Бишкектеги Турусбеков жана Москва көчөлөрүнүн кечилишиндеги банкоматты ачууга аракет кылган белгисиз адамга ыкчам топтун кызматкерлери ок чыгарышты.
Шаардык милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, шектүү качып кетүүгө үлгүргөн. Окуя 30-сентябрдын түнү болгон. Азыр ал адам изделип жатат.