Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:59

«Жакшыны сөз, жаманды таяк өлтүрөт»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кепти жакшылык тууралуу накыл уламыштан баштайлы.

Илгери-илгери, куураган жалбыракта күнөстөп олтурган кумурсканы суу агызып отуруп өзөнгө чыгарып салат. Кумурсканын кенедей жүрөгү оозуна кептелип, «Мени сактап кала көр?» деп Кудайга жалынат.

Кудай кушту ойготот. Куш өзөндүн үстүндө айланып, балыкка окшогон бир нерсени көрүп, тиштеп алып кургакка алып келсе куураган жалбырак болуп чыгат. Куш балык болбой калганына өкүнсө, кумурска Кудай менин муң-зарымды угуп суудан кушту апкелип куткарды деп сүйүнүп: «мындан ары канаттуулардын баарын сыйлап, колумдан келсе жакшылык кылып жүрүп өтөм» деп ниет кылат.

Анан күндөрдүн биринде баягыл кумурска кетип баратып, көгүчкөндү мээлеп турган мергенчини көрөт да, шашып жетип, атаар маалда тигинин колун чагып алат. Чочуп кеткен мергендин мээлегени жаза тайып, ок тийбей калат да, көгүчкөн аман-соо учуп кетет.

Кумурска канаттуу куштун бир кездеги өзүнө кылган жакшылыгына жакшылык менен жооп бергенине канааттанып, жолун улайт.

Элибизде бул боюнча «Жакшылыкка жакшылык - эр жигиттин белгиси, жакшылыкка жамандык - көр жигиттин белгиси» деген макал айтылып калган.

Чоң энем мага бала кезимде «Жамандын жакшысы болгондон көрө, жакшынын жаманы боло көр, балам» деп көп айтаар эле.

«Жакшыны сөз өлтүрөт, жаманды таяк өлтүрөт» деген да бар. Жакшы адам айтылган бир ооз эле сөздөн түшүнөт, кемчилигин айтса сөзгө жыгылып, уят болот, жетишпеген жагын моюнуна алып, катасын оңдоого умтулат, жаман адам канча айтсаң да укпайт, түшүнбөйт, акыры ошол жамандыгынын азабын тартат деген маанидеги сөз.

«Берип жаман көрүнгөнчө, бербей жаман көрүн» деген да макал бар. Бул да турмуштун өзүнөн келип чыккан. Кээ бир кишилер, «жанымды багалбай калдым, эки-үч күндө эле таап бере коём» деп жалдырап карыз сурап алып, эки-үч күн тургай, айлап-жылдап созуп, бербей, сурап барсаң кайра өзүңдүн абийириңди кетирет эмеспи. Макал ошондойлордон улам чыккан.

«Жаман айтпай жакшы жок» дейт. Кыргыз башынан далайды өткөргөн эл. Жашоодо жаман да, жакшы да, агы да, карасы да болот, андыктан жаман-жакшы экөөнү тең бирдей ала жүр, бар болсо бапырап, Кудай-Теңириңди тааныбай көөп кетпегин, жок болсо, мукурап, өлө турганыңды самап, чөгүп кетпегин, каргашалуу күндөрдө кайраттуу бол, сарсаналуу күндөрдө сабырдуу бол дегени.

«Жаман жакшы болду, узун кыска болду, этек жең болду» дешкен. Бул кыйналган күндөр да өтөт, ошондо көргөн азабың жыргалга айланат, узак жол кыскарат, мурда жөө жүрсөң, кийин ат минесиң, мурда кийимден жүдөсөң, эми жашооң оңолот, жыртыгың жамалып, тешигиң бүтөлөт» дегенди билдирет.

«Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бир паста» деп коёт. Бир комуз жасаганга канча убакыт, канча түйшүк, канча чеберчилик жумшалса, ошол бүткөн комузду талкалап салганга ашып кетсе бир мүнөткө жетпеген убакыт кетет. Же акын бир ырын айлап жазса, аны окуп койгонго ашып кетсе 2-3 мүнөт кетет. Ошол сыяктуу жакшы адам болуш үчүн, элдин оозуна алыныш үчүн эл сыйлай турган, эл атыңды урматтап айта турган жакшы иштерди көп жасашың керек. Бирок ошол жакшылыгыңды бир эле жаман ишиң күм-жам кылып, талкалап жок кылып салат. Буга толгон токой-мисалдарды келтирсек болот.

Биздин элде: «Ата-энеңди сыйласаң өз балаңдан жакшылык көрөсүң» деген да макал бар. Мунун калетсиз чындыгын турмуш далай ирет далилдеп келе жатат.

Эми дагы бир топ макалдарды айта кетели. Анын маанисин окуп чыгып, өзүңүздөр чечмелеп алыңыздар:

«Жакшынын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт».

«Жакшыны жамандагандын өзү жаман, ушактаган кишинин өзү ушакчы».

«Бирөөлөрдүн жакшылыгына сук арткан адам, эч качан бактылуу боло албайт».

«Адамдын акылдуусу жакшылыгымды эл билбей калды деп кейибестен, жакшылык кылуу колумдан келбей калды деп кейийт».

«Жакшылар талашкан жерден сыр чыгат, жамандар талашкан жерден чыр чыгат».

«Жакшылык - дудуктар сүйлөй турган, дүлөйлөр уга турган тил, сокурлар көрө турган көз».

«Жакшы сүйлөгөн дурус, жакшылап уккан андан да дурус».

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG