Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:49

Орусияда мигранттардын маданий жана социалдык ыңгайлашуусун жакшыртуу демилгеси көтөрүлүүдө. Президент Владимир Путин мигранттардын орус эл-жерине көнүшүп кетүүсү боюнча маселелерди бир федералдык орган өзүнүн көзөмөлүнө алып, улуттук коомдук бирикмелердин ишине колдоо көрсөтүү керектигин белгилеген.

Кечээ Астраханда өткөн улуттар аралык мамилелер боюнча президенттик кеңештин жыйынында Владимир Путин мигранттардын социалдык ыңгайлашуусуна өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Ал ошондой эле “Орусия улуту жөнүндө” федералдык мыйзам кабыл алуу демилгесин колдорун ырастады:

- Мигранттардын социалдык-маданий ыңгайлашуусуна өзгөчө көңүл буруу керек. Бул тармак азыркы кезде жетиштүү укуктук нормалар, уюштуруучулук жана экономикалык инструменттер менен камсыз болгон эмес. Бул багытка жооп берчү федералдык орган аныкталып, атайын адистерди жумушка алуу керек. Улуттар арасында мамилени чыңдоо боюнча коомдук уюмдарга колдоо көрсөтүлүшү дагы маанилүү. Аларга атайын жеңилдиктер каралышы керек.

Кремлден чыккан мындай демилгелерди Орусиядагы мигранттык уюмдар колдоо менен кабыл алууда.

Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Турсумбай Кубатбеков да федералдык деңгээлде чоң программалар ишке ашырылса, кыргызстандык мигранттардын Орусияда көнүшүүсүнө жакшы шарттар түзүлмөк деген ойдо. Ал бүгүнкү күндө кыргызстандык мигранттар жергиликтүү калк менен аралашып, жергиликтүү шарттарга ыңгайлашпастан, өз-өзүнчө топ-топ болуп бөлүнүп, обочолонууда деп белгилейт.

- Биз совет мезгилинде билим алып, кесибибиз менен жумушка орношуп, жергиликтүү эл менен алака түзүүгө аракет кылчубуз. Азыр андай болбой жатпайбы. Орусияга иш издеп келгендер тааныш-туугандары аркылуу келишет, ошолор аркылуу жумушка орношот. Анан курулушта же тазалык кызматында бир жерден чыкпай эле, топ-топ болуп өздөрүнчө иштеп жатышат. Эс алууга барышса да кыргыз кафелерине, соода үчүн кыргыз дүкөндөрүнө барышат. Жергиликтүү калк менен аралашпай, өздөрүнчө кыргызча сүйлөп обочолонуп, бөлүнүп калып жатышат.

Орусияда бир топ жылдардан бери жашаган Кулийпа Алиева орус бийлиги тарабынан көтөрүлүп жаткан демилгени мындайча түшүндүрөт.

Курулушта же тазалык кызматында бир жерден чыкпай эле, топ-топ болуп өздөрүнчө иштеп жатышат. Эс алууга барышса да кыргыз кафелерине, соода үчүн кыргыз дүкөндөрүнө барышат.

- Эмгек мигранттарын негизинен мыйзамдуу мигранттар жана мыйзамсыз мигранттар болуп бөлсөк болот. Орусияда мыйзамдуу иштеген мигранттар туруктуу жумуш, айлык маяна менен камсыз болушкан. Андыктан, жашоого өздөрүн турак-жай менен камсыз кыла алышат. Ошондо алар толугу менен социалдык жактан камсыз болушкан, бош убактыларында театр же киного барып, маданий турмушка дагы активдүү катышат. Ал эми мыйзамсыз мигранттарды ыңгайлаштырууга көп иш-чаралар талап кылынат. Аларга тил үйрөтүп, жумушка орноштуруп, Орусиядагы жашоого даярдоо керек. Алар жумуш күчүн эксплуатация кылууну каалагандарга эле керек. Чындыгында, Москвада мигранттарга тил үйрөтүү борборлору, укуктук жактан маалымат берчү мекемелер жана улуттар маселесин жөнгө салчу уюмдар дагы кенен, башкача айтканда, мигранттарга шарттар бар. Кеп мыйзамсыз мигранттардын аларды колдоно билүүсү, өздөрүн мыйзамдаштырууга аракети жөнүндө болуп жатат.

Орусиядагы мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов чындыгында эле улуттук коомдук уюмдарга колдоо көрсөтүлүп, керектүү шарттар түзүлсө, абал жакшы нукка буруларын белгилейт. Коженовдун белгилешинче, буга чейин мигранттардын социалдык-маданий ыңгайлашуусу тууралуу жогорку деңгээлде сөз деле болгон эмес.

- Азыр демилге көтөрүлүп жаткан менен бул тууралуу бир нерсе айтуу кыйын. Программа ишке кирип аягына чыккан соң жыйынтыгын айтууга болот. Биздин федерация азыр жалпысынан жүздөй улуттук диаспоранын башын бириктирип турабыз. Алардын арасында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү дагы бар. Биз көбүнчө миграциялык мунапыс жөнүндө демилгени көтөрүп, мигранттарды Орусияга кирерде милдеттүү түрдө дактиласкопия жана медициналык текшерүүлөрдөн өткөрүү сунуштарын көтөрүп жатабыз. Ал эми социалдык-маданий маселелер боюнча иштеген бизде комитет бар. Мурунтан федералдык деңгээлде мигранттардын ыңгайлашуусу жөнүндө маселе деле каралган эмес.

Мигранттардын социалдык ыңгайлашуусун камсыздоо иштери Орусияда бир жарым жыл мурун түзүлгөн Улуттар маселеси боюнча федералдык агенттикке жүктөлмөкчү. Орусияда иштеген чет элдик мигранттардын саны 10 миллиондон ашуун.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG