Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:33

Путин: негизги сокку президенттик шайлоодо болот


Владимир Путин түз эфирде
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:19 0:00

15-декабрда Орусияда премьер-министр Владимир Путиндин салтка айланган түз ободогу эл менен баарлашуусу өттү.

"Владимир Путин менен баарлашуу. Уландысы" деген аталыштагы программа бардык мамлекеттик телеканалдардан Москва убактысы боюнча түшкү саат 12де башталып, саат 16.30 да аяктады.

Түз эфир башталганда эле акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктары жана нааразылык акциялары, митингдер боюнча суроолор жаады.

- Менин оюмча, - деди Путин. - Шайлоонун жыйынтыктары өлкөдөгү күчтөрдүн чыныгы көрүнүшүн айкындады. Башкы күч - бул “Бирдиктүү Орусиянын” алы кете баштагандыгында таң калычтуу эчтеке жок, мени уксаңар, биз аябай оор мезгилди - экономикалык каатчылыкты баштан өткөрдүк.

Ошентип, Путин өлкөдөгү нааразылыкты экономикалык каатчылыкка байланыштырды жана негизги чабуул президенттик шайлоодо да болоорун божомолдоду:

- Мен негизги сокку президенттик шайлоого туш келээрин түшүнүп турам.

Президенттик шайлоо Орусияда 4-мартка белгиленген, Путин анда негизги талапкер катары каралууда.

Чабуулдар темасын уланткан Путин: “Оппозиция ар дайым шайлоо таза өткөн жок дейт. Бардык өлкөлөрдө ушундай. Кандай формада айтылаары гана саясий маданиятка көз каранды”, - деп белгиледи.

Путин берген жооптордун кызыктуусу - шайлоо участкаларынын ар бирине веб-камера орноштуруу сунушу болду.

- Мен Боршайкомдон бардык шайлоо бекеттерине веб-камераларды орнотууну суранам. Орусияда алардын саны 90 миңден ашат. Алар күнү-түнү иштесин.

Путин түстүү ыңкылаптар атайын даярдалат деген пикирин да ачыктады:

- Түстүү ыңкылаптар боюнча баары түшүнүктүү. Бул коомдогу туруксуздукту жаратуу боюнча иштелип чыккан схема. Бул схема өзүнөн өзү жаралган эмес. Украинадагы ыңкылапта биздин айрым оппозиция мүчөлөрү расмий түрдө ошондогу президент Ющенконун кеңешчилери болуп иштеген. Бул тажрыйбаны эми алар Орусияга алып келүүдө.

Путин оппозиция элди койго теңеди деп да баса белгилеп кетти.

Премьер-министр америкалык сенатор Жон Маккейнге келгенде ачуусун жашырбады. Жон Маккейн буга чейин бир нече жолу Орусияны Ливия менен салыштырып, Каддафинин өлүмү Путинди ойлондурушу керек деген болчу.

- Бул жеке мен эмес, Орусияга айтылган сөз. Кээ бир күчтөр Орусияны четке жылдырып, жер шарын толук башкаргысы бар. Маккейн мырза Вьетнамдагы согушка катышкан, анын колу карапайым адамдардын канына бойолгон, - деп Путин Батышты да сындап өттү. Анын ою боюнча, Батыш өлкөлөрү Орусиянын ядролук потенциалынан коркушат.

Путиндин бул түз эфирдеги суроо-жооп жыйыны дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурду. Бир чети анын бүгүнкү сөздөрү оппозицияга түз, каймана – түрдүү жолдор менен белги бергендей туюлду. Орусия премьери адаттагыдай эле ачуу тамаша аралаштыра сүйлөдү. Айрым курч жана конкреттүү суроолорго бүдөмүк жооп берип жатты.

Премьер-министрдин маалымат катчысы суроолор алдын ала даярдалбаганын, бирок материалдар алдын ала кылдаттык менен чогултулганын билдирди.

Көпчүлүк блогерлер Путинге ишенген жокпуз деп, интернетте анын айткандарына сын-пикир айтып жатышат.

10-декабрда Орусиядагы акыркы 10 жылдагы эң ири митинг болуп өткөн. Анын негизги талабы - парламенттик шайлоо жыйынтыктарын тааныбоо, кайра шайлоо өткөрүү. Оппозициянын кийинки чоң митинги 24-декабрда күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG