“Биздин улуттук идеябыздын урааны: “Колдо болгон жакшы нерсебизге жараша жашоо! А бизде эмнелер бар? Биринчиден, дүйнөдөгү эң кооз тоолорубуз, тоо арасындагы өрөөндөрүбүз, асманда жаркырап тийген күнүбүз, мөңгүдөн шылдырап аккан тунук сууларыбыз, дарыяларыбыз, дары чөптөрүбүз, түркүн жан-жаныбарларга бай жаратылышыбыз бар... Экинчиден, 18 жашка чыга элек, али бузула элек наристе бойдон 2,3 миллиондой жаштарыбыз бар, алардын 70% элеттеги айылдарда жашайт”, - деп баяндаган Ташкул Керексизов “Эркин-Тоо” гезитинин 2020-жылдын 9-июнундагы санында.
Кыялында ишкер бардык региондордо тандалган айылдарда аз камсыз үй бүлөлөрдөн 30дай өспүрүм тандап алып атайын жамаат түзүп, ар биринин ата-энесинен беш сотыхтай жерди сурап алып, ал жерлерге балдар дары чөптөрдү айдап өстүрмөк экен. Талды-Сууда балдар дары чөп өстүрсө, Ак-Суу районундагы Бар-Булак айылында атайын тигүү цехи ачылып, Нарындын Дөбөлү айылында таптаза сары май, Сузакта бал өндүрүлүп, анын баарын Индияга экспорттоону алдын-ала макулдашып койгонун кошуп жазган экен Ташкул мырза.
Ошондой эң алгачкы “Шам-Бала” долбоорун салам деп, коронавирус жапырт жайылып, шаар-кыштактарда жуктуруп алгандар катуу оору менен алпурушуп, жүздөгөн кишилер өмүр менен кош айтышкан 2020-жылдын жай айларында Ташкул Керексизов эч жакка кетпей, Талды-Суу айылынын чет жагындагы карагайлуу тоодо жашап өткөзүптүр.
Бир ууч санаалаштары, темир, жыгач усталар, башка жумушчулар менен боз үйдө конуп-түнөп, алгачкы долбоорго көзөмөл салганын аларга үч ай бою тамак-аш даярдап берген ушул айылдык Рыскүл Сулайманова айтып берди: “Былтыр жайда июндун аягынан августтун аягына чейин эки ай бою ушул тоодо жашады Ташкул агай.
Айтымында, ушул жерге 13 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөрдү чогултуп, чет элдик саякатчыларга кызмат көрсөтүүгө, өзүлөрүнө бир аз акча тапканга үйрөтүп, башка да окуулар уюштурулмак. Агайга биздин айылдын мурдагы айыл өкмөтү, ушул жердик ишкер жигит жардам берип жүрүштү. Ташкул Керексизов быйыл ишке ашырам деген тилегине жетпей калганына аябай өкүнүп калдык”.
Ташкул мырзаны Талды-Суунун тоолоруна алып барып кызыктырып, жергиликтүү жаштар, жалпы жашоочулар үчүн пайдалуу боло турган ордо салууга үгүттөгөн азыркы маданият, маалымат, спорт жана жаштар министринин орун басары Канат Шабданбаевден “Шам-Бала” ордосу кандай максатта салынганын сурадык:
Былтыр мен Бишкектеги Спорт сарайына жетекчи болуп келгенде, ал жерде Ташкул Керексизов сүрөт тарттырган дубалдар бар экен. Ал дубалдарды бузуш керек болуп калды. Ысык-Көлдүн жээгинде “Рух-Ордо”, “Аалам-Ордо” жайларын салган чыгармачыл киши эмеспи деп алдынан өтүп койойун деп байланыштым. Дубалдар бузулган атат, кандай кылабыз деп сүйлөшүп калып, фантазиясы абдан күчтүү адам экенин түшүндүм. Кийин дагы жолугуп, маектешкенден кийин достошуп калдык.
Айылдагы балдар маселесине кайрылып калып, 13-17 жаштагы балдарды жумушка тарта албайбыз, бирок экологиялык жактан таза азык, дары чөптөрдү даярдап, чет элдик туристтерди тартып, айыл өкмөтүнө каражат түшкүдөй, элеттик жаш балдар кошумча өнөр, турмуштук илим-билим алгыдай ордо курсак деп макулдашып, бир жылча даярдандык. Ал кишиде деле, менде деле бизнес жок, каражаты бар досторубузга айтып, айылдык жаштарды көтөрөбүз деп айылдын четиндеги тоо этегине төрт боз үй курууга жетиштүү акча топтодук.
Ташкул Керексизов уста балдарды таап, айылга алып барып, курулуш иштерин, сүрөт тартып, кооздоо иштерин колго алды. Кээ бир сүрөттөрдү тартууга өзү да катышты. Бул киши бирөөнө сөз берсе, аны аткармайынча жаны жай албайт экен. Бул долбоор аягына чыга элек.
Былтыр август айында ошол жерде иштеген жамаатты узатуу аземин гана уюштурдук, пандемияга туш келип калбадыкпы. Азыр эми Ташкул агай күтүүсүз жерден жаман оорудан кетип калып, долбоорду аягына чыгаруу милдети бизге жүктөлдү. Агайдын пикирлештери, санаалаштары чогулуп, ал бүткөрбөй калган иштерди аягына чыгаралы деп талкуулап атабыз. Мен азыр Талды-Суудагы төрт боз үйдүн жанына тогуз чакан үйдөй курулуштарды орнотолу деп материал топтоп атам.
Сахнаны карап турган жерге ачык асман алдындагы театр сыяктуу жай куралы, электр тарталы деген пландар бар. Долбоорду башында “Шам-Бала” деп атап жүргөнбүз, кийин элге кызмат кылсын деп “Элим-Ордо” деп атайлы деп сунуштагам, өзү да макул болгон. Ошол жерде айылдагы жаштар, өспүрүмдөр чогулуп, алыс-жакындан келген саякатчыларды тейлеп, таза тамак-аш өндүрсө, андан түшкөн пайданын 10% айылдын казнасына түшмөк. Ташкул агай ушундай долбоорду Кыргызстандагы 300 айылга куралы деп пландап аткан.
Айылдагы балдар жайкысын үч ай бою кайда барып эмне кыларын билбей, үй чарба иштеринен тышкары жеке өнүгүү, ар кандай шык-өнөргө үйрөтчү лагер же кружоктордон четте калып атат деп ага айылдын ошол кездеги жетекчилери, бийик карагайлуу, жапжашыл тоолорго чет элдик саякатчыларды тартсак болобу деп кайрылган жергиликтүү билермандар болгон экен.
Талды-Суу айыл өкмөтүндө иштеген мурдагы жетекчилердин бири төрт айылды бириктирген аймакта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 200дөн ашуун мектеп жашындагы балдары бар экенин, алар чынында окуудан тышкары келечектен үмүттөндүргөн, өз жерин таанып-билип, кийинки жашоодо кандайдыр пайдалуу кесип, же иш табуу жагынан кеңеш албай, же кандайдыр жаңы өнөр үйрөнүү жагынан таптакыр четте калышканын айтып кейиди.
Убагында ушундай ойлорун айтып берсе, чыгармачыл ишкер ал ойду андан ары өркүндөтүп, өзү тааныган бир-эки чет элдик чоң бизнесменди алып барып, болочок долбоорду алар менен да жеринде талкуулаган экен.
Ыраматылык Ташкул Керексизов кыялдангандай, Кыргызстандагы 300дөй айылга элеттик балдарды окутуп тарбиялоо жайлары эми курулабы? Талды-Суудагы башында “Шам-Бала” деп аталган долбоорду Канат Шабданбаев баш болгон демилгечилер аягына чыгарса, балким жок дегенде дагы бир нече айылда ушундай жай пайда болгусу бардыр. Мектептен башка убакта үйдөгү чарбалык иштерден сырткары жаштарды чогултуп, жаңы өнөр, билим, тажрыйбага үйрөтүү демилгеси колго алынып кетсе, маркум Кересизовдун “айылдык балдар каралбай калды, алардын келечеги кандай болот?” деген суроосуна жооп да табылып калгысы бардыр.