Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Мигранттардан акча талап кылган топ кармалды


Москва.
Москва.

Москвада мигранттардан опузалап, акча талап кылган кылмыштуу топ кармалды. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө алардын батиринен курал-жарактар дагы табылганы айтылат.

Москвада иштеген кыргызстандык Айбек уюшкан кылмыштуу топтордон жабыркагандардын бири. Бейтааныш балдар анын ишине келип, коркутуп, акча талап кылышкан:

- Бул жакта бир жылдан бери иштейм. Апрелдин башында бандит балдар келип, 80 миң рубль бересиң деп коркутуп кетишкен. Эмне кылаарымды билбей, дароо Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы​ өкүлчүлүгүнө кайрылдым. Үй-бүлөм үчүн корктум. Эми өз укугумду коргоп, иштин аягына чейин барам.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиевдин айтымында, жабырлануучунун арызы боюнча дароо ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөн:​

- Арыздын негизинде опузалоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, 19-апрелде Москванын полиция кызматкерлери менен ыкчам иштер жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 1991-1994-жылдары туулган үч кыргызстандык жаран камакка алынган. Кармалгандардын батирин тинтүүдө 29 патрону менен "Калашников" автоматы жана октору менен тапанча чыкты. Ошондой эле бронежилет, бет чүмбөт жана башка буюмдар табылган. Биздеги маалыматтар боюнча кармалгандар уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү. Алар мекендештерин карактап, опузалап жүрүшкөн. Жабыр тарткандар болсо, бизге кайрылса болот.

Аскат Алиев.
Аскат Алиев.

Камакка алынгандарга карата Орусиянын Кылмыш кодексинин 163-беренеси (опузалоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө иштери Москванын Ички иштер министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн. Кармалгандардын экөөнүн мурун соттолгондугу аныкталган.

Москва: үй-бүлөгө кийлигишкен "каралар"

Москва: үй-бүлөгө кийлигишкен "каралар"

Москвада өз алдынча жарандык никеде жашап алып, бирок, үй-бүлөдө чыккан турмуштук келишпестиктерден улам ойго келбес жоруктарга баргандар кездешет.

Бул кылмыштуу топтон жабыркаган адамдын айтымында, алар өздөрүн Орусияда “Коля Киргиз” деген лакап ат менен белгилүү Камчы Көлбаевдин криминалдык тобунун мүчөлөрү экендигин айтышкан.

Жыл башында Москвада мигранттар арасында курулуш материалдарын саткандарды белгисиз топтор коркутуп, опузалап, акча талап кылып жатканы айтыла баштаган. Бирок, жергиликтүү органдарга бир дагы расмий кайрылуу түшкөн эмес.

Опузалоо кылмыш иши боюнча Москвада бир жыл мурун Көлбаевдин тобунун төрт мүчөсү камакка алынган. Ошондой эле Москвада Эрнис Мурзахметов (лакап аты "Чач") жана Улан Токтосуновдун (лакап аты «Сакал») кылмыштуу топтору жөнүндө айтылып келет.

Москвада полиция кызматында иштеген полковник Чыналы Мамадалиев Орусияда кыргызстандык уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү бар экендигин, бирок, акыркы кезде мигранттардын арасында өз алдынча чакан топторго уюшуп алып, талап-тоноп, уурулук кылып жаткандар дагы четтен чыгарын буга чейин "Азаттыкка" билдирген:

- Бул жакта уюшулган кылмыш тобунун мүчөлөрү толуп жатат. Камчы дегендин балдары сыяктуу. Бирок оперативдүү иштер жүргүзүлмөйүнчө, ал же бул болушу мүмкүн деп айтууга болбойт. Андан сырткары, өз ара топтошуп үч-төрттөн биригип алып эле, тигил же бул криминалдык төбөлдүн атына жамынып, кылмыш кылып жүргөндөр дагы көп. Аларды дагы унутпаш керек.

Москва.
Москва.

Орусиядагы Кыргыз жамаатынын жетекчиси Раимкул Аттокуров мигранттар арасындагы кылмыштуу топтор 2007-жылдан кийин түзүлө баштаганын жана алар бизнес кылган, акчалуу адамдарды бутага алышарын айтат:

- Ал кезде жеке бизнеске аралашкан мекендештерибиздин
саны учурдагыдай көп эмес болчу. Мекендештер Москва жана облусунда курулуш базарларда соода жана транспорт-жүк жеткирүү тармагында эмгектенчү. Мигранттардын арасында кылмыштуу топтор ал кезде жаңы пайда боло баштаган. Алардын кара оюу Москвада кичине иш ачып, өзүнчө эмгектенген ишкерлерге багытталган.

Раимкул Аттокуров.
Раимкул Аттокуров.

Орусиялык адистер кыргызстандыктардан түзүлгөн кылмыштуу топторду “вахталык” мүнөзгө ээ деп сүрөттөшөт. Топтор туруктуу эмес, чаржайыт жана улам жаңы келгиндер менен толукталып турат делет. Орусияда расмий түрдө 600 миңге чукул кыргызстандык иштесе, алардын дээрлик жарымы Москва шаары менен Москва облусунда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG