Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Тажикстан: Мигранттар СМС аркылуу ажыраша башташты


Тажик мигранты үчүн ажырашуу бир СМСке тете нерсе болуп калдыбы?
Тажик мигранты үчүн ажырашуу бир СМСке тете нерсе болуп калдыбы?

Тажик мигранттары мекенинде калган жубайлары менен үй-бүлөлүк карым-катнашты бузууда жаңы технологияны колдоно башташты. Эрди-катындын ортосундагы мамиле кээде чөнтөк телефондон СМС аркылуу жиберилген “талак” деген бир эле сөз менен бузулуп жатат.

Тажикстанда калган аялдар күйөөлөрүнөн эч кандай колдоо ала албай калышууда.

Тажикстандын чыгышындагы Рашт вилоятынын тургуну, 25 жаштагы Азиза Кобилова жакында күйөөсү менен телефон аркылуу ажырашты. Ал үчүн ажырашуу өзү өтө тез жана күтүлбөгөн жагдайларда өттү. Орусияда мигрант болуп жүргөн жолдошу алгач ага телефон чалып, ажыраша турганын айтыптыр. Анан анын артынан эле “талак” деп гана жазылган СМС жиберди. Сунни мусулмандарынын салтында эрди-катындын ажырашуусу үчүн мунун өзү жетиштүү.

Кобилованын төрт жылдык турмушу жаңы технологиянын жардамы менен ушинтип бузулду. Эми ал эч кандай колдоосуз жалгыз калып отурат.

"Баарын миграциядан көрөм..."

Тажикстандагы жумушсуздук көпчүлүк эркектерди Орусиядан иш издеп кеткенге мажбур кылды. Үйдө калган аялдар балдары менен Орусиядагы күйөөлөрүнөн акча күтүшөт. Бирок эми минтип “СМС менен ажырашуу” модага айланган сайын, тажик жеринде акчасыз, алиментсиз калган аялдар, жаш балдар пайда боло башташты.

Кобилова СМС аркылуу ажырашкандан кийин, өзүнүн төркүнүнө кайтты. “Күйөөм мени таштап кетти, бирок мен баарын миграциядан көрөм, - дейт ал. – Биз үйлөнгөнүбүзгө төрт жыл болгону менен, чындап келгенде бир нече ай гана бирге жашадык. Калган учурда күйөөм Орусияда эле жүрдү”, - дейт Кобилова.

“Меним оюмча, Москвада иштеген мигранттардын көзүнө акчадан башка эч нерсе көрүнбөй калат жана алар үйдөгү аялдарын унутуп коюшат”, - дейт Азиза.

Тажикстандын бир миллионго жакын жумушка жарамдуу калкы бүгүн чет-өлкөлөрдө иш издегенге мажбур. Мигранттардын жашоо образы, өлкөдөгү аялдардын укугун коргоо уюмдарынын ишениминде, Тажикстандагы үй-бүлөлүк мамилелердеги каада-саттарды да өзгөтүп салды.

Азырынча тажик коомундагы үй-бүлө ажырашуулары жөнүндө так маалымат жок. Бирок ажырашуу маселелери боюнча юрист Бахтиер Насруллоевдин айтымында, Тажикстанда баш кошкон ар бир төртүнчү түгөй ажырашат. Албетте, муну айрым башка мамлекеттер, мисалы, баш кошкондордун дээрлик жарымы ажырашып жаткан АКШ менен салыштырсаңыз, азыраак көрүнүшү мүмкүн. Бирок маселенин баары Тажикстанда баш кошуулардын арасында расмий түрдө каттоодон өтпөй эле, шариаттын салты менен үйлөнгөндөр бар экендигинде болуп жатат. Мусулманча эле баш кошкондор ажырашкан учуру мыйзамда көрсөтүлбөй калууда.

Мыйзамдар "СМС талагын" тааныбайт. Бирок...

Тажик мыйзамдары жалпысынан советтик доордо жазылып калган, “талакты” ажырашууга негиз болчу себеп катары тааныбайт. Ошентсе да үйлөнгөнүн мыйзамдаштырбаган түгөйлөрдүн арасында “СМС ажырашуусу” орун алганда, мыйзам аялдын укугун эч кандай жол менен коргой албай калат.

Кобиловага окшоп күйөөсүнөн “талак” деген СМСти гана алгандар, эгер үйлөнгөнү тууралуу расмий күбөлүгү болбосо, бирге тапкан мүлкүн да талаша алышпайт, балдарына алимент сураганга да акысы жок. Анын үстүнө мигранттардын көбү расмий түрдө “жумушсуз” деп таанылгандыктан, алардын кирешеси эч жерде көрсөтүлгөн эмес. Киреше тууралуу расмий маалымат болбогондон кийин, андан акча өндүрүш да оңой эмес.

“Соттор “талак” деген СМСтин негизинде эле ажырашуу процессин баштай алышпайт. Адамдар сотко расмий түрдө арыз менен кайрылышы шарт”, - дейт юрист Насруллоев.

Гендердик саясат борбору деген бейөкмөт уюмдун төрайымы Мариям Давлатова: “Көптөгөн аялдар өздөрүнүн укугун билишпейт. Демек, ажырашкандан кийин, күйөөлөрүнөн акча талап кыла ала тургандыгынан да кабары жок”, - дейт.

Согд регионундагы мугалим Султона Алиеванын айтымында, миграция Тажикстандагы үй-бүлөлүк мамиле-маданиятты такыр өзгөртүп салды. “Бул кудум жарым-жартылай үй-бүлөдөй”, - дейт ал. Анткени күйөөсү жылына 9-10 ай Орусияда жүрөт экен. “Балдарым атасын көрбөй өсүп жатышат, кээде келгенде таныбай калышат”, - дейт ал.

Алиеванын жолдошу Жаңы Жылды өзүнүн бала-чакасы менен тоскону мекенине келатыптыр. Ал эми Азиза Кобилова болсо эмне үчүн жолдошу минтип СМС аркылуу ажырашканын сураш үчүн Москвага чалганын айтат. Ага жооп бербей коюшуптур...
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG