Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Тажик оппозициясынын адвокаттары соттолууда


Бузургмехр Ёров
Бузургмехр Ёров

Тажикстанда оппозициялык саясатчылардын укугун коргогон эки адвокаттын соту башталды.

Соттолуучу тарап тергөө одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтып, соттон акыйкат чечим чыгарууну суранды. Тажик бийлиги саясий оппоненттерин коркутуу, камоо, алардын жакындарын кордоо сыяктуу аракеттери үчүн эл аралык укук коргоо уюмдарынын сынына кабылып келет.

Прокурорлор эки адвокаттын тең күнөөсү толук далилденгенин, андыктан узак мөөнөткө эркинен ажыратуу туура болорун айтып, Бузургмехр Ёровду 25 жылга, Нурддин Махкамовду 23 жылга кесүүнү соттон өтүндү.

Алар Тажикстандын Кылмыш кодексинин 307 жана 189-беренелеринин негизинде «улут, раса аралык жана диний кастыкты козуткан, жек көрүүчүлүктү жайылткан, конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө аракет кылган» деген айыптар боюнча соттолууда.

Ёров менен Махкамовдун адвокаты Муаззама Кодирова ал коргоп жаткан жактоочуларга тагылган айыптын бири да суу кечпесин айтып, соттон акыйкат чечим кабыл алууну суранды. «Ушинтип эки белгилүү адвокатты экстремистке айландыруу кантип болсун!?» деди ал сотко кайрылып.

Кодирова тергөөнүн жүрүшүндө көптөгөн мыйзам бузуулар, катачылыктар кетирилгенин баса белгиледи.

Сотко айыпталуучу адвокаттардын жакындары да келишкен. Уулунун тагдырына сары санаа болгон Ёровдун апасы Хуринниса Исхакова да жүрөгү чыдабай келгенин айтып, адамдардын укугун коргогондон башка элине да, мамлекетине да зыяны жок баласына оор айып тагылып жатканын акыйкатсыздык деп атады:

- Эмне үчүн 25 жыл? Менин уулум эч кимди өлтүрбөсө, өмүр бою адамдардын укугун коргоо менен алектенип келатса… Ал өз мамлекетине душман эмес да!

Белгилүү адвокат Бузургмехр Ёров Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу» партиясынын саясий кеңешинин мүчөлөрүнүн жана жетекчилеринин, жалпысынан 13 адамдын кызыкчылыгын коргочу. Бул боюнча атайын комитет да түзгөн.

Күч кызматкерлери аны былтыр сентябрда кармап кеткен. 29-сентябрда Ички иштер министрлиги билдирүү таратып, «Ёров көз боемочулук кылган жана жалган документ жасаган» деген шек менен колго түшүрүлгөнүн жарыялаган. Эки айдан кийин ага тергөөчүлөр расмий айыбын тагып, баштапкы эки беренеден тышкары дагы үчүнчүсүн кошуп, «экстремисттик ишмердүүлүккө массалык чакырык жасоо» деген айып койгон.

Соттолуп жаткан адвокаттар аларга карата козголгон кылмыш иш саясий гана өңүткө ээ экенин, бийликтин каршылаштарынын укугун коргойбуз деп өзүлөрү ушинтип куугунтукта калганын айтууда.

Ёров менен Махкамовдун адвокаттарынын билдиришинче, сот өкүмү ушул жуманын аягына чейин жарыяланышы мүмкүн.

Былтыр 4-сентябрда борбор шаар Душанбеде бир нече жерде күч кызматкерлерине кол салуу болуп, сегиз милиционер өлтүрүлгөн. Бул бийликти басып алуу, куралдуу төңкөрүш аракети деп бааланып, уюштуруучу катары ошол кездеги коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзода атайын операция учурунда өлтүрүлгөн. Ага каржылык жактан көмөктөшкөн деген айып менен Тажикстандын «Ислам кайра жаралуу» партиясынын 13 мүчөсү камалган. Кийин алардын баары көп жылга соттолуп, партиянын ишмердүүлүгүнө расмий түрдө тыюу салынган.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму менен Норвегиядагы Хельсинки комитети Тажикстанда адвокаттардын камалышына камтама билдирип, бийликтен аларды бошотууну талап кылган. “Тажикстан: адвокаттарды бошоткула” деп аталган биргелешкен билдирүүсүндө 2014-жылдан бери бул өлкөдө кеминде беш адвокат - Шухрат Кудратов, Фахриддин Зокиров, Бузургмехр Ёров, Нуриддин Махкамов, Дилбар Додожонова жана дагы бир белгилүү адвокат Исхак Табаровдун уулдары саясий себептен улам камалганы айтылат.

Бийлик өкүлдөрү камалгандардын да, эл аралык уюмдардын да айткандарынын баарын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG