Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Питердеги "террорчунун" туугандары


Акбаржондун Одноклассникидеги сүрөтү
Акбаржондун Одноклассникидеги сүрөтү

Орусиянын тергөөчүлөрү Санкт-Петербург метросунда бомба жардырды деп шектелген адамды 22 жаштагы Акбаржон Жалилов деп атады. Бул тууралуу Федералдык иликтөө комитети 4-апрелде билдирди.

Иликтөөчүлөр Жалиловдун "генетикалык издерин" Петергбургдун "Площадь Восстания" станциясында табылган бомба салынган баштыктан да табышкан.

"Генетикалык тест жана көзөмөл камералардын видеолору метродо теракт жасаган адам баштыкты "Площадь Восстания" станциясына таштап кеткен деп айтууга негиз берет",-деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.

Буга чейин орус иликтөөчүлөрү Санкт-Петербургда 14 кишинин өмүрүн алган терактка шектүү адамдын сөөгүнүн калдыктарын жардыруу болгон жерден табышканын кабарлашкан.

Петербург: терактка шектүүнүн аты расмий жарыяланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Санкт-Петербургдагы терактты ишке ашырууга шектелген адам Кыргызстанда төрөлгөнү тууралуу кабарды ырастады. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Азаттык" радиосуна төмөнкүчө маалымат берди:

- Терактка тиешеси бар экени айтылган жаран Кыргызстанда төрөлгөнү аныкталды, кийинчерээк Орусиянын жарандыгын алган. Учурда Кыргызстан менен Орусиянын атайын кызматтары бул багытта кызматташып, иликтөө жүргүзүп жатат.

Маалыматтарда Жалилов Кыргызстанда туулуп, Ош облусунун Он-Адыр айылында чоңойгон. Бирок Орусияга кетип, 16 жашка толгондо дароо эле орус паспортун алган. Ошондой эле Акбаржон Жалилов Орусияда аскерде кызмат өтөгөнү айтылууда.

"Акбаржон андай ишке бармак эмес"

Петербургдагы терактка айыпталып жаткан Акбаржан Жалиловдун бир туугандары, ата-энеси жана атасынын бир туугандары коопсуздук кызматына сурак берүүдө.

Күйөөлөрү суракка чакырылып, балдары менен үйдө калган келиндер кайниси Акбаржон Жалилов тууралуу буларды айтышты:

- Кайнибиз орус паспортун алган, аскердик милдетин орус армиясында өтөгөн деп уккан элек. Аны акыркы жолу үч жыл мурда, бир тууганыбыздын тоюнда көргөнбүз. Ошондон бери аны көрө элекпиз. Алар биз менен эки жыл гана бирге жашаган. Андан бери сегиз жыл өттү. Он-Адырга көчүп кетишкен. Азыр ал үйдө ата-энеси турат. Өзү болсо Орусияда жүргөн. Кайнибизди жакшы көрчүбүз. Аябай элпек эле. Эмнеге жумшасаң айтканыңды аткарчу. Заманбап кийинчү. Андан террорист чыгат дегенге ишене албай турабыз.

Дилабзо
Дилабзо

Акбаржон Жалиловдун жакын туугандары УКМКга 4-апрелде эртең менен суракка барып, кечке чейин чыгышкан жок. Акбаржондун атасы Акрам Жалиловдун бир тууганы Иминжан Жалилов гана коопсуздук кызматына чакырыла элек. Иминжандын аялы Дилабзо да Акбаржан орус армиясында кызмат өтөгөнүн айтты:

- Акбаржон үйлөнө элек. Орус армиясында милдетин өтөдү деп уккам. Армияда кызмат кылып жаткан бала ушундай ишке барат деп ойлобойм. Таң калып отурам. Бирдеме болсо биз угат элек да. Мектепте жакшы окуган эстүү бала эле. Токтогул мектебин аяктаган. Ишенбесеңер мугалимдеринен да сурап көрсөңөр болот. Анын Орусияга кеткенине беш-алты жыл болуп калды окшойт.

Акбаржондун ата-энеси жашаган үйдүн дарбазасы биз барган учурда кулптанып турган экен. Атасы Акрамжон, апасы Одинахон, бир тууган эжеси, 17 жаштагы иниси жана Акромдун Асан жана Үсөн аттуу инилери, жалпысынан алты адам УКМКнын жергиликтүү башкармалыгында сурак берип жатышыптыр.

Анваржон Дадажанов
Анваржон Дадажанов

​Он-Адыр айыл аймагындагы маале башчысы Анваржон Дадажанов Акбаржондун үй-бүлөсү тууралуу буларды айтты:

- Бул үйдө Жалилова Одинахон деген аял жашайт. Анын эки уулу жана бир кызы бар. Кызын турмушка узаткан. Улуу баласы ошол сөз болуп жаткан Акбаржон Жалилов. Ал көбүнчө Орусияда жашайт. Орусиянын жарандыгын алган. Атасы Акрамжон Жалилов дагы орус жараны. Ал дагы көбүнчө Орусияда жашайт. Маал-маал Ошко келип калат. Бул жолу дагы өз үйүнө келгенине 1,5-2 ай гана болгон эле. Бул үйдө эне-бала жалгыз жашайт. Акбаржондун бул ишке барганына ишенбейм. Анткени алар эл катары эле жашаган адамдар болчу.

Туугандары элпек, кичипейил, динге анча берилбеген деп сүрөттөгөн Акбаржон Жалилов социалдык тармактарда активдүү деле болгон эмес. Бирок анын Одноклассники тармагындагы жалгыз сүрөтү азыр бүт дүйнөгө тарап кетти. Орусиянын коопсуздук кызматтары теракттын күнөөкөрү деп Жалиловду аташууда.

Дүйшөмбү күнү түш оой Санкт-Петербургдагы эки метро станциясынын ортосунда поезд вагону жарылган. Андан көп өтпөй дагы бир метро станциясында жарылбай калган бомба табылган.

Буга чейин адам курмандыгына алып келген теракттар үчүн кыргызстандыктар айыпталып, бирок такталбай калган учурлар болгон. Стамбулда Жаңы жыл майрамында түнкү клубга кол салуу боюнча алгачкы күндөрү Кыргызстандын жараны Яхъё Машрапов шектелип, бирок бул маалымат ырасталган эмес. Стамбулдун губернатору Васип Шахин 39 адамды атып өлтүрүп, 69ун жарадар кылган шектүү адам 1983-жылы Өзбекстанда туулган Абдулкадир Машарипов экенин маалымдаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG