Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

КАРЛА ДЕЛ ПОНТЕ СЕРБИЯНЫН ӨКМӨТҮНӨ АЙРЫКЧА НААРАЗЫ


Югославиядагы согуш кылмыштары боюнча трибуналдын баш прокурору Карла Дел Понте айым Сербия менен Черногориени шектүү согуш кылмышкерлерин кармоого кол кабыш кылбай жатат деп айыптады. Дел Понте Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешинде трибуналдын ишин оор-топондоп, бүтүрүүгө айрыкча Белград бут тосуп жаткандыгын билдирди. Дел Понте ошондой эле Босниянын курамындагы Српска Жумуриятынын жана Хорватиянын жардамына муктаж экендигин кошумчалады.

Мурдагы Югославиядагы согуш кылмыштары боюнча прокурор Карла Дел Понте Коопсуздук Кеңешине Сербиянын өкмөт башчысы Войслав Коштуницанын шектүү согуш кылмышкерлердин өздөрү багынып беришин күтүп отурушу эларалык мыйзамга каршы келээрин эскертти:

- Mындай мамиле буга чейин эч майнап берген жок жана ал өлкөнүн эларалык милдеттемелерине, тактап айтканда Мурдагы Югославия боюнча Эларалык Трибуналдын уставына жана Коопсуздук Кеңешинин көп сандаган резолюцияларына каршы келет. Сербиянын өкмөтү атайылап эле өзүнүн милдеттерине көз жуумп жатат.

Дел Понте айрыкча Сербияда, Косоводо жана Српска жумурияттарында шектүү согуш кылмышкерлерин калкалоонун таасирлүү бир системасы бар экендигин тынчсыздануу менен белгиледи:

-Сербиянын өзүндө да, Косоводо да ажаалданган улутчул реторика менен трибуналга жана анын прокуроруна каршы жаманатты кылуу жараяны жүрүп жатат. Бул жараяндын көздөгөнү көпчүлүктү бийликтер трибунал менен кызматташса, өлкө бейстабилдешет деп ишендирүү.

Дел Понтенин айтымында, Сербияда шектүү кылмышкерлердин колдоочулары сот ишине кийлигишип, анын ичинде күбөлөрдү коркутуп-үркүтүп, соттор менен прокурорлорго кысым көрсөтүүдөн да кайра тартышпайт.

Европа Биримдиги Радован Каражич, Ратко Младич жана Анте Готовина сыяктуу көпчүлүккө жакшы таанымал шектүү кылмышкерлер Гаагага өткөрүлүп берилмейинче трибуналдын ишин бүттү деп эсептөөгө болбой тургандыгын айтууда.

Дел Понте айым сүйлөгөн жыйында Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү эл аралык уюмдар менен кызматташуудан тайган өлкөлөр НАТО жана Европа Биримдигине кирүүдө иши артка тартылышы мүмкүн экендигин эскертишти. Ал эми АКШнын БУУдагы элчиси Жонн Данфорт ондон ашык шектүү кылмышкер жашынып жүргөн Сербияга Вашингтон айрыкча нааразы экендигин билдирди:

- Сербия милдеттерин аткармайынча Гаага трибуналы айып койгондорду Сербияда соттоо мүмкүн болот деп ойлобойм. Биз Сербиянын бийликтерин өлкөдө жашынып жүргөн бардык шектүү кишилерди Гаагага өткөрүп берүүгө чакырабыз.

Белграддын коомдук администрация жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу министри Зоран Концар полковник Любиша Беаранын жолун жолдоп, башкалар да сотко өздөрү келип бериши мүмкүн деп ырастады. Ошол эле мезгилде Лонцар серб өкмөтү Гаага трибуналы менен кызматташуу жаатында жаңы кадамдарга барат деди.

XS
SM
MD
LG