Окумуштуулардын изилдөөсүндө айтылгандай, 2023-жылдын июль айы метеобайкоо жүргүзүлө баштагандан берки тарыхтагы эң ысык ай болду. Быйыл Кыргызстанда дагы күн адаттан тыш ысып, айрым жерлерде сугат суу жетишпей калды.
"Глобалдык ысыктан - глобалдык кайноого"
27-июлда БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш “Дүйнөдө глобалдык жылуу доору аяктап, глобалдык кайноо доору башталганын” жар салды. Ал бул сөзүн Эл аралык метеорологиялык уюм жана Климаттын өзгөрүүсүнө байкоо салган Европа комиссиясынын Copernicus кызматы 2023-жылдын июль айы метеобайкоо жүргүзүлө баштагандан берки тарыхтагы эң ысык ай болуп каларын билдиришкенден кийин айтты.
Гуттерриш "климаттын өзгөрүшү менен күрөшүп, глобалдык аба температурасынын 1,5°C градуска көтөрүлүшүнө жеткирбөөгө азыр да мүмкүнчүлүк бар экенин" айтып, дүйнө лидерлерин кечиктирилгис чараларды көрүүгө чакырды.
Ушул тапта ысыктан улам бир катар өлкөлөрдө токойлорду өрт каптап, адам өмүрү кыйылган учурлар катталууда. Антарктиданын муз аянты быйыл болуп көрбөгөндөй тарып, тарыхый эң аз чекке жеткени белгилүү болду. Адистер акыркы 5500 жылда Антарктикада мөңгүлөр мынчалык тез эриген учур боло электигин белгилешет.
“Жылуу сызыгы” деп аталган бул сүрөттөн ХХ кылымдан бери Жер бетинин температурасы кандай өзгөргөнүн көрүүгө болот. Жыл сайын жердин орточо температурасын бир түс менен белгилеп, визуалдаштыруу идеясы Рединг университетинин климатологу Эд Хокинске таандык. Мында кызыл түстөр менен аба температурасы жогору болгон, ал эми көк түстөр менен төмөн болгон жылдар көрсөтүлгөн.
Глобалдык жылуу процессин электр энергиясын өндүрүүнүн же башка өндүрүш иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында абага бөлүнүп чыккан уулуу газдар, суунун туура эмес пайдаланылышы, бак-дарактардын азайышы, жашыл аймактардын кыскарышы тездетет.
Глобалдык аптаптын Кыргызстандагы эпкини
Дүйнөдө аба температурасынын орточо көрсөткүчү барган сайын жогорулап жатат. Албетте, бул Кыргызстанды да кыйгап өтпөсү анык. Соңку жылдары Кыргызстанда кышкысын кар адаттагыдан аз жаап, ал эми жай айларында кургакчылык, сугат суу көйгөйү жаралып жүрөт. Айрым аймактарда жайкысын ысык аптап адаттан тыш болууда.
Кыргыз гидрометеорологиялык борбору июль айында тропикалык аймактардан келген абанын агымынын эсебинен Борбор Азияда, анын ичинен Кыргызстанда аба ырайы ысык болгонун билдирди.
Кыргызстанда климат боюнча илимий изилдөө жүргүзгөн борборлор жок жана бул тармактагы адистердин жетишсиздигинен улам өлкө аймагындагы климатка көп жылдык мониторинг жасоо, климаттын өзгөрүүсүнө байкоо салуу иштери солгун.
Кыргыз гидрометеорологиялык борборунун метеорологиялык болжолдоолор бөлүмүнүн башчысы Нуризат Дооранова климат олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болуп жаткан чакта мындай борборлор өлкө үчүн маанилүү болмок деп эсептейт.
“Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча кандайдыр бир сунуштарды бергенге климат тармагындагы адистер абдан керек. Дыйканчылык кылган фермелер кээде зыян тартып калууда. Дыйкандар мурдагы тажрыйбасына таянып эле, үшүк жүргөн убакта эрте эгин эгип же туура келбеген түрүн эгип алып жапа чеккен учурлар бар. Кайсы убакта эгиндин же жер-жемиштин кайсы түрүн эгиш керек? Ушул боюнча маалымат бөлүшүп, сунуш берген адис керек. Бул азыр актуалдуу болуп турат”.
Ошентсе да Кыргызстандын климатына чама-чаркынын жетишинче байкоо салып, чакан масштабда изилдөө жүргүзүп жаткандар да жок эмес. Көп учурда климатка байланыштуу маалымат алууда Кыргызстан эл аралык же дүйнөлүк уюмдар жүргүзгөн изилдөөлөргө таянат.
Борбор Азиядагы Америка университетинин “Экологиялык туруктуулук жана климатология” факультетинин деканы, илимдин доктору Сагынбек Орунбаев студенттери менен биргеликте Кыргызстандын ар аймагындагы климаттык өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзүп, бул чөлкөмдүн келечектеги климаты боюнча изилдөөлөрдү жасашкан. Анын жыйынтыгына ылайык, кийинки он жылдыкта Борбор Азияда, анын ичинен Кыргызстанда азыркыдан да катуу ысык болушу күтүлөт.
“Биз жасаган изилдөөлөр көрсөткөндөй, 2030-жылы Борбор Азияда жана Кыргызстанда жылдык температуранын 1,2°C градуска ысышы күтүлүүдө. Бул абдан чоң көрсөткүч. Негизги жылдык өзгөрүү максимум 0,2-0,3°C градусту түзөт. Демек, күтүлүп жаткан көрсөткүч ченемден 5-6 эсе жогору”.
Ал эми экология жаатында көз карандысыз жана бейтарап илимий маалыматтарды жарыялап келе жаткан АКШнын мамлекеттик эмес Berkeley Earth уюму эгер Кыргызстан абага бөлүнүп чыккан көмүр кычкыл газы менен күрөшпөсө, 2100-жылы жылдык орточо температура азыркыдан 5,0°C градуска жогору болорун божомолдойт. Уюмдун изилдөөсүнө ишенсек, ушул тапта ар бир кыргызстандыкка 1,8 тонна көмүр кычкыл газы туура келет.
Бишкектеги ысык аптап
Ал ортодо Бишкек шаарынын тургундары быйыл шаар адаттан тыш ысып жатканын айтышууда. Бул жөнүндө талкууларды социалдык тармактардан күн алыс эмес табууга болот.
“Кыргыз гидромет” борбору абанын температурасы эң жогорку көрсөткүчкө 13-июлда жеткенин билдирди. Ал күнү абанын табы 39,9°C градуска жеткен. 18-26-июль күндөрү дагы абанын температурасы ушул чекке жакындаган. Ал эми Ош шаарында быйыл эң ысык күн катары 12-июль катталып, ал күнү аба табы 41,5°C градусту түздү.
Бул соңку жылдардагы орточо көрсөткүч. Акыркы он жылды салыштыра турган болсок, Бишкекте эң жогорку көрсөткүч 2015-жылы 16-июлда катталып, абанын температурасы 42°C градуска жеткен.
Ал эми метеорологиялык байкоонун тарыхындагы Бишкектеги эң ысык күн 1983-жылы 30-июлда катталган. Анда абанын табы 42,8°C градус болгон.
Кыргыз гидрометеорологиялык борборунун метеорологиялык болжолдоолор бөлүмүнүн башчысы Нуризат Дооранова расмий метеорологиялык сандар быйылкы жайдагы аптап соңку жылдардагы июлга мүнөздүү эле экенин көрсөткөнүн айтат.
“Орточо суткалык температура жогору көрүнүп жатат. Мындай ысык күндөр көпкө кармалып тургандыктан, өтө ысык болгондой сезилип жатат. Бирок абсолюттук рекордду жаңылаган жокпуз”.
Шаар аймагында катталган аба температурасы салыштырмалуу жогору болбогону менен, анын ысышына шарт түзгөн башка факторлор бар. Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун улук илимий кызматкери, биологиялык ар түрдүүлүк боюнча эксперт Дмитрий Милько шаар тургундарынын айлана-чөйрөгө карата мамилеси анын ысышына өбөлгө түзөт деген ойдо.
“Азырынча быйылкы жайдагы абанын температурасы көп жылдык орточо ченемден аша элек. Бирок миллиондон ашуун киши жашаган чакан шаарда буга адамдар да өз таасирин тийгизип коет. Ушул тапта шаардын жашыл аймагынын деградациясы байкалууда. Күн энергиясынын массасы менен шаар тургундарынын ортосунда климатты жеңилдетүүчү милдетти аткарган бак-дарактардын саны кескин кыскарууда. Анан да азыр кадам сайын сергитүүчү кондиционерлер кездешет. 100 чарчы метр бөлмөнү салкындаткан кондиционер сыртта 500 чарчы метр жерди ошол эле температурада ысытат. Анан эле сырт ысып жатат деп таң калабыз. Биз шаарды өзүбүз ысытып жатпайбызбы. Мындан тышкары, автоунаалардын көптүгү, күн нурун чагылдырган терезелери чоң бийик имараттар шаардын ысуусуна шарт түзөт. Ушул эле себептерден улам, кышкысын дагы шаардын айрым аймактары субтропикалык жерлерди эске салып калды”.
Ушул тапта миллиондон ашуун жашоочусу бар Бишкек шаарында болгону 250 миңдин тегерегиндеги гана бак-дарак бар: ар төрт кишиге бир дарак туура келет. Бул шаардын жалпы аянтынын 10 пайызына да жетпейт.
Шаардагы бак-дарактардын абалы жөнүндө бул жерден окуңуз:
Кыргызстан климаттын өзгөрүүсүнө кантип такаат берет?
Борбор калаанын жана жалпы өлкөнүн климаттык өзгөрүүгө туруштук бере алышы үчүн адистер жашыл аймактарды көбөйтүп, бак-дарактарга кам көрүүгө, суу ресурстарын туура пайдаланууга чакырышат.
Борбор Азиядагы Америка университетинин “Экологиялык туруктуулук жана климатология” факультетинин деканы, илимдин доктору Сагынбек Орунбаевдин айтымында, климаттын өзгөрүүсү менен азыртан күрөшө баштабаса, Борбор Азия чөлкөмү кийинки он жылдыкта табигый кырсыктардын чордонуна айланышы ыктымал.
Орунбаев абалдан чыгуунун негизги жолдорунун бири катары шаарлардагы жана өлкө аймагындагы сууларга, дарыяларга кам көрүүгө чакырат. Адис “суу агып өткөн аймакта биосфералык климат кармалып турарын” белгилейт.
“Шаардагы дарыялар - бул анын артериялары. Бизде шаарды кесип өткөн эки дарыябыз: Ала-Арча менен Аламүдүн бар. Биздин дарыялар кургап жатат. Жазында келген селдин кум-ташы менен таштанды эле бар. Эч кандай артериялык милдетти аткарган жок. Ташкент шаарын алып карайлы: Нарын дарыябыздан кеткен сууну алар ирригацияга, шаарын жашылдандырууга колдонот. Дарыяларында суу толо болуп турганы - сарамжал колдонуунун белгиси. А эмне үчүн биз Бишкектин ичин мындай кыла албайбыз?”
Шаар масштабында чакан дарыялар, ал эми тоолуу өлкө масштабында болсо чакан ГЭСтердин, суу сактагычтардын санын көбөйтүү менен Кыргызстан климаттын өзгөрүүсүнө такаат бере алат. Орунбаевдин айтымында, Борбор Азия чөлкөмүндө суу ресурстарын жөндөө (Water Resources Management) тармагы жолго коюлган эмес. Эгер бул тармакка тиешелүү көңүл бурулса, өлкө биосфералык аймакка айлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмок.
“Суу сактагычтарыбыз көп болсо, алар жай айларында бууланып, көтөрүлүп, кайра бизге түшүп, биосфераны жаратмак. Бул температуранын азайышына алып келмек. Ошол эле учурда мөңгүлөрдүн сакталып калышына да өбөлгө түзмөк. Бул боюнча атайын божомолдорубуз да бар”.
Июнь айында Кыргызстан экологиянын абалы боюнча дүйнөлүк рейтингде 180 өлкөнүн ичинен 126-орунду ээлегени маалым болгон. Йель университетинин алдындагы Экологиялык саясат жана укук борбору (Yale Center for Environmental Law and Policy) жыл сайын дүйнөдөгү экологиясы таза өлкөлөрдүн рейтингин түзөт.
Изилдөөдө өлкөнүн экологиясынын абалы жана 10 категориядагы 22 индикатордун негизинде жаратылыш ресурстарын башкаруу боюнча жетишкендиктер эске алынат. Ага экосистеманын жашоого жөндөмдүүлүгү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, климат да кирет.