Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:32

Москва: мигранттарды кооптондурган кол салуулар


Сулайман Саидов
Сулайман Саидов

Москвада соңку күндөрү борборазиялык мигранттарга болгон кол салуулар кыргыз мигранттарын да кооптондурууда. Орусия баш калаасында өткөн жуманын этегинде өзбек жана тажик жарандары жергиликтүү тургундардын ок атуусуна кабылып, жаракат алышкан эле.

9-апрелде Москванын Строгино районундагы Исаковский көчөсүндө темир тосмону сырдап жаткан жумушчуларды ошол жердеги көп кабат үйлөрдүн биринде жашаган тургун уктоого тоскоол кылганы үчүн айыптап, кыйкырып тилдеп кирген. Бул учурда саат эртең мененки он жарымдар чамасы эле. Ал тилдеп гана тим болбой, терезеден аларга бөтөлкө жана башка буюмдарды ыргыта баштаганда жумушчулар полиция чакырып, четирээк жакка өткөн. Бирок ошол маалда ачык турган терезден атылган ок өзбекстандык эмгек мигранты, 19 жаштагы Лочинбек Тураевдин желкесине тийип, аны жарадар кылды.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын Москвадагы кабарчысы Лочинбек менен байланышып, ал жеңил жаракат алганын аныктады. Ал орусиялык кабарчыларга буларды айткан:

- Мен тосмону сырдап жатканда желкеме бир нерсе тийди. Эмне болуп кеткенин алгач аңдай албадым. Башчыбыз полиция жана тез жардам чакырган экен, мени дарыгерлер алып кетишти. Болжолумда экинчи кабаттан аткандай болду.

Бул окуядан соң полиция үйүнө бекинип алган жерден 40 жаштагы Андрей Стариковду кармады. Ал мигранттар машинесин сырдап коюусунан коркуп, ок атканын айткан. Кийинчерээк анын аймактык психоневрология бөлүмүндө каттоодо турганы, кошуналары менен да тез-тез жаңжалдашып турары белгилүү болду.

“Московский комсомолец” гезити жазышынча, Стариков буга чейин да колу-коңшуларынын айнектери менен машинелерине травматикалык тапанчадан ок аткан экен. Тергөөчүлөр Москванын бул тургунуна ээнбаштык беренеси боюнча иш козгоду. Бул айып менен ал 8 жылга чейин камалышы мүмкүн.

Бул окуядан бир күн мурда, 8-апрелде Москванын Калужская метробекетинде тажикстандык бир мигрантка да ок атылган. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, орус улутундагы бир жүргүнчү тажикстандык 19 жаштагы Мухаммаджан Хакимовду поезд вагонунан чыгып кетүүнү талап кылган. Тажик жигиттин жанындагы тууганы Сулайман Саидов чыр чыгарган жаранды тынчтандырууга аракет кылганда ал “Оса” пневматикалык тапанчасын алып чыгып, тажик мигрантын башка бир канча жолу атып жиберген. Окуя болгон жерден ооруканага жеткирилген Сулайман Саидовдун башына эки ок тийип, бир ок көзүнө кадалып калганы аныкталды. Эми Москвадагы тажик диаспорасы анын көзүнө операция жасоо үчүн зарыл болгон 120 миң рублду топтоого киришти. Ага ок аткан москвалык 59 жаштагы Сергей Царев кармалып, эки айга камакка алынды. Тергөөчүлөр ага “адам өмүрүнө кол салуу беренеси” менен иш козголгонун кабарлады.

Бул окуядан соң Москвадагы тажик элчилиги орус Тышкы иштер министрлигине тажикстандыктарга кол салуу иши боюнча калыс тергөө жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылды.

Москвадагы журтташтарыбыздын бири Акмат Асанов борборазиялык мигранттарга карата мындай мамиле кыргызстандык мигранттарды да чочулатып жатканын айтат.

- Мындай кабарларды биз деле угуп, көрүп жатабыз. Албетте мындай окуялар болгон сайын кыргыз мигранттарынын арасында да кооптонуу күчөйт. Бөтөн эл, бөтөн жерде дагы эмне болуп кетет деген чочулоо баары бир тооруп турат да. Бирок айла жок, сактанганды Кудай сактайт деп коюп көчөгө чыга беребиз.

Москва метросунда быйыл 15-февралда кыргыз жарандары да кол салууга кабылган. Орус жараны урган бычактан анда 31 жаштагы Анарбек Жукушев аттуу кыргыз мигранты каза таап, 29 жаштагы Максат Асынбеков аттуу бир жаран жаракат алган эле. Окуя болгон жерде полиция кызматкерлери 23 жаштагы орус жаранын изин суутпай кармап калууга үлгүргөн.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG