Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:42

Тажик абагындагы уулануу боюнча иш козголду


Тажикстандагы абак.
Тажикстандагы абак.

Тажикстанда абактагы уулануу боюнча кылмыш иши козголуп, экспертиза жүргүзүлүп жатат.

14 адамдын өмүрүн алган кырсык соттолуучуларды Согди облусунан башка шаарлардагы түрмөлөргө которуп жаткан маалда болду. Расмий маалымат боюнча, соттолуучулар нанга ууланган. Бирок маркумдардын жакындары бул версияга ишенбей жатышат.

Ошол күнү үч машинеде жалпысынан 128 адам түндүктөн түштүктөгү абактарга которулуп жаткан. Алар өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү жана Хатлон облусундагы абактарга жайгаштырылмак. Жаза аткаруу башкармалыгынын маалыматы боюнча, окуя соттолуучулар бараткан машине Майхура деген жерге келген учурда болгон. Бул Дүйшөмбү шаарынан 45 чакырым аралыктагы кыштак. Башкармалыктын ырасташынча, соттолуучулардын бири фургондо бараткан башка адамдар менен үч бөлкө нанды бөлүшүп жеген. Уулануунун белгилери тез эле пайда болгон.

Нан жегенден кийин эле жарым сааттан кийин машинеде бараткан 16 адам кусуп, көңүлү айнып, өзүн жаман сезе баштаган. Саат 18:20да машине тергөө абагына жеткенде уулангандардын абалы кескин начарлап кеткен. 16 адам эстен танып жыгылган. Саат 18:25те ууланган адамдар «Тез жардам» менен тергөө абагына жеткирилген. Болгон мүмкүнчүлүктү колдонуп, дарыгерлер эки адамдын өмүрүн сактап калышты.

Кылмыш иши козголуп, атайын тергөө тобу түзүлдү. Алар «Ууланууга нан себеп болдубу? Нанды ким берди – соттолуучулардын наны беле же түрмө кызматкерлери бергенби?» деген суроолорго жооп издешмекчи.

ИИМдин басма сөз катчысы Умаржони Эмомали буларды айтты:

«Ушул тапта үч экспертиза жүргүзүлдү, алар нандын сапатына жана курамына анализ жасашты. Дагы бир нече экспертиза жасалып, ууланууга нан себеп болдубу же жокпу, мына ушуну тактайт».

Укук коргоочулар экспертизанын жыйынтыгын күтүш керек экенин айтышууда. Соттолуучуларга жолдон тамак берилбегендиктен, бийлик өкүлдөрү алар сырттан келген нанга ууланган болушу мүмкүн деп болжолдошууда. Тажикстанда бир соттолуучуга күнүнө болгону он сомони бөлүнөт. Бул бир долларга жетпеген акча. Иш жүзүндө тажик түрмөлөрүндө соттолуучулар туугандары алып келген тамак менен күн көрүшөт.

Укук коргоочу Ойнихол Бобоназарова буларды белгиледи:

«Бул адамдар кылмышы үчүн жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Аларды мамлекет коргошу керек болчу. Жаза мөөнөтүн өтөп чыккандан кийин абактан чыгышы керек эле. Аларды туугандары күтүп жаткан. Бирок аларды мамлекет коргой албаганы өкүнүчтүү».

«Ховар» сайтында ууланып каза тапкандардын аты-жөнү жазылган тизме жарыяланды. Маркумдардын жакындары журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартышууда. Эртең менен Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрү алар менен сүйлөшкөн. Маркумдардын сөөктөрү туугандарына качан өткөрүлүп берилээри азырынча белгисиз.

Мындан эки ай мурда Тажикстандын Вахдат шаарындагы колонияда тополоң чыгып, 32 адам каза болгон. Анын 29у абакта кармалгандар, үчөө түрмө кызматкерлери.

Расмий маалыматтарда тополоң чыгаргандар абактагы медициналык бөлүмдү өрттөгөн жана бир канча соттолуучуну барымтага алып, өздөрүн абактан бошотууну талап кылышкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG