Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:16

Астроинженерлер 10 сантиметрлик спутник ойлоп табышты. Жапондор "жүрөктүү" роботун көрсөтүштү. Орусияда 500 медициналык робот жетишсиз. Британ өкмөтү пилотсуз космолёт курууга каражат бөлдү.

Жапон илимпоздору "жүрөгү" бар жана эмоцияларын көрсөтө алуучу роботту ойлоп табышты. Робот чыгаруучу "Софтбанк" фирмасы Pepper деген робот адамдын маанайын баамдай аларын кабарлады. Pepper эмоцияны көрсөткөн кыймылдаткыч жана жасалма интеллект менен жабдылган. Тагыраак айтканда, андроид робот кишинин үнүн жана кыймыл-аракетин туюп, ага жараша жооп берет. Pepper менен кадимкидей "баарлашса" болот.

Жапония дүйнөнүн эң роботтошкон өлкөсү экени белгилүү. Күн чыгыш өлкөсүндө кары-картаңдардын саны көбөйүп, төрөлгөндөрдүн саны азайып баратат. Ошондуктан көптөгөн улгайган жапондор "акылдуу роботторго" муктаж. Андан сырткары, роботтор жапон экономикасынын бардык тармактарында кеңири колдонулат.

Орусияда болсо хирургиялык операцияларды жасоо үчүн 500 робот жетишпейт. Учурда бул өлкөнүн ооруканаларында 20 америкалык робот гана колдонулат. Роботохирургия акыркы 30 жылда өнүгүп бараткан тармактардын бири. Роботтор көбүнесе урологияда колдонулат. Акыркы 14 жылда алардын көмөгү менен Америкада 1,5 миллион операция ишке ашкан.
Аутизмди айыктырганга көмөктөшкөн "Рене" роботу, Хорватия.

Аутизмди айыктырганга көмөктөшкөн "Рене" роботу, Хорватия.


Орусиянын Илимдер академиясы келерки төрт жылда орусиялык медициналык робот ишке киришет деп билдирет. Ал эми урологдор болсо 150 миллион калктуу өлкөгө ушул тапта 500 робот зарыл экенин айтышат. Америкада робо-дарыгерлерди колдонуу саламаттыкты сактоо мекемелеринде кадимкидей көрүнүш болуп бараткансыйт. Май айынын аягында робо-банкирлер менен робо-кеңешчилер тейлөөгө чыгарылды.

Он сантиметрлик спутник

Алгачкы жасалма жандооч "Спутник-1" космоско 1957-жылы учурулгандан бери сателлиттердин дарамети жана функциялары далай өзгөрдү. Учурда Жер планетасын миңден ашуун жандооч айланып жүрөт. Алардын көбүнүн көлөмү автомашинедей чоң. Ал эми жүздөй спутниктин көлөмү болгону 10 сантиметр. Канчалык кичинекей болсо да, алардын кубаттуулугу биринчи жасалма жандоочтон жогору.
Дүйнөдөгү биринчи жасалма жандооч "Спутник-1" 1957-жылы 4-октябрда учурулган.

Дүйнөдөгү биринчи жасалма жандооч "Спутник-1" 1957-жылы 4-октябрда учурулган.


Наноиддерден куралган спутник наносат деген ат менен белгилүү. Наножандоочту көбүнесе чакан ишканалар жана университеттер колдонот. Аларды жасоого кеткен чыгым 100 миң доллардан ашпайт. Эң арзан наносат 25 доллар. Чоң сателлиттердин баасы миллиард доллардан арбын. Келерки беш жылда миңдей наножандооч Жердин орбитасына учурулат. Айрым адистер наножандоочтор аскерий жана тыңчылык максатта колдонулушу мүмкүн деп чочулашат.


Самолётко окшош космолёт

Британ инженерлери Skylon пилотсуз космолётун куруу экономикалык жактан сарамжалдуу болоорун кабарлашты. Учурда орбитага учурулган ракеталардан айырмаланып Skylon арзан жана аны көп жолу колдонсо болот. Ал өз алдынча учуп, керектүү жабдууларды орбитага чыгара алат.

Skylon учурдагы ракеталарга таптакыр окшош эмес. Ал кадимки учактай эле учуп конот. Анын кыймылдаткычтары атмосферада кадимки самолёттун моторундай иштесе, стратосферада жана жакынкы орбитада үндүн ылдамдыгынан ашат.

Мындай космолёт күйүүчү майды кыйла үнөмдөйт. Skylon салмагы дагы жеңил болгондуктан космолёт кадимки учактай жеңил уча алат. Британ өкмөтү жаңы космолётту курууга 60 миллион фунт бөлүп, келерки 15 жылда ал космоско көтөрүлөт деген үмүттө.
Марстагы эки көлүктүн бири - Кьюриёсити, 03.02.2013.

Марстагы эки көлүктүн бири - Кьюриёсити, 03.02.2013.


Ал эми Кызыл планета атыккан Марска 2016-жылы учурулуучу робот-көлүктү жасоо башталды. Америка, Германия жана Франциянын космос агенттиктери 560 миллион чакырым алыс Кызыл планетага "ИнСайт" көлүгүн жөнөтүп, Марстын геологиялык эволюциясын изилдешет. Эки жылдан соң "ИнСайт" Марстагы Элизиум Планитиа түздүгүнө коноору пландалууда.

Эбегейсиз Аалам койнунда жайгашкан Марс илгертен эле адамдар үчүн табышмактардын очогу болуп келген. Акыркы 50 жылда түрдүү өлкөлөр отуздан ашуун ирет Күн системасындагы жетинчи чоң планета эсептелген Марска көлүк-робот кондурмак болуп, анын теңинен көбү ийгиликсиз аяктаган. Азыркы тапта Кызыл планетада эки марсоход жер кезип жүрөт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG