Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:50

Тажикстанда май жана газ кымбаттады


Тажикстан, Дүйшөмбү шаары, май куючу станция, 14-июль, 2020-жыл.
Тажикстан, Дүйшөмбү шаары, май куючу станция, 14-июль, 2020-жыл.

Автоунаалардын дээрлик 90 пайызы газ менен жүргөн Тажикстанда газдын жана бензиндин баасы кескин кымбаттады.

Тажикстандагы май куюучу жайларда мындан эки апта мурда эле бир литр газдын баасы 2.5 сомониден сатылып жаткан болсо, азыр 4 сомониге чыкты. Бул 19 сом турган газ азыр 30 сомго көтөрүлдү дегенди билдирет. Өлкөдөгү машиналардын көбү газ менен жүргөндүктөн газдын баасынын өсүшү тажикстандыктар үчүн абдан маанилүү.

13-июлда энергетика министринин орунбасары Шоди Шоимзода биринчи жарым жылдыкта Тажикстанга 227 миң тонна жаратылыш газы ташылып келгенин, бул мурдагы жылдагы көлөм менен барабар экенин айткан.

"Газдын баасынын кескин кымбаттап кеткени боюнча атайын комиссиянын отурумунда чечим кабыл алынган. Ал чечим тууралуу жакынкы күндөрү маалымат берилет. Азырынча газдын баасы эмне себептен көтөрүлүп кетти деген суроого так жооп берүү кыйын. Муну өлкөгө газ ташып кирген компаниялардан сураш керек. Ошондон кийин гана баанын кымбаттаганынын себебин так айта алабыз".

Бирок министрликтин мындай жообу тажикстандыктарды канааттандырган жок. Тескерисинче, суроо андан бетер көбөйгөн. Жарандар «эмне үчүн дүйнө жүзүндө арзандап аткан мунай Тажикстанда кымбаттап кетти?», - деген суроону кабыргасынан коюшууда. Анткени бир эле Дүйшөмбү шаарында эмгектенген 20 миңге жакын таксинин кирешеси бул кымбатчылыктын айынан жок эле дегенде 30% азайган.

Дүйшөмбү – Гисар багытында жүргүнчү ташыган Талабшо Шаманов мамлекет көзөмөлдөгөндүктөн жол акы мурдагыдай эле калып, бирок күйүүчү майдын баасы кымбаттап кеткенине капа.

"Газдын баасы акыркы 10-15 күндө көтөрүлдү. Биз эми эмне кылышыбыз керек? Буга чейин эки ай иштебей карантинде отурдук. Үйдөгү малды сатып, жан сактадык".

Коронавирус пандемиясынын башында башка өлкөлөр сыяктуу эле Тажикстанда да күйүүчү майдын баасы арзандаганы байкалган. Ошол эле учурда көчөгө чыккан элдин катары суюлган. Бирок карантиндик чектөөлөр аланары менен эл көчөгө чыгып, жолдо транспорт каттамы жанданган. Аны менен кошо күйүүчү майдын баасы да көтөрүлүп кетти.

Баанын эмне үчүн көтөрүлгөнү тууралуу Тажикстанга күйүүчү май ташыган фирмалардын эч бири жооп берүүнү каалаган жок. Май куюучу жайлардын айрымдарынын жумушчулары кампада жаратылыш газынын көлөмү азайганын, мындан улам аны сатууга чектөө киргизилгенин гана айтышты.

Расмий статистика боюча Тажикстандагы автоунаалардын 90% ашыгы газ менен жүрөт. Тажиктер күйүүчү майды негизинен Казакстандын «Актөбөмунайгаз» фирмасынан сатып алышат.

Апрель айынын соңунда бул компания суюлтулган газды Өзбекстандагы Бекабад станциясына 105-125 долларга ташып келип турган. Бирок июль айынын биринчи чейрегинде бааны 350-380 долларга чейин көтөрүп жиберген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG