Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18

Кылымдар бою жүрүп жаткан талашка чекит коюлду сымал. Окумуштуулар аялдар менен эркектердин мээлери таптакыр башкача түзүлгөнүн аныкташты. Шотландияда илимпоздор инфарктка, Англияда эмчек рагына, Америкада аутизмге, ал эми Австралияда остеопороз дарттарына шыпаа табышты.

Аялдар менен эркектердин мээлериндеги нейралдык же нервдик өткөргүчтөр (нейральная проводка) таптакыр башкача иштээрин Пенсильваниядагы медик окумуштуулар аныкташты.

Аялдардын мээсиндеги коннектомдор, же жипчелер көбүнесе солдон оңго, ал эми эркектердин мээсиндеги нейрондук өткөргүчтөр басымдуу түрдө алдыдан артка жүрөт экен.

Нейрондук жипчелердин мындай жүрүшү аялдардын сезүү жана туюусун күчөтөт. Ал эми эркектерди кырдаалды тез өздөштүрүп, чара көрүүгө жөндөмдүү кылат.

Бул тууралуу АКШнын "Улуттук илимдер академиясынын иштери" (Proceedings of the National Academy of Sciences) журналы жазып чыкты.

Эркектердин жана аялдардын эн белиглери.

Эркектердин жана аялдардын эн белиглери.

Илимпоздор өткөргөн экспериментке сегиз жаштан 22 жашка чейин 949 адам катышкан: алардын 521и аялдар жана 428и эркектер.

Нерв ткандарындагы нейралдык жипчелер маалыматты өздөштүрүп, адамдын кырдаалга жараша тиешелүү чара көрүүсүнө жооптуу.

Эксперименттин натыйжасында окумуштуулар аялдар бир убакытта бир нече маалыматты өздөштүрүп жана бир нече ишти эркектерден мыктыраак аткарат деген тыянакка келишти. Ал эми эркектер бир убакытта бир эле маалыматты өздөштүрүп, бир конкреттүү жумушту мыкты аткарып, тигил же бул кырдаалда так чара көрүүдө жакшыраак болуп чыкты.

Адамдын мээсиндеги нейралдык өткөргүчтөр 13 жашка чейин айырмаланбайт. Илимпоздордун айтымында, бул ачылыш нерв жана психикалык дарттарды айыктырууга чоң өбөлгө түзөт.

Адамдын мээси.

Адамдын мээси.

Мээ демекчи, Калифорниядагы технология институтунун окумуштуулары кокусунан аутизмди басаңдаткан бактерияны табышты.

Бактериодес фрагалис (Bacteriodes fragalis) – аутизмдин тарашын алдын алып турат. Бул тууралуу "Нейче" (Nature) журналы кабарлады.

Мээден жүрөккө келсек. Дүйнөдө өлүмгө алып келген оорулардын ичинен жүрөк дарттары биринчи орунда.

Шотландиядагы Эдинбург университетинин окумуштуулары инфарктты алдын алган жабдууну ойлоп табышты. Жаңы сканер радиоактивдүү изотоптордун жардамы менен артериянын кайсыл жеринде кан бүртүкчөлөрү бар экенин так көрсөтөт.

Бул сканер оору өрчүп кете электе ошол бүртүкчөлөрдү алып салууга шарт түзөт. Окумуштуу Марк Дуэктин айтымында, Британияда жылына жүрөк ооруларынан 100 миңден ашуун адам каза болот.

Адамдын жүрөгү жайгашкан жер.

Адамдын жүрөгү жайгашкан жер.

​Ал эми Лондондогу Ханыша Мэри атындагы университетинин илимпоздору эмчек рагын, же сүт безинин шишигин, дарылоодо жаңы дары оң таасир бергенин байкашты.

Анастрозол (Anastrozole) рактын бул түрүн дарылоодо азыр колдонулган тамоксифенден да күчтүү экенин тастыкташты. Бул тууралуу "Лансет" (Lancet) медициналык журналы кабарлады.

Экспериментке ракка чалдыгуу тобокели жогору болгон төрт миң аял катышып, беш жыл анастрозолду ичкен бейтаптардын 53 процентинде шишиктин өрчүшү басаңдаган. Дары шишиктин чоңоюшуна өбөлгө түзгөн эстрогенди иштеп чыгууга бөгөт коёт. Бул дары сатыкка коюла элек.

MRI сканер.

MRI сканер.

"Брэст кэнсер уорлдуайд" (Breast Cancer Worldwide) уюмунун маалыматына ылайык, 2010-жылы дүйнөдө 1.5 миллион аял эмчек рагына чалдыккан.

Соңунда остеология, же сөөк түзүлүшү, жаатындагы бир ачылыш.

Австралиядагы Сидней университетинин остеологдору сөөк курамынын бузулушуна себепкер болгон остеопороз дартына шыпаа тапканын кабарлашты. Дүйнөдө курагы элүүдөн ашкан 300 миллион адам бул ооруга чалдыккан.

Курамында хром, цинк, марганец, жез, темир жана молибден кирген пиколин кычкылдыгы (C6H5NO2) остеогенезге, же сөөктүн кайра бекемделишине жардам берет. Учурда пиколин кычкылдыгы Батыштын дарыканаларда эркин сатылат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG