Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

Кыргыз мигранты Орусияда депутат боло алат


Орусиядагы кыргыз мигранттарынын ичинде көчө шыпыргандардан тарта туруктуу жашагандарга чейин баары жарандык алганга шашат

Орусиядагы кыргыз мигранттарынын ичинде көчө шыпыргандардан тарта туруктуу жашагандарга чейин баары жарандык алганга шашат

21-июнда Орусиянын Тюмень шаардык Шайлоо комитети быйыл сентябрда шаардык кеңешти тандоого Кыргызстан менен Түркмөнстандын жарандары да катыша алат деп билдирди. Оппозиция болсо мунун баары “Бирдиктүү Орусия” партиясы үчүн гана жасалып жатат дейт.

Тюменде эми шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого айрым борбор азиялык мигранттар да катыша алат деген жаңылык азыр жергиликтүү деңгээлде чоң чууга айланды. Бийликтердин айтымында, алар жергиликтүү кеңеште добуш берсе да болот, талапкерлигин койгонго да укуктуу.

Тюмень облусунун шайлоо комитетинин катчысы Андрей Николаев абал жөнүндө “Азаттыкка” сүйлөп жатып, шаарда туруктуу жашаган жана тийиштүү каттодон өткөн кыргыз, түркмөн жарандары гана ушундай укукка ээ экенин баса белгиледи.

"Мына ушул учурда Орусия менен Кыргызстандын ортосунда кабыл алынган эл аралык келишим күчүнө кирет. Андай келишим Түркмөнстан менен да кабыл алынган. Ал жергиликтүү шайлоолорго тиешелүү. Бул норма Орусиянын Конституциясында да жазылган, - дейт Николаев. - Азыр мунун айланасында мынчалык кызуу талаш чыгып жатканын түшүнбөй турам. Анткени аталган эреже бизде иштеп жатканына көп болду. Тюмень шаарында массалык түрдө болбосо да, Орусия менен тийиштүү келишим бар өлкөлөрдүн жарандары буга чейин да шаардык кеңешти шайлоого катышып келишкен".

Тюмендеги шайлоо комитети бул жөнүндө расмий билдиргенден кийин Орусиядагы коммунисттик партиянын Тюмень облустук комитетинин биринчи катчысы, облустук думанын депутаты Тамара Казанцева чечимди кескин сындады. “Мунун баары өлкөдөгү бийликтин партиясынын (“Бирдиктүү Орусиянын” – ред.) шайлоодо жеңишин камсыз кылыш үчүн гана жасалып жатат”, - деди ал.

"Албетте, ошондой. Каяктардан адамдарды чогултуп келип, туруктуу жашайт деген документ жасай коюп, шайлоого катыштыруу өзү кимге керек? Муну бийликтин партиясы шайлоодо жеңип, облдумада биз үчүн орун аз болушу үчүн гана кылышат, - дейт Казанцева. - Азыр мен эле эмес, көптөр ушинтип ойлошот. Мен мурда мындай болгонун такыр билбейм. Балким, чет өлкөлүктөрдү мурда деле бизге айтпай туруп катыштырышкандыр? Азыр бул жакта 2-4 жылга туруктуу жашайм деген каттоосу бар мөөрдү алыш оңой эле да".

Мыйзамдын тили

Компартиянын депутатынын бул дооматына облустук шайлоо комитетинин катчысы кошулбайт. Андрей Николаев мунун баарын “жөн гана мыйзамдарды билбегендик” деп атады.

"Бул норма мамлекеттин Конституциясында жазылган болсо, анан кантип эле аны “Бирдиктүү Орусия” үчүн жасалды деп айта аласыз? Конституция ал партия түзүлгөндөн дээрлик 10 жыл мурда жазылган да. Муну эмне үчүн “жаңы чечим” деп атап жатышканын түшүнбөйм. Анткени ал Шайлоо жөнүндөгү мыйзамда да бар. Анын үстүнө тигил же бул аймак менен байланышы тыгыз чет өлкөлүктөргө шайлоодо катышуу укугун берүүнү улуттук мыйзамдар менен чечсе болот деген эреже “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө европалык Хартияда да” так көрсөтүлгөн, - деди “Азаттыкка” Тюмень облусунун шайлоо комитетинин катчысы Андрей Николаев. - Менимче, азыркы сөздүн баары журналисттер бул чечимди туура түшүнбөй эле ой келди жазып жатышканынан болуп жатат. Айрым журналисттер азыр: “Гастарбайтерлердин баары шайлоого катыша алат экен” деп жазышууда. Антип шайлоо комитетинен эч ким комментарий берген эмес. Сөз Орусия менен атайын эл аралык келишими бар өлкөлөрдүн жарандары жөнүндө гана болуп жатат".

Гастарбайтерлер баары шайлоого катышат деген туура эмес
Чындап келгенде, азыр облустук шайлоо комитетинин бул чечиминен Тюменде жашанган кыргызстандык жарандар деле жакшы кабардар эмес. Ал жерде “Биримдик” деп аталган кыргыз диаспорасынын төрайымы Канзада Сманова “Азаттыкка” сүйлөп жатып, кыргызстандыктардын көпчүлүгү алда качан эле орус жарандыгын алышканын, шайлоолорго орус жараны катары эле катышаарын айтат. Ал эми кыргыз жараны катары туруктуу жашоого укук алгандар аз, демек акыр аягында шайлоого катышууга укук ала тургандар деле көп болбойт.

"Буга чейин кыргызстандык жарандар Тюменде жергиликтүү шайлоолорго катышканын билбейм. Акыркы бир-эки айда гана “вид на жительство” алгандар болуп жатат, алар деле аз. Тюмень шаарында үч-төрт миң кыргыз болсо, алардын көбү орус жарандыгын алган. Алардан сырткары убактылуу эмгек мигранты катары келгендер бар. Мына, бир сезондо эле “Газпромго” 600дөй адам ишке орношту. Алар убактылуу эле Кыргызстандан келгендер. Көп мигранттар кызмат көрсөтүү тармагында, жигиттер курулушта, кыздар соода-сатыкта иштешет. Ал эми шайлоого катыша ала турган, туруктуу жашоого укук алгандардын саны 10-15 адамдан ашпайт", - дейт Канзада Сманова.

"Маанилүү аймак"

Тюмень облусу жалпы Орусиянын мунай жана газ запастары эң көп табылган аймагы катары белгилүү, өндүрүшүнүн көлөмү боюнча өлкөдө биринчи орунда турат. Акыркы 10-15 жылда кыргызстандык мигранттардын ичинде да аймакка агылгандар көбөйгөн.


Облустагы Сургут шаарында кыргыздардын “Кыргызстан-Түндүк” деген аталыштагы коомдук уюму да бар. Анын жетекчиси Кубаныч Айдаров биздин суроолорго жооп берип жатып, шаардагы 3,5 миңдей кыргызстандык жергиликтүү кеңештерди шайлоого катышканын такыр укпаганын айтат: "Жок, мындай болгон эмес. Мен биринчи жолу угуп жатам. Биз буга чейин Кыргызстандын гана шайлоолоруна катышып жүргөнбүз. Орусияныкына биздин жарандар катышканы тууралуу бир да укпаптырмын".

Сөзүбүздүн башында Орусиянын Тюмендеги шайлоо комитетинин катчысы кыргыз жана түркмөн жарандары Орусия менен кабыл алынган эл аралык келишимдин негизинде жергиликтүү шайлоолорго катышууга укугу бар экенин айткан. Ал документ 1997-жылдын 19-мартында ратификациядан өткөнү жана 2001-жылдын 6-январында Орусияда күчүнө киргени айтылат.

Муну "Бирдиктүү Орусия" шайлоодо утушу үчүн эле жасашат
Ал документте “ушундай эле эреже Кыргызстанда туруктуу жашаган орус жарандары үчүн да таркатылат” деп айтылган. Бирок ал же аткарылбайт, же Кыргызстан тараптан ратификациядан өткөн эмес. Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин юристтеринде да, Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясында да бул жөнүндө маалымат жок.

“Азаттык” комментарий сурап, Бишкектеги Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматовго кайрылды:

"Мен ал келишим жөнүндө билбейт экем. Ал бизде ратификация болгон эмес окшойт. Себеби Орусиянын жарандары биздеги жергиликтүү шайлоолорго да, башка шайлоолорго да такыр катыша алышпайт. Биздин мыйзамдарда “Кыргызстандын жарандары гана шайлоолордо добуш бере алышат жана шайланууга укуктуу” деп жазылган. Балким, ал келишим бир тараптуу эле Орусияда жактырылган болушу мүмкүн".

Тюменде минтип туруктуу жашаган кыргыз жана түркмөн жарандарына жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга укук берилиши президент Владимир Путиндин "Бирдиктүү Орусия” партиясына упай топтош үчүн жасалып жаткан болушу мүмкүн дегенге Жеңиш Акматов да кошула турганын айтты.

"Ал жерде туруктуу жашоого укук алган адамдар - жарандык үчүн документтерин берип, аны күтүп жаткандар. Ошондуктан бийлик аларга көбүрөөк басым жасап, өзүнө керектүү добуштарды жасатууга мүмкүнчүлүгү чоң болот. Мен коммунисттердин коюп жаткан жүйөөлөрүн туура деп эсептейм", - дейт Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү.

Пайдасы бийликкеби же мигранткабы?

Тюмендеги коммунисттик партиянын биринчи катчысы Тамара Казанцеванын айтымында, азыр алар облустук шайлоо комитетинин чечимин жокко чыгартыш үчүн Конституциялык сотко жиберген арызына жооп күтүп жатышат.

"Эгер баары бир ал эреже күчүнө киргизилсе, биз мыйзамдын чегинде ага каршылыгыбызды көрсөтөбүз. Көчөгө чыгабыз. Биз эле эмес, башка партиялар да, ЛДПР, “Акыйкат Орусия” партиялары да бизге кошулат деп ойлойм. Анткени облустук думада өзүбүздүн депутаттар болушун каалайбыз", - деди коммунисттердин Тюмендеги лидери Казанцева.

Тюмендин шаардык кеңешине кыргыз жарандары депутаттыкка талапкерлигин коюшу мүмкүнбү? Азырынча андай каалоо-мүдөөсү бар адамдар тууралуу эч бир маалымат жок. Ал жактагы коомдук турмушка активдүү аралашкан кыргызстандыктардын дээрлик баары алда качан эле орус жарандыгын алышкан, көптөн бери жашагандар. Ошолордун ичинде саясатка аралашам дегендери бар. Алардын бири - мурдагы кыргызстандык, азыркы орусиялык жаран Канзада Сманова.

"Мен өзүм деле депутаттыкка аракет кылсамбы деген оюм бар, - дейт ал. - “Бирдиктүү Орусияга” мурдатан бери эле мүчөмүн, алар менен мамилем жакшы. Тюменде мен жетектеген “Биримдик” кыргыз диаспрорасы менен “Бирдиктүү Орусия” партиясынын ортосунда биз биринчилерден болуп кызматташтык жөнүндө келишимге кол койгонбуз, тыгыз катташып, көп иштерди бирге жасап жүрөбүз. Алдыдагы беш жылда мен да саясатка аралашып, бул жакта депутаттыкка ат салышсам деген ниетим бар".

Орусиянын бул шаарындагы кеңешти шайлоого кыргызстандык жана түркмөнстандык жарандардын катыштырылышы ал мамлекеттеги башка шаарларга да таркатылышы мүмкүнбү? Эгер андай болсо, мигранттар тигил же бул саясий күчтөрдүн электоратынын канча пайызын түзүшү, анан эң башкысы - кимди колдошу мүмкүн?

Бул суроолорго балким, сентябрдагы шайлоодон кийин жооп табылар.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG