Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:35

Жанарбек Кенжеев коло байге жеңди


Жанарбек Кенжеев чейрек финалда кытайлык Чен Вей Вей менен беттешип, 1-айлампада эле атаандашын килемге таза жыгып, 1 мүнөт 11 секунд аралыгында утуш ээси болду. 30-сентябрь, 2014-ж.
Жанарбек Кенжеев чейрек финалда кытайлык Чен Вей Вей менен беттешип, 1-айлампада эле атаандашын килемге таза жыгып, 1 мүнөт 11 секунд аралыгында утуш ээси болду. 30-сентябрь, 2014-ж.

17-Азия оюндарында кыргыз балбаны Жанарбек Кенжеев коло байгенин ээси болду. Ал грек-рим күрөшүнөн 80 килограмм салмакта 3-орун үчүн беттеште йемендик Хасан Мохаммедди утуп, бул сыймыкка татыды. Ал эми кыргыз мушкери Турат Осмонов жарым финалдык таймаштарда күч сынаша турган болду.

17-Азия оюндарында кыргыз балбаны Жанарбек Кенжеев коло байгени тагынды. Ал грек-рим күрөшүнөн 80 килограмм салмакта 3-орун үчүн беттеште йемендик Хасан Мохаммедди утуп алган.

Жанарбек чейрек финалда кытайлык Чен Вей Вей менен беттешип, 1-айлампада эле атаандашын килемге таза жыгып, 1 мүнөт 11 секунд аралыгында утуш ээси болду. Ал эми жарым финалда жапониялык Цурумаки Цукассага 3:1 эсебинде утулуп калып, алтын байгеге талапкер болуудан куру калган.

59 килограмм салмакта Каныбек Жолчубеков жарым чейрек финалда йемендик Алйамани Башеер Ахмед Мохаммед менен беттешип, алгачкы жеңишин ишенимдүү камсыздады. Ал 1-айлампада 6 упай алса, экинчи айлампада 4 упайлык ыкма жасап мөөнөтүнөн мурда утуш ээси болгон.

Бирок чейрек финалда түштүк кореялык Ким Йоунгжун менен күрөшкөндө калыстар жеңишти мелдеш кожоюнуна ыйгарышкан. Корей балбаны 1-айлампада 1 упай, 2-айлампада дагы 1 упай алып кийинки айлампага өткөн.

Учурда Азия оюндарынын жүрүшүн чагылдырып Инчхон шаарында жүргөн кыргызстандык спорт баяндамачы Мирлан Бектурсунов бул беттеште тайпейлик калыс корей балбанына жеңишти негизсиз ыйгарды дейт.

- Эч кандай упай ала турган ыкма жасабаса дагы жок жерден упай ойлоп таап, жеңишти түштүк кореялыкка ыйгарып, жыйынтыгында жергиликтүү балбанды кийинки айлампага чыгарып коюшту. Каныбек таза утулган жок. Ал бир аз гана упайлардын айырмасы менен утулду. Мындай жоруктар грек-рим күрөшүндө көп болууда. Кореялык бир балбан 71 кг. салмак даражасында да финалга татыксыз чыкты. Анын каршылашы ирандык балбан салыштырмалуу күчтүү эле.

Бүгүн күч сынашууга чыккан кыргызстандык дагы бир балбан Кожобек уулу Эсенгелди грек-рим күрөшүнөн 71 кг. салмак даражасында жарым чейрек финалда ирактык Ал Салихи Таха Йасеен Дхахир менен күч сынашты.

Ирак балбаны биринчи айлампада 2 упай алып алдыда келе жаткан. Деген менен, экинчи айлампада абал түп-тамырынан өзгөрүп, Эсенгелди тез эле 5 упайлык ыкма жасап, атаандашын килемге таза жыгып, жеңилүүгө аргасыз кылган.

- Арадан 6 мүнөт өткөндөн кийин эле чейрек финалда Кожобек уулу Эсенгелди жапониялык Фужимура Цумоту аттуу балбан менен күч сынашып, тилекке каршы утулуп калды.Жапон балбаны биринчи айлампада 2 упай, экинчи айлампада дагы 2 упай алып мекендешибизди 3:0 эсеби менен жеңилүүгө туш кылды. Кыязы, эс алууга убакыт аз болуп калган үчүн жапон балбанына алдырып жиберди көрүнөт”, - деди Дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат катчысы Нурдин Султанбаев.

Бокс боюнча мелдештерде Өмүрбек Малабеков чейрек финалда кытайлык Жиавей Цангга жеңилип калды.

Кыргыз мушкери Турат Осмонов 49 кг. салмак ченинде чейрек финалда монголиялык Ган Эрдене Ганхуяг аттуу боксчуну жеңип, жарым финалга чыкты. Эми жарым финалда Турат Осмонов казак мушкери Биржан Жакыповго каршы чыгат.

Спорттун бул түрүнөн Эрмек Сакенов (64 кг) ¼ финалдагы таймашка чыгууга камданууда.

Жеңил атлетикадан 800 метрге чуркоого Гүлшанай Сатарова, Ксения Файсканова? Нургазы Асанкулов жана Алмазбек Казибековдор чыгышат.

Азия оюндарына Кыргызстандан спорттун 21 түрүнөн 115 спортчу катышууда. 19-сентябрда башталган мелдештер 4-октябрда аяктайт.

Буга чейин велоспортчу Евгений Ваккер менен эркин күрөш балбаны Магомед Мусаев күмүш алса, эркин күрөшчү Эламан Догдурбек уулу менен балбан кыз Айсулуу Тыныбекова коло байгенин ээси болушкан.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG