Ирактын Мосул шаарын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан бошотуу операциясын чагылдырып жаткан "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун видеожурналисти Расул Махмуд миномет чабуулунан олуттуу жаракат алды.
Ал “Азаттыктын” Иранга берүү тараткан “Фарда” кызматы үчүн согуш тилкесиндеги кырдаалды чагылдырып жаткан. Журналист кошо жүргөн Пешмерга күчтөрү Мосул шаарынын борборуна 25 чакырымдык жакын калганда миномет чабуулу болгон.
Сөөктөрү сынып, көзүнөн оор жаракат алган Расул Махмуд азыр Ирбилдеги ооруканада дарыланып жатат.