Муля, нервимди козгобой турсаңчыбыз” келатпайбы!” деп сыйлык ээсин каршы алган.

Фаина Раневская ага дароо жооп узаткан: “Леонид Ильич, мага ушундай сөздөрү менен балакайлар же хулигандар гана кайрылышат!”

Леонид Брежнев өзүн оңтойсуз сезип: “Кечирип коюңузчу, бирок мен Сизди абдан жакшы көрөм!” деп акыбалды жайгарган экен.

* * * * * * *

Элет жеринде кийимдин сырткы көрүнүшүнө көбүрөөк маани беришээрин Раневская мындайча азилдеген (1949-жыл):

“Маскөөдө көчөгө энеден туума болуп чыксаң да эч ким карабайт. Одессада менин чыт көйнөгүм көзгө түшсө, жамы журтту эстен тандырат: бул тууралуу чачтарачта, тиш доктурда, трамвайда, үйдө дасторкон четинде кызуу талкуулашат. Алардын баары менин ушунчалык “сараң” экенимден сөз кылышат. Анткени жакырдыкка эч ким ишенбейт эмеспи”.

* * * * * * *

- Сиздин оюңузча, эркек акылдуубу, же аялзатыбы? – деп Раневскаядан сурап калышат.

- Албетте, аялдар акылдуу. Силер "(бул) эркектин буту өтө келишкен бут экен" деп акылынан адашканча чуркаган жок дегенде эле бир аялды учураттыңар беле?

* * * * * * *

- Мен пьесанын биринчи бөлүмүндө тагынчу шуру нагыз берметтен болсун! – деп бир жаш актриса чыр салыптыр.

- Албетте, бардыгы нагыз болот, — деп аны Раневская сооротот дейт. — Бардыгы нагыз болот, нагыз бермет – биринчи бөлүмдө, нагыз уу зат – акыркы бөлүмдө.

* * * * * * *

- Мен кечээ Баланчаевдердикине барып, эки саат ырдап бербедимби, - деп бир ырчы мактанса, Раневская жооп кайтарыптыр:

- Ошолордун сазайын ырас берген экенсиң. Мага да Баланчаевдер эч жакпайт!

* * * * * * *

Ф.Раневскаянын учкул сөздөрүнөн:

“Эгерде кайсы-бир айым сизди өз тагдырындагы "эң мыкты эркексиң" деп атап, агынан жарылып айтса, анда, демек, бул - алиги айымдын мындан аркы өмүрүндө сизден башка нагыз аңкоону эч таба албай тургандыгын айдан ачык аңдап тургандыгы.

* * * * * * *

Ф.Раневскаянын учкул сөздөрүнөн:

“Менин карган кемпир кездеги башымда эки гана, ашып баратса үч гана ой бар; бирок алар кээде ушунчалык чакчалекей түшө кыймылдашат дейсиң, тим эле сырттан караганда менде 1000 ой бар экен дегендей таасир калтырат”.

* * * * * * *

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG