Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:28

Мотоцикл менен учаарыбызга аз калды


АэроМобиль 2.5 канаттуу машинеси.
АэроМобиль 2.5 канаттуу машинеси.

Апта ичиндеги илимий жаңылыктар


Учма мотоцикл 2017-жылы сатыкка чыгат

Эгер кадимкидей уча турган машине алгыңыз келсе, анда 2021-жылга чейин күтүүңүз абзел. Адистер 2030-жылдан тарта айрым өлкөлөрдө канаттуу машине минип учкан кадимки көрүнүшкө айланарын айтышат. Ага чейин үч жылдан кийин сатыкка чыкчу уча турган мотоцилкди айдап машыга берсеңиз болот.

Ховербайк – кадимки мотоцикл менен тик учакты айкалыштырган технологиянын жаңы үлгүсү. Калифорниядагы "Аэрофекс" ишканасы 2017-жылдан тарта учма мотоциклди сатыкка коёорун кабарлады. "Аэро-Экс" деп аталган ховербайк кеминде 85 миң доллар турат. Каалоочулар азыртан эле күрөөгө беш миң доллар коюп, мотоучакка заказ берсе болот.

"Аэро-Экс" төрт метрдей бийиктикте саатына 72 чакырымга чейин учуп жүрө алат. Эки кишиге ылайыкташкан ховербайкты асман менен жерде айдаса болот. Мурда дагы уча турган мотоциклдерди чыгаруу аракеттери болгон. Бирок ал моделдер абада бир калыпта жүрбөй, көп силкинген.

"Аэро-Экстин" өзгөчөлүгү – анын алдындагы жана артындагы эки батпареги ховербайкты асманда бир калыпта кармап турат. Батпаректер абаны жиреп, мотоциклдин салмагын жеңилдетип, оңго-солго оңой бурулат. "Аэрофекстин" технология жетекчиси Марк де Роштун айтканына караганда, мотоцикл минип жүргөн киши ховербайкты оңой эле өздөштүрүп кетет.

Ал эми канаттуу машинелер 2021-жылы 280 миң доллардан сатыла баштайт.
Учма мотоцикл
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:00:48 0:00


Антарктика эрип жатат…

Түштүк уюлда түбөлүк муздун эришинин ылдамдыгы эки эсеге көбөйдү. Антарктикада жылына 160 миллиард тонна муз эрип жатканын Geophysical Research Letters илимий басылмасы кабарлады. Окумуштуулар мындай тыянакка "Криосат" спутниги жүргүзгөн изилдөөдөн кийин келишти. Сателлит муздун тереңдигин, бийиктигин, салмагын, тыгыздыгын жана температурасын өлчөйт.

Эгер муздуу чөлкөм ушундай эрий берсе, дүйнөлүк деңиз деңгээли жылына бери дегенде 43 миллиметрге көтөрүлөт. Илимпоздор "Криосат" 2010–2013-жылдары чогулткан маалыматтарды 2005–2010-жылдардагы маалыматтарга салыштырышкан.

Түштүк уюлдун бардык аймактарында муз эрип жатат. Антарктикадагы муздун үстүңкү бети жылына эки сантиметр жукарып жатканын окумуштуулар белгилешет.
Восток көлү, Антарктика.
Восток көлү, Антарктика.

Эң көп муз Амундсен деңизинин жээгинде ээрип жатат. Жээктеги алты ири мөңгү ылдамдык менен өзгөрүп, суунун температурасын көтөрдү. Маселен Смит мөңгүсү жылына тогуз миллиметрге жукарып баратат.

Антарктика акыркы 50 жылда болуп көрбөгөндөй жылыды. Айрым окумуштуулар муздун эришин токтотууга болбойт десе, башкалары бир нече жүз жылдан кийин муз катмары мурдагы калыбына келет деген божомолду айтышат. Антарктикада 26.5 миллион куб километр муз бар. Эгер анын баары эрисе, анда дүйнөлүк океандардын деңгээли 60 сантиметрге көтөрүлөт.

Электрондук мурастар

Кытайлыктар нотариуска барып мурас кагазын калтыруунун ордуна, интернетти колдонууда. Global Times гезити электрондук мурастын юридикалык күчү жок болсо да, аны колдонгондордун саны барган сайын арбып баратканын жазды.

Кытайдын Ухань шаарындагы Ян аттуу мырзанын жубайы былтыр көз жумгандан эки ай өтпөй ага бирөө телефон чалган. Аялы көзү тирүүсүндө электрондук мурас калтырып кеткенин угуп, дендароо боло түшкөн Янга бир сайтка кирүүнү айтышкан. Ал сайттан аялынын банктагы эсебин, интернет дүкөндөрдөгү паролдору менен өзүнө багышталган катты тапткан.

Life's Black Box – турмуштун кара кутусу сайты 2009-жылы түптөлгөн. Ал сайтка катталган 370 миң кардардын 20 миңинин электрондук мурастары тиешелүү адамдарга жеткирилген. Сайттын негиздөөчүсү Ли Цзя мындай кызматты уюштуруу идеясы учакта баратканда коркунучтуу кырдаал түзүлүп, ошондон кийин пайда болгонун айтат.

Электрондук мурастын кемчилиги – юридикалык күчү жок. Эгер талаш-тартыш чыкса, электрондук мурас мыйзамсыз деп табылат. Андан сырткары электрондук мурас калтырган сайтты хакерлер оңой эле талкалап, болгон сырды билип алышы дагы толук мүмкүн.
Учма мотоцикл 2017-жылы сатыкка коюлат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:10 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG