Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:35

Студенттер азизге "көз" болчу таяк жасашты


Иллюстрация
Иллюстрация

Калифорниялык биолог-окумуштуулар океанда жылуу кандуу балык бар экенин аныктаганы белгилүү болду. Ал эми англиялык студенттер көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга атайын "акылдуу" таякча жасап чыкканы маалымдалууда.

АКШнын улуттук океанология агенттигинин окумуштуулары опахи аттуу балыктын денеси жылуу экенине таң берип турушкан чагы.

Окумуштуулардын айтымында, сууда жашаган жаныбарлардын дээрлик баары муздак кандуу болгондуктан, алардын денеси эгерим жылыбайт.

Бирок опахи балыгынын денеси сууга караганда беш градуска жылуу болуп чыкканы анын канына байланыштуу экени аныкталды.

Океан түпкүрүндө температура өтө төмөндүгүнө карабастан опахинин каны адамдыкына окшоп мээсин жана жүрөгүн жылытып турат. Бул өзгөчөлүк балыкка узак убакыт бою жогорку ылдамдыкта сүзүүсүнө өбөлгө түзөт.

Адистердин айтымында, бул жаңы ачылыш балыктар дүйнөсүн дагы терең изилдегенге жол ачат.

"Акылдуу" таяк

Англиядагы Бирмингем университетинин студенттери азиздер үчүн "акылдуу" таяк жасап чыгышты.

Бул таякча атайын орнотулган камеранын жардамы менен он метрдей аралыктагы адамдын ким экенин аныктап бере алат.

Алгач бул смарт таякты колдонгон адамдын жакындарынын сүрөтү таяктын ичине орнотулган флэш-картага жүктөлөт. Анан атайын орнотулган камера адамды видеого тартып, программанын ичиндеги сүрөттөр менен салыштырып көрөт, эгер окшош адам чыгып калса таякча кожоюнуна вибрация аркылуу белги берет жана кулакка тагылган микрофон аркылуу сүрөттөгү адамдын аты-жөнү айтылат.

Ошентип, көрүү бактысынан ажырагандар айланасындагы адамдардын ким экенин билип алса болот.

Адистердин айтымында, учурда "акылдуу" таяк Франция жана Голландияда текшерүүдөн өтүүдө.

Буга чейин ушундай эле технология менен Нью-Йорк шаарында "Айэронман" аттуу көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн "акылдуу" кийме желектер иштелип чыккан болчу.

Иерусалимде 2000 жыл мурда курулган cуу түтүктөрү табылды

Ал эми Израилдин көпчүлүккө белгилүү болгон Иерусалим шаарында биздин замандын биринчи кылымында курулган суу түтүктөрү табылганы маалым болду.

Тарыхчылар узундугу 20 чакырымдан ашыгыраак болгон бул суу түтүктөрү жашоочуларды таза суу менен камсыз кылганга шарт түзгөн. Жашоочулар көп жылдар бою аны жашыруун сыр катары сакташкан.

Акыркы жүз жылдан бери шаарды суу менен камсыз кылуу электр жардамы менен ишке ашкандан кийин бул суу түтүктөрү колдонулбай калган экен.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG