Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Ташкен тоо тешип темир жол салды


Ангрен-Пап темир жол туннели.
Ангрен-Пап темир жол туннели.

Орусиялык басмаларда жума ичинде жарык көргөн Борбор Азия темаларына сереп.

"Регнум" маалымат агенттиги Тажикистанда жоолук оронгон аялдар каттоого алына баштаганын маалымдайт. Кожент шаарында милиция менен жергиликтүү акимчиликтин кызматкерлери базарларды жана соода түйүндөрдү кыдырып, мусулманча жолукту оронуп салынган 700гө чукул кыз-келинди каттоого алышкан. Макалада акыркы жылдары Тажикстанда хижаб кийгендерге каршы иш-чаралар күчөгөнү айтылат. Өлкө президенти Эмомали Рахмон кыз-келиндерди жоолукту оронбой, артка салынууга үндөгөнү белгиленет. Тажик өкмөтүндөгү аялдар комитетинин башчысы Идигул Косимзода дагы базар жана соода түйүндөрдүн ээлерине, ошондой эле мамлекеттик министрликтер менен мекемелердин жетекчилерине жумушчу кыз-келиндердин кийимине тыкыр көз салып, тажик элине жат үрп-адаттарды чектөөнү буйруганы баяндалат.

"Независимая газета" Ташкен тоо тешип Фергана өрөөнүнө чыкканын жазды. Макалада Өзбекстанда Ангрен-Пап темир жолу курулуп бүткөнү баяндалат. Мурунтан өлкөнүн бир бурчунан экинчи бурчуна жетүү үчүн Тажикистан аркылуу өтүү керек болуп келсе, жаңы жол Кытай - Борбор Азия – Европаны туташтырчу транзиттик коридордун маанилүү бөлүгү болору белгиленет. Ангрен-Пап темир жолу эки жыл ичинде кытайлык куруучулардын жардамы менен эки миллиард долларга курулган. Макалада бул жолдун ишке кириши региондогу геосаясий кырдаалды өзгөртүүдө, мамлекет же улут аралык конфликттерде Өзбекстан Фергана өрөөнүнө өзүнүн аскерин ыкчам жеткирүүгө мүмкүнчүлүк алды деп айтылат. Орусиялык басылма Тажикстан менен Кыргызстан Орусиянын темир жолдорун колдонорун, ага дагы Өзбекстан менен Казакстан аркылуу чыгарын баса белгилейт.

Eurasia Daily басылмасы Түркмөнстанда жаңы Конституция кабыл алынар алдында бийлик чет өлкөдөгү оппозицияны жоготууну көздөөдө деп жазат. 14-сентябрда Түркмөнстандын Баш мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилери, анда президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылары кошумчаланат. Макалада түркмөн бийлиги чет жакта жашаган оппозициячыларды тескөөгө аракет кылып жатат деп айтылып, Орусияда жашаган саясий качкын Акмухаммет Байхановго жума башында кол салуу болгону мисал келтирилет. Ошондой эле түркмөн бийлигинин талабы боюнча Беларуста түркмөнстандык саясий эмигрант Чары Аннамурадов камакка алынганы кошумчаланат.

"Лента.ру" Кыргыз өкмөтү мектеп окуучуларына окуу китептерди акча төлөп колдонууну сунуштаганы тууралуу жазып чыкты. Макалада Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун быйыл мектептер 80 пайызга эле окуу китептери менен камсыз болгонун айтып, китептерди окуучуларга атайын акыга берүү сунушун киргизгени баяндалат. Басылма Казакстандын билим берүү башкармалыгындагы жетекчинин орун басары Ахат Мештаев да убагында окуу китептерин акысыз алууну каалаган окуучуларды бекерчилер деп атап чыкканын кошумчалайт. Анда казакстандык кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылганы белгиленет.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG