Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

Румыния парламенти премьердин кол тийбестигин алуу өтүнүчүн четке какты


Румыния -- Виктор Понта журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Бухарест, 5-июнь, 2015.
Румыния -- Виктор Понта журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Бухарест, 5-июнь, 2015.

Румын парламенти коррупциялык иштерге шектелип жаткан премьер-министр Виктор Понтанын кол тийбестигин алуу боюнча прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Коррупцияга каршы комитет 5-июнда өкмөт башчы Виктор Понтага коррупцияга жол берген, арам акчаны адалдаган, салыктан качкан деген айыптарды таккан. Көзөмөл кызматы ал юридикалык фирмадан 63 миң евро пара алып, Бухаресттен эки кымбат баалуу үй алганын жарыялаган.

Өлкө президенти Клаус Лоханнис мындан улам саясий кризистин алдын алуу үчүн Виктор Понтаны кызматтан кетип калууга чакырган. Премьер-министр өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, аны парламент гана кызматтан кетире аларын билдирди. Парламентте болсо анын Социал-демократтар партиясы менен союздаштары көпчүлүк коалицияны түзөт.

XS
SM
MD
LG