Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Мигрант өз акчасына депортацияланат


Быйыл Орусия мыйзамсыз мигранттарды өлкөдөн чыгарууга бөлүнүп келген каражатты кыскартты.

Орусияда мыйзамсыз мигранттарды убактылуу кармоочу жайлардагы абал курч бойдон калууда.

Акыркы айларда бир катар мындай жерлерде мигранттар козголоң да чыгарган. Ал эми бийлик өкүлдөрү мигранттарды убактылуу борборлордо кармоо федералдык бюджетке чоң чыгым алып келип жатканын белгилөөдө.

Камактагылардын көбү борборазиялыктар

Орусияда мыйзамсыз мигранттарды убактылуу кармаган 80дей борбор иштейт. Аларда 5700дөй мигрант бар болсо, алардын басымдуу бөлүгү борборазиялыктар экенин орусиялык басылмалар маалымдашты. 1 700 мигрант сот чечими чыкса да, каражаттын таңсыктыгынан мекенине депортациялана элек.

Ал эми жалпы Орусия боюнча соттор жыл башынан бери сот 23 миң мигрантты өлкөдөн чыгаруу боюнча чечим чыгарса, ушул тапта алардын 11 миңи гана депортацияланган.

Быйыл Орусияда мыйзамсыз мигранттарды өлкөдөн чыгарууга бөлүнгөн каражат 400 миллион рублдан 100 миллионго чейин кыскарды.

Орусияда федералдык бюджеттен мигранттарды убактылуу камоочу жайларга бөлүнгөн каражат кыскаргандыктан, аларды өз эсебинен өлкөдөн чыгаруу же болбосо камоочу жайларда коомдук иштерге мажбурлоо демилгелери көтөрүлүүдө.

- Убактылуу камоочу жайларда мигранттарга мекенине кетүүгө өз алдынча билет сатып алууга шарттар түзүлүшү керек. Аларга аймактарды жашылдандыруу же жакшыртуу иштерин тапшыруу мүмкүн. Эгерде ал качып кетүүгө аракет кылса, ага кошумча жоопкерчилик тагып же айыппулга жыгууга болот, - дейт Орусия президентине караштуу жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укуктары боюнча кеңешинин өкүлү Евгений Бобров.

Миграция борборунун абагындагы кыргызстандыктар

Миграция борборунун абагындагы кыргызстандыктар

Москванын четиндеги мигранттарды убактылуу кармоочу жайда 60тан ашуун кыргызстандык бар. Алардын айрымдары сот чечимин эки жылдан бери күтүп келатат.

Москвада иштеген кыргызстандык Мээримдин жолдошу миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн Орусиядан Кыргызстанга депортацияланган. Мээрим күйөөсүн камоочу жайдан чыгаруу үчүн жол чыгымдарын өздөрү төлөгөнүн айтып берди.

- Билет сатып алуу үчүн ал жакта бизге айтылган банк счетуна акча которуп бердим. Билетти 11 миң рублдын тегерегинде алдым. Ал убакта Кыргызстанга авиа агенттик аркылуу билеттер 5-6 миң рублдын тегерегинде болчу. Күйөөм ал жакта шарттар начар экенин айткандыктан, жугуштуу ооруларга чалдыкпасын деп эрте чыгарып кетүүгө аракет кылдык. Орусия өкмөтүнүн эсебинен кетүүгө дагы болот экен. Бирок ал үчүн узак кезекке туруу керек дешти. Ал жакта отургандар көп да. Кезек тиерине көзүбүз жеткен жок. Ал эми Москвада жакын тууган-туушкандары жоктор кантип жатканын билбейм.

Орусия менен Кыргызстандын ортосунда реадмиссия, башкача айтканда, мыйзамсыз мигранттарды өлкөдөн чыгаруу боюнча келишим бар. 2012-жылдагы келишимге ылайык, кыргыз бийлиги мыйзамсыз мигранттар толугу менен Орусиянын эсебинен депортацияланарын айткан.

Мыйзам бузган кыргызстандыктар

Укук коргоочу Андрей Бабушкин Орусияда мыйзамсыз мигранттарды депортациялоого кетчү чыгымдарды мигранттардын өздөрүнө жүктөө тажрыйбасы кеңири колдонула баштаганын белгилейт.

- Акыркы убакта өлкөдөн чыгаруу маалында мигранттарга кетчү чыгымдарды кыскартуу үчүн авиабилеттерди алардын өз эсебинен алууга түртүү сыяктуу көрүнүш пайда болду. Биз бул боюнча нааразылыгыбызды билдирип жатабыз. Албетте, өкмөт өзүнүн милдеттерин аткарышы керек. Кээ бир мигранттар мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан ал жакта калып кетип жатпайбы. Бул жайларды мигранттарды кармоого Орусия өкмөтү айына ар бир мигрантка 23-25 миң рубль каржы бөлөт. Бул тамак-аш, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, кызматкерлердин акысы жана башка ушул сыяктуу чыгымдарга кетет. Биз жакында эле Москвадагы кармоочу жайда болуп келдик. Алар быйыл беш миңден ашуун мигрантты өз өлкөлөрүнө чыгарышкан. Кыргызстандык мигранттар камактагылардын 10 пайызга жетпеген бөлүгүн түзөт.

Сахароводогу миграциялык борбор.
Сахароводогу миграциялык борбор.

Акыркы убакта мигранттардын борборунда камактын шарттарына нааразычылык билдиришип, мигранттар бир катар аргасыз чараларга барган. Августта Екатеринбургда камактагы мигранттар эки жолу тополоң чыгарып, Ярославлдагы камоочу жайдагы мигранттар өздөрүнө кол салышкан.

Сентябрдын аягында Оренбург облусундагы камакта жүздөн ашуун мигрант ачкачылык жарыялап, ал эми Ленинград облусундагы камактан 14 мигрант качып чыкканы маалымдалган. Июлда Тула облусундагы камоочу жайда 30 жаштагы өзбекстандык мигрант өз өмүрүн кыйган.

Орусияда жалпысынан 600 миңге чукул кыргызстандык мигрант эмгектенет. Миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн алардын 116 миңден ашууну Орусияга кирүүгө бөгөт коюлган. Ал эми мигранттар эң көп байырлаган Москва шаары жана облусуна тиешелүү Сахароводогу мигранттарды камоочу жайда кыргызстандык мигранттардын саны 100гө жакын.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG