Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:40

«Тажикфильм» блогерлерди көзөмөлдөгүсү келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Тажикфильм» киностудиясы блогерлердин чыгармачылыгын көзөмөлгө алууну чечти. Студиянын жетекчилиги «Youtube» порталына кат жазып, «Тажикфильм» уруксат бермейинче видеотасмаларды жарыялабоону өтүндү. Портал бул катка азырынча жооп кайтара элек.

«Тажикфильмдин» жетекчилиги блогерлер өлкөнүн аброюна шек келтирген тасмаларды чыгарат деп эсептейт. Киностудиянын жетекчилигинде блогерлерге бир катар дооматтар бар. Мисалы, сөгүнгөн сөздөр, сөз маданиятынын жоктугу, зомбулук көрүнүштөрү, жарым-жартылай порнографиялык материалдар, тасмалардын төмөн сапаты, бийликке сын-пикирлер. Мына ушул себептен «Тажикфильм» блогерлерди өз көзөмөлүнө алууну чечти.

«Тажикфильмдин» «Youtube» каналынан тажик сегментинин роликтерине уруксат сураган өтүнүчү 1,5 айдан бери жоопсуз кала берүүдө. Бирок киностудия оң жооп алабыз деген үмүтүн үзбөй, атүгүл жөн эле күтүп отура бербей, иш планын да даярдап чыкканга үлгүрүштү.

Блогерлердин роликтерин киностудиянын эки бөлүмүнүн кызматкерлери карап чыгат деп болжолдонууда. Алар: эл аралык жана интернет-продакшн бөлүмдөрү. Эгерде тасмалар талапка жооп бербейт деп табылса, анда өчүрүлөт. Аткаминерлер айрым колдонуучулардын аккаунттарын жаап салууга да уруксат сурап жатышат. Киностудиянын позициясын «Тажикфильмдин» директорунун орун басары Толиб Рахматуллоев мындайча түшүндүрдү.

«Биз «Youtube» компаниясына биргелешкен иш планын сунуштап жатабыз. Бул контролдоо эмес, көзөмөлдөө болот жана туура эмес, сөгүнгөн сөздөр аралашкан роликтерди байкап турууга мүмкүнчүлүк бермек. Бул тасмалар биздин улутубузду уят кылбашы керек. Биз адам укуктарын бузуу максатын көздөбөйбүз. Биз аларды эркин тандоо укугунан ажыраткыбыз келбейт. Бирок кандайдыр бир чектөөлөр болушу керек да!».

Блогер Рустам Гулов мындай көзөмөлгө караманча каршы. Ал тасмалардын мазмунун текшерчү «Тажикфильмдин» кызматкерлери миңдеген видеолорду көрүп чыгууга күчү жетпей турганын айтты. «Ошондуктан алар аккаунттарды туш келди эле жаба башташат», - деп эсептейт блогер. Рустам Гулов ушундан пайдаланып, тажик бийлиги аларды сындаган материалдарды өчүрө баштайт деген ойдо.

«Бул – мамлекеттик ведомство. «Ютубга» чыккан тасмаларды контролдоо анын компетенциясына такыр кирбейт. Бул келесоолук, бул күлкүлүү. «Youtube» каналы тажик бийлиги жиберген катка олуттуу мамиле жасайт деп ойлобойм. Себеби бул студиянын компетенциясына кирбейт. Анын үстүнө бул цензурага окшошуп турат», - деп айтты Рустам Гулов.

«Тажикфильмдин» жетекчилиги «Ютубга» чыккан жүздөгөн сапатсыз кыскаметраждуу, көркөм тасмалар жана видеороликтер киностудиянын эн белгиси менен жарыяланып жатат деп нааразы. «Тажикфильм» ал тасмаларга эч кандай тиешеси жоктугун ырастайт. Бирок блогерлер тасмаларды көргөндөрдүн санын көбөйтүү максатында «Тажикфильмдин» брендин колдонуп жатышат деп эсептейт киностудия.

«Бизде бул тасмалар тууралуу эч кандай маалымат жок. Бул тасма кайда тартылган, аны кимдер тарткан, сценарийин ким жазган, ким ойногон, кайсы каражтка тартылган – бул суроолорго жооп жок», - деп нааразы болду «Тажикфильмдин» директорунун орун басары Толиб Рахматуллоев.

Блогерлердин пикири боюнча, бүгүнкү күндө «Тажикфильм» тарткан тасмалардын деле сапаты жогорку деңгээлде деп айтууга болбойт. Студия тасмаларды анда-санда гана тартат. Рустам Гулов «Тажикфильм» видеоблогерлердин эмгеги менен акча тапкысы келүүдө деп шектенет.

«Өлкө жарандары тажик фильмдеринин сапатына кандай баа берет?» деген өтө кыска сурамжылоо жүргүзүлгөн эле. Көп деле көрбөгөнүн, бирок ыраазы экенин айткан адамдар болгон. Башкалар болсо тасмалардын сапатына нааразы болуп, актерлор жана режиссерлор тасманын сапатына көңүл бурушу керек экенин айтышкан», - деди блогер Рустам Гулов.

Тажикстанда бийлик «Ютубга», социалдык тармактарга, «Google» сервистерине жолду бууп койгон. Өлкөнүн жарандары VPN-сервистерин колдонууга мажбур. Блогерлер жолду бийлик көзөмөлдөгөн коммутациялык борбор жапкан болушу мүмкүн деп эсептешет. Блогерлер тажик бийлиги эми видеолорго да тыюу салса, бул өлкөдөгү цензураны ого бетер күчөтөт деп кооптонушат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG