Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:48

"Санитардык маскарад"


Геннадий Онищенко Дүйшөмбү-Москва поездинин санитардык абалын Астраханда текшерди, 15-апрель, 2013

Геннадий Онищенко Дүйшөмбү-Москва поездинин санитардык абалын Астраханда текшерди, 15-апрель, 2013

Орусияда өкмөт башчынын орун басары өлкөнүн башкы санитардык врачы менен өткөн дем алыш күндөрү тажик поездин текшерип, “мынчалык балит поездди өлкөгө киргизбеш керек” деп билдиришти. Тажик поездинин санитардык абалы кантип "саясий чабуулдун куралына" айланды?

Дүйшөмбү-Москва каттамындагы поезд. Ичи толо жүргүнчү. Айрым орундарда эл тыгылып, отурганга башка орун жок. Камераны караган көздөр...

Мунун баары “Азаттыктын” орус редакциясынын мурдагы кабарчысы Мумин Шакировдун мындан төрт жыл мурдагы даректүү тасмасынан алынган кадрлар. Поезддер Советтер союзу таркагандан берки 20 жылдан ашуун убакыттан бери эле ушундай абалда жүрүп келатат. Бирок эмне үчүн алардын санитардык абалы ушул аптада гана суроо жаратты?

"Биз поезддердин мына мындай абалда өлкөбүзгө келишине жол бере албайбыз, - дейт орус вице-премьери Дмитрий Рогозин. - Алар ушул түрү менен эле мүмкүн болгон жугуштуу оорунун баарын таркатышы мүмкүн. СССРдин тушунда чек араларда мындай болгон эмес. Ошон үчүн азыр миграциялык саясатыбызды да, чек арабызды да катуу тартипке келтиришибиз керек".




Дмитрий Рогозин азыр орус өкмөт башчысынын орун басары. Өткөн дем алыш күндөрдөгү поездге рейд учурунда аны Орусиянын башкы санитардык врачы Геннадий Онищенко коштоп жүрдү.

"Бул башаламандык “жүргүнчүнү санитардык бир да нормага жооп бербеген арабада сүйрөп жүрүү” деп аталат. Абалына чыдагыс поезд Орусияны кеңири кыдырып жүрөт. Муздаткычтары иштебейт, ысык суу жок. Бул кантип болсун, өзүңүз деле ойлонуп көрсөңүз", - деди врач Онищенко.

Рогозин негизи поезддин тазалыгы жөнүндө сөзү менен эле чектелген жок. “Бул поезд аркылуу Орусияга баңги заттар да ташылат”, - деп айтты.

"Президент “Орусияга эми жалаң чет өлкөлүк паспорт менен кириш керек” деген. Бизге такыр окуп болбогон, сканерлер аркылуу аныкталбаган документ менен келбеш керек", - дейт Рогозин, тажик паспортун оңой эле жасалма жол менен алса болот деген таризде.

Орусияда жогорку даражалуу кызмат адамдарынын кокусунан эле тажик поездине рейд жасашканын Дүйшөмбү шаарында өтө таң калуу менен кабыл алышты. Тажик темир жол ишканасынын директорунун орун басары Усмон Каландаров поезддин техникалык абалында айрым майда кемчиликтер болушу мүмкүн экенин, бирок анчалык катуу айыпка макул эместигин билдирди.

"Ушул айларда өзү Тажикстандан Орусияга иш издеп жөнөгөндөр көп болот. Балким, ошон үчүн айрым вагондор бир аз булганышы мүмкүн. Бирок бардык вагондордо, ресторанда муздаткычтар бар. Жүргүнчүлөр эч нерсеге арызданышкан эмес", - деди Каландаров.

Ал эми Тажикстандын Москвадагы элчиси Абдулмажид Достиев айтылган айыпты такыр натуура деп эсептей турганын билдирди.

"Ал поезд жаңы эле сатылып алынган. Анын вагондорунун көпчүлүгү жана эң башындагы вагону жапжаңы. Бул маршрут аркылуу жүрүп жаткан бүт поезддердин ичинен биздики гана бардык европалык стандарттарга жооп берет", - деди элчи Достиев “Азаттыкка”.

Дүйшөмбүдө Рогозин менен Онищенконун рейдинен кийин Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын чек ара бөлүмү “тажик поездиндеги олуттуу кемчиликтер жоюлмайын, Тажикстан менен темир жол байланышын жаап турууну” сунуш кылды.

Анын эртеси Орусиянын Эсеп палатасынын төрагасы Сергей Степашин Дүйшөмбү шаарында тажик президенти менен жолугушууда “Орусия азырынча Тажикстан менен темир жол байланышын жабуу тууралуу маселени койгон жок”, - деди. Кийинчерээк маалымат каражаттарында орус Чек ара кызматынын “Тажик поездин текшерүү тууралуу идеяны биз көтөргөн эмеспиз” деген таризде билдирүүсү пайда болду. Андай болсо, ага чейинки рейддин максаты эмне?

Иши кылып, Тажикстандан Москвага каттаган поезддин айланасындагы чуу күтүүсүз тутанып, кайра заматта өчкөн өрттөй эле таасир калтыргансыды.

Ошондуктан “Бул Рогозин менен Онищенкого, а балким, Кремлге эмне үчүн керек?” деген суроо туулат.

"Оппозицияга окшошкусу келген бийлик"

Сергей Абашин – тарых илимдеринин доктору, Орусиянын Улуттук илимдер академиясынын Этнология жана антропология институтунда жогорку илимий кызматкер. Ал соңку окуяга негизги эки себеп бар деп эсептейт.

"Менимче, Орусиядагы азыркы бийлик коомдогу улутчулдар менен оппозициядан айтылып жаткан талаптарга кандайдыр бир жооп бергенге аракет кылып жатат. Оппозиция тараптан да, улутчулдар тараптан да миграциялык саясатта реформаларды талап кылган чакырыктар айтылууда. Ошондуктан бийлик улутчулдук боюнча өзүнүн жеке долбоорун сунуш кылып жатат окшойт, - деди Абашин. - Буга Рогозиндин тандалганы да бекеринен эмес. Ал өзүн 1990-жылдары улутчул саясатчы катары көрсөткөн, бүгүнкү бийликте болсо “расмий улутчулдун” ордун ээледи. Анын жардамы менен Кремл улутчулдардын ураанына кошулгандай болуп, оппозициянын негизги талаптарынын бирин өзү ансыз деле аткарып жаткансып, “оппозициянын ролун ойноп” жатат. Чындап келгенде, бул өңүтү, менимче, тажик поезди менен байланышкан окуяда негизги фактор болду".

Абашиндин айтымында, поездди текшерүү Москвага Өзбекстандын президенти Ислам Каримов келген маалда болгону да бекеринен болбошу мүмкүн. Анткени расмий Ташкен менен Дүйшөмбү көптөн бери эле суунун, "Рогун" ГЭСинин айынан бири-бири менен алакасы начар болуп келатканы белгилүү. Ошон үчүн Ташкен менен анча тил табыша албай жаткан Москва “ушул учурда тажиктерди катуураак урушуп койгондой болуп, өзбек лидеринин көңүлүн алгысы келген өңдүү”.

"Бул окуя Москвада Каримов жүргөн учурда болгонун эстеш керек. Орусияда айрымдар мындан ачык эле бир себепти көрүштү. Кремль ошол күндөрү Каримов менен сүйлөшүүлөргө бул таасир этет деп ойлогон болушу мүмкүн. Анткени Тажикстан менен Өзбекстандын мамилеси анча жакшы эмес. Бирок бул Каримов менен сүйлөшүүгө же тажик бийликтерине өзгөчө таасир этти деп айтууга бир да негиз таппай турам. Менимче, бул башкы себеп болбосо керек. Эң кызыгы – поезд менен байланышкан окуя башка жерде эмес, Орусиянын өзүндөгү маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылганында. Ошол себептен муну пропагандалык мүнөздөгү аракет десе болот. Анын үстүнө, миграция боюнча талкуулар орус бийлиги менен оппозициясы ортосундагы маанилүү суроолордун бири болуп турганын көрсөтөт", - деди орусиялык аналитик Сергей Абашин.

"Саясий улутчулдук"

Орусияда расмий бийлик улутчулдукту саясий курал катары колдонуп келет деген өңдүү сөздөр көптөн бери эле айтылып жүрөт.

Поезд менен байланышкан окуядагы башкы каармандардын бири Дмитрий Рогозин (азыркы вице-премьер, мурдагы улутчул саясатчы) 2005-жылы чуулгандуу видео-ролик аркылуу көп айыпка калганы эстен кете элек. Анда Москванын шаардык кеңешине шайлоого катышкан “Родина” партиясынын лидери Дмитрий Рогозин үйдүн короосунда дарбыз жеп, кабыгын ар жакка таштап отурган азери улутундагы кишилерге “Таштандыңды көтөр!” деп буюрат. Аягында “Москваны таштандыдан тазалайбыз” деген жазуу көрүнөт.


Роликти кийин партиянын оппоненттери айыптап, “азерилерди силер таштанды деп атадыңар” деп, далай айыптап жүрүштү.

Шайлоо өнөктүгү учурунда гана эмес, тигил же бул өлкө менен чыңалыш учурларда орус расмий бийлиги “тазалык, санитардык абал” менен байланышкан жагдайды да курал катары колдонгону көп эле кайталанып жүрөт. Болгондо да алардын дээрлик баарында ушул поезд менен байланышкан соңку окуядагы негизги каармандардын бири, өлкөнүн башкы санитардык врачы Геннадий Онищенконун ысмы аталат. Айтмакчы, азыр 62 жаштагы бул белгилүү врач Кыргызстанда, Сузак районунда төрөлгөн.

"Саясий санитария"

Орусиянын башкы санитардык врачы катары дээрлик 10 жылдан бери иштеп жаткан Онищенко Грузиядан жана Молдавиядан импорттолгон виного “2006-жылы жазында "анын сапаты начар" деп тыюу салган. Грузин бийликтери айрым вино өндүрүүчүлөрдүн начар ишин моюнуна алганы менен, бул чечимди “саясий аракет” деп, врачты айыптаганы белгилүү. Бир жылдан кийин Молдавиянын виносуна киргизилген тыюу алынды.

2006-жылы күзүндө Онищенко узак убактан бери начар мамиледеги Польшадан сатылып алынчу этке да “сапаты начар” деп тыюу салат. Ушундай эле чараны ал өткөн жылы күзүндө АКШдан келчү этке киргизди. Муну Вашингтондун өзүндө “Магнитский актысына” карата Орусиянын жообу катары кабыл алышты.

2009-жылы Онищенконун аты кайрадан башкы жаңылыктарда, бул ирет Беларустан келген сүт азыктарына тыюу салынганы менен атала баштайт.

2011-жылы ноябрда Онищенко тажик мигранттарын “эң коркунучтуу оорулардын булагы” деп атаган. “Жыл ичи 188 тажикстандык жаран Орусиядан чыгарылган, алардын 40 ВИЧке чалдыккандар, 103 – кургак учук менен ооругандар, калганында башка коркунучтуу инфекциялар бар”, - деген башкы санитар.

Ошондо өлкөнүн Федералдык миграциялык кызматы 300дөй тажик жараны өлкөдөн депортациялана турганын билдирди. Орусия бийликтеринин ал жолку чечими да Тажикстанда эки орус учкучу контрабанда үчүн айыпталып, 8,5 жылга түрмөгө отургузулгандан бир аптадан кийин чыгарылган эле.

Ал арада “Азаттыктын” мурдагы кабарчысы Мумин Шакировдун “Чыгыш экспресси” даректүү тасмасында көрсөтүлгөндөй эле, Дүйшөмбүдөн поезд бүгүн да Москвага келди.

Анын ичиндеги мигранттар үчүн тажик-орус жетекчилеринин ортосундагы саясий “түшүнүксүз чыңалуу” анча маанилүү деле эместей. Алар, балким, Орусиянын Тажикстандагы аскерий базасы али күнчө тажик парламенти тарабынан ратификациялана электигине, ал келишимди орус Думасы жума күнү карап жатканына, Эмомали Рахмон быйыл ноябрда кайрадан президент болуп шайланышы үчүн ага баары бир Москванын колдоосу керек болооруна баш оорутпашы мүмкүн.

Ошентсе да, Орусиядагы "Ведомости" басылмасынын комментарийинде айтылгандай, "саясий маселени саясий маселе катары эле чечсе болбойбу? Мындай санитардык маскараддын кимге кереги бар эле?"
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG