Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Кыргыз режимине Орусиянын “кыйыр таасири”


Президенттер Д.Медведев менен К.Бакиев Чолпон-Атадагы чечимин ырастоого даярбы?
Президенттер Д.Медведев менен К.Бакиев Чолпон-Атадагы чечимин ырастоого даярбы?

Орусия ЖККУнун алкагында Кыргызстанда экинчи аскерий базасын жайгаштыраары быйыл Чолпон-Ата саммитинде айтылган. 1-ноябрга чейин Москва менен Бишкек ал боюнча келишимге кол коюшу керек. Ага болгону үч күн калды.

“Азаттык” бул маселе боюнча пикирин сурап, Борбор Азия боюнча орусиялык эксперт, Москвадагы “Карнеги” корунун аналитиги Алексей Малашенкого кайрылды.

Төрөкул Дооров: Демек, айтылган мөөнөткө үч күн калды. Эки өлкө орус аскерий базаларынын статусу тууралуу келишимге кол коюшабы же, Ташкендин пикири эске алынып, бул кийинкиге калтырылышы мүмкүнбү?

Алексей Малашенко
Алексей Малашенко:
Биринчиден, келишимге кол коюу – Орусия менен Кыргызстандын жеке иши. Буга эч кандай үчүнчү тарап кийлигише албайт. Экинчиден, бул база башка жерге эмес, Кыргызстандын Өзбекстан менен чектеш аймагына жайгашаары анык. Ал жерде, өзгөчө Фергана өрөөнүндө, проблемалар арбын экенин билебиз. Өзбекстан акырындап Кыргызстандын аймагына сылжып баратат. Бул – эң туруксуз чекара.

Бирок базанын ачылышы менен эки негизги проблема жана суроо жаралышы мүмкүн: Биринчиден, ал жерде чекарада кандайдыр бир конфликт чыгып кетсе, орус аскерлеринин аракети кандай болот? Экинчиден, азыр Өзбекстан ЖККУнун (Жамааттык Коопсуздук Келишими - ред.) алкагындагы иш-чараларга дээрлик катышпай калды. Бирок расмий түрдө анын катарында. Бул уюмдун шарттарына ылайык, эгерде ага мүчө өлкөлөрдүн биринде коркунуч пайда болсо, баардык калган мүчөлөр ага жардам бериши керек. Кыргызстан болсо Өзбекстан менен чекарасында чыр чыга турган болсо, аны “өлкөгө коркунуч” деп таанышы ыктымал. Мындай учурда ЖККУнун аракети кандай болот? Ушундай суроолор бар. Андыктан бул базанын турушу, Бакиев жана анын орус өнөктөшү айтып жатышкандай, региондо туруктуулукту камсыз кылууга кепил болуп эле калбайт. Бул аймактагы көп тараптуу алакалардагы проблемаларды ачыктайт. Андыктан базаны жайгаштыраардан мурда, жакшылап ойлонуп көрүш керек.

Төрөкул Дооров: Кыргызстан менен Орусия 1-ноябрга чейин ал келишимге кол коюшат деп ишенесизби?

База туруктуулукка кепил гана эмес, талаштуу проблемаларга себепчи да болушу мүмкүн
Алексей Малашенко:
Менимче, алар келишимге кол коюшат. Негизи, саясатчылар жөнүндө сүйлөгөндө кандай болоорун болжош кыйын. Анткени саясатта дайыма “макул” жана “каршы” деген чечимдер жанаша жүрөт. Анын үстүнө Борбор Азияда адаттан сырт саясий кадамдар жасалып калат. Менимче, келишимге кол коюшат. Бирок анын эртеси эле аймакта танка-пушкалар пайда боло калбайт, бул өзүнчө бир узакка созулчу жараяндын башталышы гана болот.

Төрөкул Дооров: Кыргызстанга экинчи орус базасы эмне үчүн керек экени белгилүү - ал түштүк аймагын куралдуу топтордонбу, Өзбекстанданбы, айтор, коргогусу келет. Ал эми Орусияга аны ачуунун эмне кереги бар? Орусиянын максаты эмнеде?

Алексей Малашенко: Орусия дайыма аскерий-саясий таасирин күчөтүүгө аракет кылып келген. Ошондуктан базалар Москва үчүн өзгөчө мааниге ээ. Бул Орусиянын ошол жердеги таасири күч экенин көрсөтөт, Кыргызстан менен аскерий, саясий тармактарда кызматташтык бар экенин айгинилейт. Мен муну, керек болсо, азыркы кыргыз режимине каршы “кыйыр таасирдин формасы” деп атамакмын.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG