Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:28

Арызчылдыктын азабын тарткан карыя


Шамси Зариф облустук бийликке кезектеги арызын алып келди.
Шамси Зариф облустук бийликке кезектеги арызын алып келди.

Тажикстанда Советтер Союзу кулай турганын алдын ала көрөгөчтүк кылып айткан адам ушул кезге чейин расмий түрдө «акыл эси ордунда эмес» деп эсептелет. Бул сөзү үчүн ал учурунда төрт жылга кесилип, жазасын өтөп чыккан.

Куляб аймагында бийлик өкүлдөрү бул киши туурасында уккулары да келбейт. Ал эми карапайым калктын көпчүлүгү бул адамды жакшы көрөт.

Тажикстандагы Восе районунун тургуну Шамси Зариф азыр 75 жашта. Ал 1983-жылы Москвадагы Советтер Союзунун коммунисттик партиясынын борбордук комитетине кат жазып, элдин баарын дүрбөткөн эле. Зариф өзүнүн катында эгер Союздун саясаты өзгөрбөй турган болсо, он жыл ичинде бул мамлекет кулай турганын эскерткен.

Каттын азабынан ага “коммунисттик коомго ишеним артпай, коммунизм жолуна бут тосту” деген айып коюлуп, дароо камакка алынат. 1991-жылы чын эле Советтер союзу кулаган соң, Тажикстандын башкы прокуратурасы аны актап чыгат.

2002-жылы ал Тажикстандын президентинин атына кат жолдоп, анда балдардын төрөлүшүн азайтуу максатын көздөгөн «Үй-бүлөнү жөнгө салуу жөнүндөгү» мыйзамды “террорчулук жана тынчтык жолу менен жасала турган геноцид” деп атаган. Бул каты үчүн бийлик Шамси Зарифти эки жарым жыл түрмөгө отургузуп, кийин ага “акыл эси ордунда эмес” деген справканы карматып, эркиндикке коё берген.

Ошондон бери анын мыйзам бузган ар кайсы чиновниктердин жоруктары туурасындагы жазган каттарына эч ким көңүл бурбай, аларды оорулуу адамдын баш оорутмасы катары кабыл алып келе жатышат. Бирок Шамси Зариф кат жазуу адатын таштаган жок. Ал өткөн жылы эле көптөгөн чиновниктердин дарегине эки жүздөн ашык кат жолдогон.

Ал тажик президенти менен көзмө-көз сүйлөшкүсү келээрин, бирок президент алардын аймагына келген сайын өзү дароо үй камагына кабыларын белгилейт:

- Восе районунун жетекчисинин тапшырмасы менен прокуратуранын кылмыш бөлүмү президенттин иш сапары бүткүчө мени үй камагында кармашты. Ошол себептен мен президент менен жолугуп, ага мыйзам бузуулар туурасында айтып бере алган жокмун.

Восе районунун башчысы Султон Валиев Шамси Зарифтин айткандарын ырастап, “Улуу урматтуубуздун мындай киши менен жолугушуусуна жол бербейм” деп билдирди. Ал кийин дагы президент келе турган болсо, ушундай эле кадамга бара турганын эскертти.

Шамси Зарифтин студенттик жылдардагы курдашы Саид Рахмондун айтымында, бул сыяктуу оорулуу кишилер чындыгында эле коомго жат болуп калат.

- Ал акыйкатсыздыкты, мыйзам бузууларды чыдап карап тура албай ооруйт. Көпчүлүктүн ар кандай хоббиси бар эмеспи. Мисалы кээ бири ат чапканды, кекилик уруштурганды жакшы көрөт. Ал эми Шамси чындыкты жакшы көрөт. Ал бүт өмүрүн акыйкаттыкты орнотууга арнап койгон.

Куляб аймагынын карапайым тургундары Шамси Зарифти сыйлашат. Алардын бири Барот Сафаров райондун башчысы элдин кызыкчылыгын эске албай туруп, айылдардыгы базарларды жапканда жалгыз Шамси Зариф элдин таламын коргоп, толгон чиновниктердин эшигин каккылап жүргөнүн айтат.

- Ал бул боюнча макала жазып, жумалык гезитке чыгарган. Ошентип анын аракети менен базарлар кайра ачылган. Бирок ал мындан эч пайда издебейт, бирок ушинтип аракет гана кыла берет.

Шамси Зариф өңдүү адамдар коомдо аз эле болот. Жаш журналист Орзу Хамидов мындай адамдар пайдалуу иштерди жасап жатканына карабастан, жергиликтүү менталитет алардын аракетине бөгөт коё берет деген ойдо:

- Мындай «арызчы» болуш үчүн өзгөчө бир тайманбастык керек. Жергиликтүү менталитет мындай адамды кабыл алмак тургай, кайра айыптайт. Шамси Зарифтин ишин улантуучу табылат деп айтуу кыйын. Анткени жаштар арасынын бирөө жарым ушундай арыз каттарды жазчу болсо, аны бат эле соттоп жиберери бышык. Чын эле мындай коомдо кемчиликтерди жазып чыгуу үчүн жүрөк керек.

Шамси Зариф 1969-жылы Куляб пединститутунун орус филологиясы факультетин «кызыл диплом» менен бүтүргөн. Ал арыз кат жазууну – чыныгы адамдын милдети жана чындыкка жетүүнүн бирден бир жолу деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG