Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:04

Кытай 3D принтер менен үй сала баштады


Кытайлык "Жуода груп" компаниясы ү​ч мерчемдүү принтердин жардамы менен эки кабаттуу үйлөрдү кура баштады.

Белгилүү болгондой ишкана аянты 500 чарчы метр болгон үйдү болгону эки жумада толугу менен куруп бүтөт.

Алгач 3Д басмадан үйдүн чоң көлөмдөн турган бөлүктөрү чыгарылат анан аларды чогултуп, кураштырып койсо эле эки кабаттуу үй даяр болуп калат. Кызыгы даяр дубалдарды кураштырып коюуга болгону үч саат эле убакыт сарпталат экен.

Бул үйлөр тез гана бүтпөстөн, сапаты жагынан да эң жакшы деп айтышат адистер. Анткени алар тогуз баллга чейинки жер титирөөгө туруштук берет жана 150 жылга чейин бузулбайт.

Үйдүн дубалдарына колдонулган материалдар азырынча сыр бойдон калууда. Бирок маалыматтарга ылайык ал материалдарга цемент кошулган эмес жана компания 22 жаңы патент алган. Демек үйгө жаңы аралашма материалдар колдонулган деп божомолдосок болот.

Робот авто-унаалардын шаары курулду

АКШнын Мичиган окуу жайынын аймагында робот-унааларды текшерүү үчүн атайын шаарча курулду.

М-сити деп аталган бул шаардын аянты 20 футболдук талаа менен барабар. Бул шаарда башка шаарлардай эле түрдүү, эки тараптуу жана кесилиш жолдор менен бар. Жада калса жол белгилери жана жол чырактары да кадимкидей иштейт.

Болгону бул шаарда адамдар жашабайт, анткени ал айдоочусу жок робот машинелерди текшерүү үчүн гана курулган. Шаардагы текшерүүдөн өтүп жаткан бардык жүк ташуучу жана жөнөкөй автоунаалар жаңы типтеги айдоочусу жок робот-унаалар болуп саналат.

Мичиган окуу жайынын окумуштуулары робот-унаалар массалык түрдө биздин жашоодо колдонууга берилгенге чейин аларды атайын жасалган шаарда текшерип көрүүнү көздөөдө.

Акылдуу пальмалар

Дубай шаарында болсо акылдуу жасалма пальмалар пайда болду. Ал пальмалар шаардын ысык күндөрүндө көлөкө гана болбостон көптөгөн пайдалуу функцияларды аткарат.

"Акылдуу" пальмалар айлананы көзөмөлдөп туруучу камералардан сырткары WIFI сигналдары жана мобилдик телефондорду заряддоочу кошулмалар менен жабдылган. Андан башка күндүз күндөн алынган энергиянын жардамы менен ал пальмалар кечинде электр жарыгын дагы чачып турат.

Индонезияда дрондор тартипти көзөмөлдөйт

Индонезияда болсо Жакарта шаарынын полициясы дрон учактарын коомдук тартипти көзмөлдөөгө колдоно баштады.

Алгачкы ирет ондогон "акылдуу" учактар жакында өткөн шаардагы эл көп чогулган орозо айттагы намаз учурунда коопсуздукту сактаганга колдонулган. Баштапкы иш-чара ийгиликтүү болгондон кийин эми шаар полициясы күнүмдүк жарандардын кооопсуздугун камсыз кылуу жумушунда да дрон учактарын колдоно баштады.

XS
SM
MD
LG