Расмий Ашхабад түркмөн чек арасына жакын жашаган казак жарандары үчүн визасыз режимди убактылуу токтотконун Казакстандын батышындагы Маңгыстау аймагынын расмий өкүлдөрү билдирди. Алар бул чара Түркмөнстандын 27-октябрдагы эгемендик күнүнө чейин уланаарын айтышты.
Келишимге ылайык, Маңгыстау аймагынын жашоочулары Түркмөнстандын Балкан аймагында беш күнгө чейин визасыз жүрө алышат.
Түркмөнстан коопсуздукка байланыштуу ачык айтылбаган себептерден улам түркмөн-казак чек арасын июль айында да эки жолу убактылуу жапкан. (KKs)