Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:03

"Болотная" айыпкерлери төрт жылга чейин камалды


Айыпталгандар соттун өкүмүн күтүп турган чагы, 24-февраль, 2014
Айыпталгандар соттун өкүмүн күтүп турган чагы, 24-февраль, 2014

Москвада сот “Болотная иши” боюнча айыпталган сегиз кишинин жетөөсүн 2,5 жылдан төрт жылга чейин түрмөгө камоо өкүмүн чыгарды. Айыпталгандардын бирөө Александра Духанина шарттуу түрмөгө үч жыл үч айга кесилди.

Бул сегиз кишини 2012-жылдын 6-майында Москванын Болотная аянтында президент Владимир Путинге каршы демонстрацияда “полицияга кол көтөргөн” деп айыпталган. Дүйшөмбү күнү соттун өкүмүн адвокаттар өтө эле катаал болду деп сыпаттап, аны жокко чыгарыш үчүн доо арыз жазышаарын айтышты.

Соттун өкүмү угузулуп жатканда сыртта пикетке топтолгон кишилерден 230дан ашуун адамды полиция кармап кетти.

Алардын арасында оппозициялык лидер Алексей Навальный, Pussy Riot панк-тобунун мүчөлөрү Мария Алехина менен Надежда Толоконникова жана Толоконникованын күйөөсү Петр Верзилов бар.

Соттун имаратынын алдындагы нааразылык акциясы, 24-февраль, 2014
Соттун имаратынын алдындагы нааразылык акциясы, 24-февраль, 2014
Полициянын айтымында, айрым демонстранттар Украинадагы өкмөттүн кулатылышына байланышкан чакырыктарды кыйкырып, коомдук тартипти бузушкан.

"Жарандар, башка адамдардын жолун тоспоңуздар! Силердин акция – мыйзамсыз. Ага тийиштүү бийликтер уруксат берген эмес. Башкалардын тынчын албагыла, сураныч", - деп кыйкырып жатты офицерлердин бири.

Ал эми акцияга чогулгандар “Азаттыктын” орус кызматына сүйлөп жатып: "Такыр түшүнүксүз абал. Полиция кудум биз адамдардын жолун тосуп жатканыбызды айтат, бирок мынаке алдыбызда алты метр жер бош, адамдар эркин эле өтүп жатпайбы", - дейт демонстранттардын бири.

Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча өкүлү Кэтрин Эштон соттун чечимин “адилетсиз болду” деп баалап, эми апелляциялык арыз берилгенде ал эске алынат го деген үмүтүн билдирди.

Орусиялык адам укугун коргоочу, Москвадагы Хельсинки тобунун төрайымы Людмила Алексеева соттун чечимин айыптады.

"Бул такыр акыйкатсыз өкүм. Анткени анын негизги бөлүгү “массалык башаламандыкты” түзөт. Бул – жалган, судья өзү деле билет, ага жалган көрсөтмө бергендер да билишет. Эч кандай массалык башаламандык болгон эмес, - деди Алексеева. - Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө болуп жаткан окуялардын фонунда 6-майдагы окуяларды массалык башаламандык деп атай алабызбы? Бул – жалгандан да жаман наадандык".

Amnesty International жума күнү сот айыпталган сегиз кишини күнөөлүү деп тапкандагы өкүмдү “жеткен акыйкатсыздык” деп атады. Адам укуктары боюнча ал уюмдун Москвадагы башчысы Сергей Никитин дүйшөмбүдөгү өкүмдү “акыйкаттыктын пародиясы” деп атап, камалгандарды тезинен бошотууга үндөдү.

АКШнын Мамлекеттик департаменти болсо өкүмдү “саясий чечим” катары сыпаттады.

Бул сегиз адам 2012-жылдын 6-майында, кайрадан президент болуп шайланган Владимир Путин расмий ишине киришкенге бир күн калганда Болотная аянтынан кармалышкан. Демонстранттар Путин менен анын партиясын шайлоодогу көз боёмочулуктар, коррупция жана Орусиядагы авторитардык режим үчүн күнөөлөшкөн болчу.

Сотто алардын адвокаттары тетирисинче, полиция буларды ур-тепкиге алганын айтышты.

Президент Путиндин расмий өкүлү Дмитрий Песков соттун өкүмүн комментарийлеп жатып, камалгандар апелляциялык арыз жазганга укуктуу экенин, ошондо Путин аларга ырайым кылып түрмөдөн чыгарышы мүмкүн экенин кыйытты.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG