Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Йеменде тажик дарыгери уурдалды


Тажикстандык Гүлрухсор Рофиева 29-октябрда жумушка бараткан учурда белгисиз адамдар тарабынан уурдалган.
Тажикстандык Гүлрухсор Рофиева 29-октябрда жумушка бараткан учурда белгисиз адамдар тарабынан уурдалган.

Йемендин атайын кызматтары барымтага алынган тажикстандык дарыгерди бошотуу аракетин көрүүдө.

Гүлрухсор Рофиева үч күн мурда белгисиз адамдар тарабынан уурдалганы кабарланган.

Тажикстандын жараны Гүлрухсор Рофиева Йемендеги клиникалардын биринде акушер-гинеколог болуп иштечү. Ал 29-октябрдан бери белгисиз адамдардын туткунунда отурат. Йемен атайын кызматтары дарыгер жергиликтүү урууларга тез жардам көрсөтүү үчүн керек болушу мүмкүн деп болжолдоп жатышат. Учурда барымтадагы Тажикстандын жаранын бошотуу операциялары жүрүүдө.

Орусиянын Йемендеги «Здравэкспорт» компаниясынын өкүлү Манучехр Абдуевдин "Азаттыктын" тажик кызматына билдиришинче, Гүлрухсор жумушка бараткан учурда белгисиз адамдар тарабынан уурдалган.

Йемен, 30-октябрь, 2014-жыл
Йемен, 30-октябрь, 2014-жыл

36 жаштагы дарыгер келишимдин негизинде Мариб провинциясындагы аскер госпиталындагы аялдар бөлүмүндө иштечү. Йеменге келгенине эки жыл болгон. Абдуев дарыгерди бошотуу иштерине Тажикстандын Сауд Арабиядагы өкүлчүлүгү жана Мариб облусунун губернатору кошулганын билдирди.

- Азырынча дарыгердин кармалышы боюнча эч кандай талаптар айтыла элек. Аны тез жардам көрсөтүү үчүн алып кетиши мүмкүн деген версия да каралып жатат. Учурда дарыгерди табуу иштерине Тажикстандын Сауд Арабиядагы өкүлчүлүгү жана Марибдин губернатору да аралашты. Аялдарды уурдоо уят иш катары каралгандыктан бул окуя көп суроолорду жаратууда. 30-октябрдын кечинде коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү менен сүйлөштүм. Алар уурдалган Гүлрухсордун кайда экенин болжолдуу билишерин, бирок иликтөө-тергөө иштерине байланыштуу айта албай тургандарын маалымдашты.

«Здравэкспорттун» дагы бир өкүлү Анвар Шамсиддиновдун айтымында, Йемендин жергиликтүү салты боюнча, аялдарды уурдап кетүү уят иш катары каралат. Бул тууралуу маалымат каражаттары тажикстандык дарыгердин жоголушу боюнча чыккан кабарларында да ачык-айкын айтышууда. Бирок бийликке каршы чыккан оппозициялык уруулар чет элдик жарандарды барымтага алган учурлары кездешерин кошумчалады.

Шамсиддиновдун белгилешинче, кээде ар кайсы багыттагы медкызматкерлерди үйлөрүнө алып барып дарыланышып, кайра жумушуна жеткирип койгон учурлары да катталат.

Дарыгердин уурдалышына байланыштуу окуя 2011-жылы Тажикстандын өзүндө катталган. Өкмөт менен талаштуу маселелерди чечип алуу максатында Гиссар аймагындагы дарыгер Хомид Овчибоев барымтага алынган болчу. Ал 43 күн туткунда болгон соң бошотулган.

Учурда Тажикстандын канча жараны Йеменде жүргөнү тууралуу так маалымат жок. Бирок коомдук-саясий абал курчуган 2011-жылы бул өлкөдө медкызматкерлер жана анын үй-бүлөлөрү болуп 70тен ашуун жаран бар экени айтылган. 54 адам Йеменден Орусияга алынып келинген болчу. Кырдаал турукташкан соңку бир-эки жылда дарыгерлер Йеменге кайра кете баштаганы байкалган.

Йеменде Кыргызстандан барып иштегендер да бар. Тышкы иштер министрлиги алардын саны 20дан ашарын билдирген. Йемендеги мекендештерибиздин көбү келишим менен жеке жана мамлекеттик ооруканаларда дарыгер болуп иштешет.

Чет элдиктерди өзгөчө ислам согушкерлери жана уруулар тарабынан уурдоо Йеменде кеңири жайылган көрүнүш. Алар уурдалган адамдарды абактагы туугандарын бошотуу же социалдык тейлөөнү жакшыртуу үчүн пайдаланышат.

XS
SM
MD
LG