Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:40

Салттар мыйзам менен жөнгө салынбайт


Соң-Көл жайлоосу. Иллюстрациялык сүрөт.
Соң-Көл жайлоосу. Иллюстрациялык сүрөт.

Эли элитага жарыбаган Кыргызстанда ырым-жырымдарды жөнгө салуу, аш-тойлордо чыгымды чектөө боюнча мыйзам долбоору неченчи ирет демилгеленди.

Буга чейин дагы ушул мүнөздөгү демилгелер көтөрүлүп, парламентте талкууланып, саясатчылардын, коомдук уюмдардын маалымат айдыңындагы кызыл чеке талашынын бутасына айланган.

Эмкиси демилгечилер өздөрү баалагандай конкреттештирилип, ашка же тойго чакырылгандардын эсебин алып, “менюсуна” чейин аныктаган “иштиктүү” мыйзам имиш. Абдан туура. Айрым учурларда обу жок көрүнүштөр менен коштолгон ашы да, тою да ысырапкерчилик. Айрым кыйындар жалпы чыгымды эсептеп да жиберишкен. Өлкөнү мына эми гүлдөтөлү десек, аш-тойго кеткен чыгымдар экономикабыздын айласын алты кетирди деп безеленишкен. Бирок негизинен карапайым эл үчүн гана түмөн түйшүк, оор жүк. А оокаттуулардын керек болсо кылы кыйшайбайт, чычкак улак өлгөндөй көрбөйт. Тескерисинче, алар үчүн кошумча каражат булагы, саясаттын инструменти, моралдык канааттануу, түркүн мүдөөсүнө жетүүнүн жолдорунун бири. Чыгымдарды чектөө демилгесин элге “кам көрүү” катары эсептегендер да арбын. Эгерде формалдуу эмес, чыныгы талкуу уюшулуп калса, анда төмөнкүлөрдү айтар элем. А балким бирди жарымы угаар, кеп кылайын.

Каада, нарк-насил, салт, үрп-адат, ырым-жырым, жөрөлгө, азем, зыйнат – мына ушунун баары байыртадан келе жаткан социалдык регулятор, коомдук турмушту, адамдын адамга, айлана-чөйрөгө мамилесин жөнгө салуучу эрежелер. Баары традиция деген универсал көрүнүшкө биригет. Болгону биз санап өткөн нерселердин ар бири мааниси, ишке ашуу жолу, масштабы, кырдаалга жараша функциясы менен айырмаланган социомаданий система. Каада-салт, ырым, жөрөлгө, зыйнат, азем сыяктуу традициялардын түрлөрү ири алдыда баалуулук. Экинчиден, этностун иденттүүлүгүн аныктоочу функцияга ээ. Этноско таандык болуу ошол этностун канынан жаралуу менен гана автоматтык түрдө аныкталбайт. Ошол этноско мүнөздүү баалуулуктарды, социомаданий эрежелерди, нарк-насилди, дүйнөтаанымды, мүнөздү, ыйык эсептелген нерселерди боюнча сиңирүү процессинде ишке ашат.

Традициялар прагматикалык жана сакралдык мүнөзгө ээ. Традициялардын прагматикалык мүнөзү турмуштук зарылчылыктар менен аныкталат, ошого жараша трансформацияланып турат. Ал эми сакралдык мааниси адамдардын бири-бири менен алакасынын, мезгилге жана мейкиндикке, барга жана жокко, жаратканга жана жаралган нерселерге, айлана-чөйрөгө, реалдуулукка мамилесинин философиясын, идеологиясын, символикасын чагылдырат.

Сунушталган мыйзам долбоору жана буга чейинки ушул сыяктуу демилгелер адамдын эң негизги жашоо циклдерине байланыштуу каада-салттарга байланыштуу экен. Адамдын жарык дүйнөгө келиши, анын бой жетип үйлөнүшү жана сапары карып, дүйнө салышы бардык улуттарда өзгөчө мааниге ээ, түркүн каада, ырым-жырымдар менен коштолот. Жаралуунун өзү кымбат. Жарык дүйнөгө келген адамдын жашоосу, өмүрү кымбат. Көзү өтсө арбак кымбат гана эмес, ыйык нерсеге айланат. Сөөктүн сыйы, урматы, сөөктү жерге берүүнүн өз зыйнаты болот. Ал тургай кишинин каза болушун угузуунун өз аземи, жөрөлгөсү, ырасмысы, кыскасы өмүр жана өлүм, өтмүш, болмуш жана болочок тууралуу элдик философиянын булагынан оргуп чыккан көркөм каражаттары болгон.

Кыргыз бекеринен бала төрөлсө сүйүнчүлөп, көзү өтсө күү менен угузбагандыр да. Балким арбын чыгар, бирок өлгөн адамды күү менен угузуу ырасмысы башка элге сейрек көрүнүш. Кыргыз жортуулда, жолдо, алыста каза болгон үзөңгүлөшүнүн сөөгүн көрүнгөн жерге көөмп баса берген эмес Эч ылаажы жок, мисмилдирик аткан, каргаша, кыйсыпыр, алаамат учурда гана корумдап кетпесе, калган учурда сөөгүн журтуна алып келип жерге берген. Кийин сөөгүн издеп барган.

“Манас “эпосунан тартып поэтикалык чыгармачылыктын эң мыкты үлгүлөрүнүн бири кошокторго чейин төрөлүү, жашоо, өлүмгө байланыштуу орошон салттарды көрүүгө болот. Манастын сөөгү кордоп койбосун деп жашыруун жайга коюлат, ал эми Көкөтөйдүн ашы эпостун өзөктүү сюжети, окуялардын анабашы. Дээрлик бардык элде, анын ичинде кыргыздарда сөөк коюлган жер ыйык болгон жана жерге, аймакка ээлик кылуунун саясий-укуктук инструменти катары кызмат кылган. Жер талаш, журт талашта ата-бабанын сөөгү чекти билдирген, ээлик кылуу укугун тастыктаган далил болгон.

Эми минтип сөөк коюу аземине мал союлбасын деген сыяктуу чектөөлөр киргизилгени турат. Кара ашыма кара тулпарымды сойгула деген байыркы кыргыздын эмки тукуму кара мал болбосо да жандык соёт. Маркум менен коштошуу зыйнаты жалгыз кыргызга мүнөздүү болсо, ошондон азап чегип, жер астындагы жана үстүндөгү эбегейсиз байлыкты иштеткенге жарабай, ээлик кыла албай, элибиз жакыр, мамлекетибиз алсыз болуп, өксүп турушубуздун жалгыз себеби ушул болсо, анда бир жөн.

Башка эл да маркум жерге берилген соң ар кандай формада, албетте тамак-аш берип сыйлоо аркылуу эскеришет. Арбагы аталып, урмат көрсөтүлөт (мисалы, орустар поминки, англистер wake же memorial. Караңыз: I told her I wanted to give her a beautiful wake – Мен эжемдин сөөгүн жерге аземдеп бергим келет). Башка айрым элде да заңкайтып күмбөз, эстелик коёт. Католиктердин бейити Ренессанс доорундагы чакан шаарга баргандай элес калтырат.

Окумуштуулар эки жагдайды белгилешет. Традициялар прагматикалык жана сакралдык функциядан тышкары укуктук жүк көтөрөт. Тескерсинче, традицияларды мыйзам менен жөнгө салуу ишке ашуусу кыйын, опурталдуу укуктук тажрыйба. Чет мамлекеттердин тажрыйбасына, тарыхка көз чаптырсам элдик каада-салтты мыйзам менен жөнгө салуу кеңири кездешпейт экен.

Петр I орус боярлары менен мужуктарынын батектей сакалын балта менен кыя чапканы башка маселе. Аш-тойду ага салыштырууга болбойт. Ошол эле көөнө орус Масленица майрамын не большевиктер, не православ чиркөөсү тыя алган эмес. Илгери совет доорунда, партия күчүндө турганда киши каза болгондо мал союлбасын деген тыюу партиялык кызматкерлер тарабынан ишке ашкан эмес. Чанда гана бир Сабитжан сындуулар макул болбосо, көпчүлүк кыргыз жетекчилери сөөктү жылкы союп көмгөн. Дүйнөлүк цивилизацияны ансыз элестетүү мүмкүн эмес. Адамзат прогрессине, илим-билимге опол-тоодой салым кошкон ислам менен аталышынан башка жакындыгы жок радикал, агрессивдүү “исламчылар” каалаган, таңуулаган сөөк коюу эрежеси менен сунушталган мыйзам кайсы бир деңгээлде үндөш. Экөө тең тыштан таңууланган, элдин иденттүүлүгүнө, традицияларына шек келтирген көрүнүштөр.

Кочкордо Урдинбек Кашкарев деген белдүү, нарктуу аксакал бир окуяны айтып берди эле. Азыр көзү тирүү. Согуштан кайтып келген атасы жазында жылаңайлак муздак суу кечип, сугат сугарып, балдарын чоңойтот. Кийин Урдинбек Кашкарев совхоздо жетекчи кезинде атасы каза болуп, ага күмбөз тургузуп жатса, райкомдун жетекчилеринин бири: “Компартия тыюу салбады беле, маселеңди карайбыз, эртең бюрого келесиң!”-деп сөөмөй кезеп зекиген экен.

Ошол эле күнү партияга мүчөлүгүм атама тургузчу эстеликтен, ата-арбак алдында сый белгиден артык болсо партбилетти кызматы менен кошо тапшырайын деген чечимин Корчубек Акназаровго барып угузат. Албетте, ата-арбактын ариети менен кызматтын кунун ажырата билген Акназаров Урдинбек аксакалга болушуп, жазасыз калган экен.

Тажикстанда тойлорго салынган тыюу натыйжалуу ишке ашканы тууралуу маалымат жокко эсе. Расмий пропаганда опулдата мактап жатса керек, мүлдө тажик журту ата-баба салтынан кайтты, тойлор токтоду дегенди уга элекмин. Күч менен, жазалоо менен элдин канына сиңген, эң негизги жашоо циклдерине байланышкан нарк эрежелерине тыюу салуу натыйжалуу ишке ашкан учурлар аз.

Ар кандай мыйзам зарылчылыктан улам чыгат. Бирок адам турмушунун ар бир кадамын мыйзам менен жөнгө салууга мүмкүн эмес. Зарылчылыгы да жок. Биз кыбыр эткен көрүнүштүн ар бирине көчүрмө же сабатсыз мыйзам чүргөй салып, жазалоо чаралары аркылуу гана жөнгө салуу жолуна түшүп алдык окшойт, тилекке каршы. Жүрүм-турум эрежелери негизинен традиция менен жөнгө салынат. Өнүккөн өлкөлөрдө традиция, адат мыйзам катары иштейт, коомдук турмушту жана адамдын кыймыл-аракетин жөнгө салуучу күчкө ээ. Турмушка байланыштуу каада-салттар дээрлик бардык эл үчүн алаканын, интеграциянын, социалдык мамилелердин азыркы тил менен айтканда оптималдуу аянтчасы.

Мыйзамдын зарылчылыгы менен аны аткарууга милдеттүүлүгү камсыздалууга тийиш. Ансыз ал мыйзам болуудан калат. Dura lex, sed lex – “Мыйзам катаал, бирок ал мыйзам” деген фундаменталдуу укуктук принцип, классикалык универсал эрежеге баш ийип, коомчулук аткарып кетеби же укуктук нигилизмге кенен жол ачабызбы? Эгерде ушул мыйзам кабыл алынса чектен чыккандар айыпка жыгылат экен. Ким салат айыпты? Ким төлөйт? Төлөйбү чындап? Ишке ашкандан да ишке ашпай калуу мүмкүнчүлүгү жогору бу мыйзамдын. Анан эмне болот?

Бир мыйзамды бузуп, жазасыз калса, анда кийинкисин бузууга психологиялык маанай журт ичинде калыптанат, укукту сыйлабоо прецеденти түзүлөт. Аш-тойду чектөө боюнча мыйзам калың көпчүлүккө, мүлдө журтка тиешелүү универсал, эзелки салттарга байланыштуу болгондуктан, аткарылышы кыйын. Демек дегеле мыйзамга баш ийбөө адатын калыптандырууну шарттайт. Укуктук нигилизм анархияга жол ачат. Ушул мыйзамды кабыл алган мамлекеттик бийликтин кадыры кетет.

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

Ар кандай каада-салт, ырым-жырым, жөрөлгө сыяктуу традициялык көрүнүштөр албетте, чыгым менен коштолот. Анткени эл катышат. Аш-тойлордогу айрым көрүнүштөр тигил же бул традицияны ишке ашыруунун формасы гана. Ал формалар элдин социалдык, маданий жана интеллектуалдык деңгээлине жараша өзгөрүп турмагы мыйзамченемдүү көрүнүш. Калктын турмушу жакшырып, дүйнөтаанымы кеңейип, билими тереңдеген кезде баары өз ирети менен ылайыкташат. Ошондуктан ишке ашпай турган мыйзамды кабыл алгандын ордуна кылаарга оңдуу иш издеп, салаарга жарактуу куш таптаган туура.

Алмаз Кулматов, тарыхчы

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG