Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:03

Тажик түрмөcүндөгү кордук


Тажик түрмөлөрүндөгү кордук
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:23 0:00

Тажикстанда түрмөдөгү зордук-зомбулуктун курмандыктары делген видео тасмалар ачыкка чыкты.

Видео тасмаларды "Азаттыктын" тажик кызматына тапшырган кишилер андагы адамдар Хожент шаарындагы түрмөдө отурган туугандары экендигин айтышты.

Тасма түрмөнүн ичинде тартылгандай таасир калтырат. Аларды чөнтөк телефонго ким тарттыргандыгы анык эмес. Видеодогу кишилер улам бири көйнөгүн чечип, далысындагы жол-жол кызарган издерди, колундагы көгөргөн жерлерди көрсөтүп, өздөрүн жакында башка түрмөдөн которгондо 15-20 түрмө кызматкери желим таяк менен сабаганын айтышат.

Айыпкерлер менен алардын туугандарынын сөзүнө ылайык, видеодогу кишилер Дүйшөмбүдөгү түрмөдөн Хожентке жеткирилген 40 чакты айыпкердин арасында болгон.

Алардын айтымында, түрмө кызматкерлери Хоженттеги 3-түрмөгө ноябрь айында алынып келингенде кордук көрсөтүшкөн:

Бизди түрмө унаасына отургузушканда эле кемсинтип башташты. 20дай офицер бизди желим таяк менен улам бирден сабады. Бирөөнү сабаган киши 25 жылга кесилип кетиши мүмкүн. Булар кантип эч нерседен коркушпайт? 40 чакты кишини сабап жатышты, айрымдарыбыз эс-учубузду жоготуп койдук. Денебиз бүт көгала. Алар биз бөлөк элден келгенден бетер, биздин эч кимге керегибиз жоктой сабашты.

"Азаттык" кайрылганда, Тажикстандын түрмө кызматынын өкүлдөрү жана баш прокурордун кеңсеси комментарий берүүдөн баш тартышты.

Айыпкерлер түрмө өкүлдөрүнө арызданып, ошондой эле Дүйшөмбүдөгү прокурорлорго кат жиберишкенин, бирок эч кандай жооп ала электигин билдиришти.

Ноябрда бул айыпкерлердин туугандары баш прокуратуранын алдына пикетке чыгып, түрмөдөгү зордук-зомбулукту токтотууну талап кылышкан. Бирок Дүйшөмбү бул айыптоолорду негизсиз деп четке какты.

«Кыйноолор тууралуу ырастоолор карандай калп, буга эч кандай негиз жок» деди Акыйкаттык министрлигинин Түрмө департаментинин жетекчисинин орун басары Илхомжан Махмудов.

XS
SM
MD
LG