Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:50

АӨБ Тажикстанга 460 млн доллар инвестиция салат


Тажикстан президенти Эмомали Рахмон АӨБ вице-президенти Венкай Жанг менен жолукту.
Тажикстан президенти Эмомали Рахмон АӨБ вице-президенти Венкай Жанг менен жолукту.

Жаңы стратегиялык кызматташтыктын алкагында Азия Өнүктүрүү банкы (АӨБ) Тажикстанга 460 млн долларлык инвестиция салууну көздөөдө. Ал энергетика, транспорт, айыл чарба сыяктуу талылуу экономикалык тармактарды камтыйт.

Бул тууралуу банк жетекчилиги 23-сентябрда Дүйшөмбүдө кызматташтык стратегиясына арналган жыйында билдирди. Стратегиядагы максаттар 2016-2020-жылдары ишке ашырылары күтүлүудө.

АӨБ вице-президенти Венкай Жангдын айтымында, ушул максатта быйыл Тажикстанга 140 млн доллар бөлүнөт.

Тажикстандын экономика жана соода министри Нематулло Хикматуллозоданын белгилешинче, бул кызматташтык тууралуу төртүнчү документ. Буга чейинки каржылык жардамдар экономиканын өнүгүшүнө, жакырчылыктын кыскарышына олуттуу таасир көрсөткөнүн министр белгиледи.

XS
SM
MD
LG