Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:47

Алайда жолдун тосулушуна нааразылык чыгууда


Тажикстандын Жерге-Тал районуна барган ондогон кыргызстандык үйүнө кайта албай жатат. Алай районундагы жол тосуу акциясына байланыштуу аларды чек арадан аскерлер өткөрбөй жатканын “Азаттыкка” Малик Ёров аттуу жаран билдирди. Ал жардам сурап мурдагы омбудсмен Турсунбек Акунга да кайрылды.

Ош облустук Ички иштер башкармалыгы Сопу-Коргондогу жол тосууга байланыштуу эки жакка каттагандар арасында убактылуу жолго чыкпай туруу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Ал эми мамлекеттик Чек ара кызматынан аймактагы Карамык жана Бөрдөбө чек ара өткөрүү пункттары ачык экенин, эч кандай чектөө жок экенин кабарлашты.

Алай районунан өткөн Ош – Эркеч-Там жолун 27-майдан бери жергиликтүү тургундар жаап турат. Алар Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековду үй камагына чыгаруу талабын коюп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG